You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ИИМ: Баткен облусунун аймагында коомдук тартип сакталып жатат
2021-жылдын 4-майына карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.
ИИМ тараткан маалыматка ылайык, бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери, ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө.
Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган буюм тайымдар эсептелип такталууда.
Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 47 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. Айрыкча Максат, Кулунду, Интернациональное, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдарындагы жана жалпы эле чек ара тилкелеринде жайгашкан айылдардагы ар бир келтирилген чыгымдар боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө.
Баткен облусундагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөп жатат.
"Тергөө топторуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, энергетика министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дагы кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда",-деди Сүйүн Өмүрзаков.
Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңда жабыркаган айылдарга таза суу жана электр энергиясын калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатканын билдирген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коогалаңда 78 турак-жай, андан сырткары эки мектеп, бир эмкана, үч чек ара бекети, бир бала бакча, сегиз дүкөн, 10 май куюучу бекет, милициянын бир имараты талкаланганын билдирген. Комиссиянын жыйынтыгы менен чыгымдардын анык суммасы белгилүү болот.