Жээнбеков-Атамбаев: кимдики жүйөөлүү

Published

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жергиликтүү "Апрель" телеканалына берген кеңири маеги Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгү чоң талкууларга себеп болуп калды. Мурдагы президент өзүнө байланышкан бир катар сын-пикир, коомчулукта айтылып жаткан дооматтар боюнча жооп берип, учурдагы өлкө башчысы менен болгон мамилесин ачык айтты.

Президенттик шайлоодон толук бир жыл өткөндөн кийин, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Атамбаев ортосундагы пикир келишпестик коомчулукка белгилүү болуп калды. Экөө тең соңку аптада жергиликтүү ММКларга кеңири маек берип, коомчулуктагы көп жоопсуз суроолордун башын ачты.

Жээнбеков-Атамбаев:

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Жээнбеков: «Бектер кетет, эл калат»,

Өткөн апта соңунда президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине кеңири маек берди. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип жатып, "мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт" деп айткан.

Сооронбай Жээнбеков: «Кыргыз көчү жолун улайт» деген ууран менен чыкканмын. Бул жол жеке меники да, сиздики да, же дагы бирөөнүкү да эмес. Бул жол өлкөнүн, нечен кылымдык тарыхы бар элдин, улуу кыргыз элинин көчү. «Бектер кетет, эл калат», ал эми көч улана берет. Дал ошол жолду мен улап баратам жана улай бермекчимин. Акыркы жолу мурунку президент менен 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканбыз. Анда төрт сааттан ашык сүйлөштүк. Андан кийин жолуккан жокмун. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)

Алмазбек Атамбаев: Билесиңерби, мен шайлоо кампаниясынын реалдуу демөөрчүсү тууралуу билер замат, биз ноябрдын соңунда көп сүйлөштүк. Анан, албетте, 29-мартта ага эскерттим: "Бул канчалык олуттуу экенин сен аңдабай жатканыңды түшүндүм. Сөзсүз курултайда сенин иниң Асылбек Жээнбеков парламентте калбашы керектигин айтам. Ошондой эле "Раим миллион" сыяктуулар менен дос болгон болбойт жана ага өзүңдү милдеткер сезбе, ЖЭБ авариясы үчүн күнөөнүн баарын Сапар Исаковко жүктөп, аны күнөлүү кылба". Ал бул тууралуу абдан жакшы билген. (Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинен)

line
Жээнбеков-Атамбаев:

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

line

Экс-президент Атамбаев: коррупцияга каршы күрөшсөң, досторуңдун арасында "Раим-миллион" болбошу керек

Сооронбай Жээнбеков: Анын 31-мартта айткандары мен үчүн күтүүсүз болду. Ал мени жемкорлукка, ЖЭБдеги кырсыкка айыптады. Партиянын съездине Ош облусундагы партия бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да оор учурда жанында болушкан. Мен кескин өзгөрүүгө абдан таң калдым. Мен аны менен айрылыш жолго түштүм деп эч качан айткан эмесмин. Ооба, биз бир партияда көп убакыт бирге болдук. Бирок, мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт. Анын эмнеге умтулуп, эмне максатты көздөгөнүн түшүнө албай койдум. «Досум», «партиялашым» дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)

Алмазбек Атамбаев: Мен үчүн негизги багыт - демократия жана коррупция менен күрөш. Эгерде сен коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатсаң, сенин досторуңдун арасында "Раим миллион" болбошу керек. Бул биринчи кеңешим эле. Ушул аны таарынткан окшойт. "Президенттин жакын тууганы катары Асылбек Жээнбековдун депутат бойдон калышы - Сооронбай Жээнбековдун имиджине тескери таасирин тийгизет",-деп айттым. Борбор шаардагы ЖЭБ авариясы боюнча айтканда, бардык тендерлер, кышка даярдык премьер-министр Жээнбековдун командасы тарабынан болгонун айткамын. Премьер-министр Жээнбеков эле, энергохолдинг, электр станциялар, ЖЭБ - баары анын колунда болчу. Мына ушундай нерселер болгон, кайдагы айыптоолор...

…бул эскертүү болгон. Мындан ары бул жол менен кетпесин деп ...

Билесиңерби, курултайга делегаттар гана киргенге укуктуу. Башка маселе, жашырбай эле айтайын, ага-ини Жээнбековдор тарабынан курултайды үзгүлтүккө учуратуу үчүн команда даярдалган, аларды мурда ОБОН деп аташчу. Алар, албетте, киргизилген жок. Бирок бардык облустардан делегаттар курултайга катыша алышты. (Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинен)

line

Сооронбай Жээнбеков: Ал ортодогу 20 жыл тууралуу көп айтат. Мен деле ошол учурда жөн эле отурган жокмун да. Биз партиялаштар менен биргеликте партиянын позициясын Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде бекемдөө менен алек болдук. Кыйын учурда, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы тоскоолдуктарды жеңүүдө мен дайыма жанында турдум. Керек болсо жанында киши калбай калганда, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай мен жанынан карыш жылган эмесмин. Ал тургай андан баары качып кеткен күндө дагы, менин үй-бүлөмө, туугандарыма жана өзүмө коркунуч туулуп жатканда дагы аны менен бирге болуп, 2009-жылы штабын жетектедим. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)

Алмазбек Атамбаев: Мен жөн гана фактыларды келтирейин. Биз Сооронбай Жээнбеков менен 24 жыл дос болдук. Колхоздун жететкчиси болгон депутат Жээнбеков эсимде. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон. Ал эми анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам. Ал үч жолу депутат болуп, эки жолу спикер болду. Сооронбай Жээбековду президенттикке чейин жеткирдим. Улуу агасын менимче, эки жолу элчи кылып дайындадым...

(Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинен)

Жаңы шайланып келген президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Алмазбек Атамбаев узак жылдар саясатта үзөңгүлөш жүргөн.

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN

line

Сооронбай Жээнбеков: Укук коргоо органдарында ЖЭБге байланышкан ишке карата кылмыш ишин козгоо үчүн, жетиштүү негиздер жана себептер болду. Кылмыш иштери көлөмдүү. Мамлекетке келтирилген чыгым өтө чоң. Көптөгөн коррупциялык схемалар аныкталды. Иш чачтан көп, кылмыш иштери боюнча тергөө топтору эмгектенишүүдө. Керектүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Сиздер билгендей, соттук-курулуш экспертиза жана аудитордук текшерүүлөр кыска мөөнөттө эле бүтүп калбайт. Баардык кылмыш иштер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтөрүнө ишеним артам. Учурда жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн объективдүүлүгүнө кандайдыр бир ишеним көрсөтпөөгө негиз жок. Мен азыр сиздерге баардык маалыматты ачык айта албайм. Бирок, мага белгилүү болгон жагдайларга караганда иштин түбү терең. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)

Алмазбек Атамбаев: Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов эмнеге камалганы тууралуу, чынын айтайын. Анткени, Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчүнө карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып: "Мага кечээ жана түндөсү Сооронбай Жээнбеков чалып, Райымдын кызматтан алба деп суранып, жалдырап жатат" деп айткан. Сапар аны укпай койгону үчүн камалды. Ага Жээнбеков "эртең эле президент болом, эртең инаугурация" деп айткан. Бул Матраимов үчүн сапар Исаковдон өч алуу. Ал эми Кубанычбек Кулматовду эмнеге камашты? Анткени ал бажы тармагын Райымдын кишилеринен тазалай баштаганы үчүн камалды. (Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинен)

line

Сооронбай Жээнбеков: 2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет. КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия жана Алмазбек Атамбаев үчүн оор жылдары таяныч болуп туруп беришкен. (Булак: 24.kg маалымат агенттиги)

Алмазбек Атамбаев: Ал эми 2010-жылы болсо Жээнбеков ошол эле Мелис Мырзакматовдун катарында кунарсыз көлөкө сыяктуу эле көрүнүп турчу. Ал көлөкө бирөөлөрдүн кең далысынын артына жашырынып келген. Июнь окуяларында ал өмүрүн тобокелге салгандыгы тууралуу...мага кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү жана өзбек коомчулугунан Жээнбеков тууралуу бир да жолу айтышкан эмес. Ал болбогон сыяктуу. (Кыргызстандын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинен)

*