Матраимовго байланышкан сот чечимине реакция: Бишкектеги жүрүш

митинг

Сүрөттүн булагы, social media

Published

Жекшембиде Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте "Акыйкаттык үчүн" деп аталган тынчтык жүрүшү өттү. Анын катышуучулары Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасап, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимов боюнча чечимине нааразылык билдирип, аны камакка алууну талап кылышты.

Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Р.Матраимовду 260 миң сом айып пулга жыккан. Сотто анын тергөө менен кызматташканы, мамлекетке келтирилген 2 млрд сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун төлөп бергени айтылды. Сот чечими коомчулукта кызуу талкуу жаратып, сынга кабылды.

Кыргызстанда "Райым миллион" деп таанылган Райымбек Матраимов бажы кызматында көп жыл иштеген. Ал 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Анын ысымы коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аталып келүүдө. Бирок Матраимов жана анын жакындары бул дооматтарды четке кагып келди. Аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен мурда дагы Бишкекте митингдер өтүп, мурунку бийликке эң көп айтылган дооматтардын бири - "Райым миллионго" байланыштуу болуп келген. Иликтөөлөрдө көптөгөн фактылар аталып жатканына карабай мурдакы президент С.Жээнбековдун "факты" сурап, иш козгобогону нааразылыктардын негизги себеби болгон. Бийлик алмашкандан кийин Р.Матраимов кармалып, ага коррупция боюнча айып тагылды.

"Раим миллион" маселеси 2018-жылы А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун ортосундагы тирештин дагы бир себеби болгону бегилүү. Серепчилер азыркы бийликтин дагы "баш оорусу болоорун" айтууда. Ошондуктан бажыдагы коррупция боюнча айтылган сындарга бийлик ачык жооп берип, адилет тергөө жүргүзүшү керек дейт айрым саясат талдоочулар.

"Биринчиден, жоопкерчиликке бир гана Р.Матраимов тартылып жатат. Ал эми биз билгенден аны калдайган мамлекеттик машине колдоп келген. Айып пул бир гана ага берилип, жабылуу аяк жабык бойдон калды. Башка бирөө жаза тарттыбы?! Демек коррупциялык схема ошол бойдон калды. Экинчиден, коррупция коомубуздун рак оорусу. Калктын үчтөн бири жакыр, бир миллиону четте тентиген, мугалим менен врач 4000-5000 сом алган өлкөдө, ушундай масштабдагы жемкорлукка уруксат берүү бери келгенде эле чыккынчылык, өз элине кыянаттык. Рак шишигин алып салбасак өлкөбүз оңбойт. Билим берүү, саламаттык сактоо кыйраган, укук сакталбаган жунглиге айланабыз. Үчүнчүдөн, коррупция менен чынында күрөшкөн кээ бир укук коргоо өкүлдөрү да үмүтүн жоготот. Мисалы, былтыр куугунтукка чыдабай качкан чек ара офицерлеринин тагдыры эмне болду?!",-деп жазды акцияга катышкандардын бири, саясат талдоочу Руслан Акматбек.

митинг

Сүрөттүн булагы, social media

Акция өтөөрдөн бир күн мурун президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берип, Р.Матраимов маселесине токтолду.

"Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп турушу керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, «Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула» деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт",-деп айтты.

митинг

Сүрөттүн булагы, social media

Бажыдагы жемкорлук боюнча бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн журналист Али Токтакунов:

"Антикоррупциялык жүрүш тынч өттү. Бийлик Райым баштаган коррупционерди коргобосун, жоопко тартсын, уурдалган эл ырыскысын толук кайтарсын деген талаптар коюлду. Коррупцияга, акыйкатсыздыкка каршы күрөш токтобойт!",-деп жазды өзүнүн коомдук сайттагы баракчасына митингден кийин.

2020-жылдын декабрында АКШ Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы "кара тизмесине" киргизди. "Магнитский акты" боюнча кара тизмени АКШнын Каржы министрлиги түзөт. Матраимовдун жубайы дагы бул тизмеге киргенин мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына жазып чыккан.

Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова тууралуу буга чейин Factcheck.kg сайты иликтөөсүн жарыялап, коомдук сайттарда жарыяланган сүрөттөр аркылуу өтө кымбат жана асемдүү буюмдарын, мүлктөрүн эсептеп чыкканы бар. Маселен, иликтөөдө кол саатынын баасы эле 2,6 млн. сомго бааланганы айтылган. Иликтөөчүлөр сүрөттөр аркылуу талдоого алынган буюмдардын жалпы баасын 24 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деп белгилешкен. Бирок Матраимовдун жакындары коррупция боюнча айтылган айыптоолордун баарын кескин четке кагып келүүдө.

"Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматка кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек",-деген Матраимовдун бир тууганы ЖК депутаты Искендер Матраимов жергиликтүү басылмаларга буга чейинки маектеринде. (AbA)