You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Улуттук илимдер академиясы биринчи жолу конституциялык макамга ээ болот
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт
Референдумда добуш берүүгө коюлган баш мыйзамдын жаңы долбоорунда көп өзгөрүүлөр бар, алардын бири Улуттук Илимдер Академиясына тийиштүү.
Биринчи жолу Конституцияда бул академиянын орду, милдети өзүнчө белгиленип, фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт деп жазылды. Улуттук илимдер академиясынын Конституциядагы каралган ордунунун мамлекеттик маанисин академиянын политология жана экспертиза борборунун башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев чечмелейт.