Төрткүл суу сактагычынын чыры

Published

Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу өкмөт башчы Улукбек Марипов билдирүү таратып, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү бурмаланышы мүмкүн экенин айтты. Ага карабай активисттер Бишкекте каршылык акциясына чыгышты.

Марипов өкмөт башчылыкка талапкер катары дагы, Кыргызстандын мекенчил жараны катары дагы бир маселени айтып коюу ниети болгонун билдирди.

"Муну ошол жерде жашаган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айылындагы, Ак-Сай айылына кошуна турган, башкы суу тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы тууралуу, андан сырткары Ак-Суу дарыясы тууралуу сөз болгон. Менин ниетим ушул болгон. Бирок тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөмүн. Менин оюмча, ушул маселени биз келечекте биздин өлкөнүн кызыкчылыгына, мыйзамдын чегинде чечүүбүз зарыл", - деди Марипов өкмөттүн расмий баракчасы 7-февралда тараткан видео кайрылууда.

Баткендин жергиликтүү тургундары буга чейин Мариповдун сөзү тууралуу түшүндүрмө талап кылышкан эле. Анын билдирүүсүнө карабай бүгүн айрым жарандар Бишкекте да каршылык акциясына чыгышты.

Суу сактагычтын өзү Баткен шаарынын четинде жайгашкан. Ага куйган канал Баткен районундагы Көк-Таш айылынан жакын өтөт. Ал канал Тажикстанга кирип кеткен Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп келет. Ошол жерди башы, "головной" деп коюшат. Көк-Таштын айыл башчысы Разия Өсөрова билдиргендей, ал жерди кыргыз аскерлери кайтарып турат.

"Премьер-министр туура эле айтты. "Головнойдон" 500 метр жогору карай тажиктер канал казган. Мен аны өкмөткө канчадан бери эле айтып келатам го. Кайырма каналды тажиктер салганына төрт жыл болду. Бирок ал ишке кирген эмес, казылган, бетондолгон эмес. Ошону иштетип алышса бизге көйгөй жаралат деп айтып жүрөм. Ал канал эгер иштечү болсо андан бери эч кимге суу жок болот", - дейт Өсөрова.

Анын маалыматына караганда, ишке кире элек Кайырма каналдын көлөмү 35 куб.

Жергиликтүүлөр Баткендин облустук администарциясынын алдына ушул маселени тактоону талап кылып 5-февралда митингге чыгышкан. Алардын билишинче, суу сактагычтын каналынын башы Кыргызстанга тиешелүү, ошондуктан өкмөт башчыдан сөзүн артка алууну да талап кылышты. Баткен шаарынын жашоочусу Чыңгыз Көлчиев адамдар тынчыганын, бирок сарсанаа болуп турушканын айтты.

"Премьер-министр Мариповдун "головнойду" дагы алдырыппыз дегенине эл арасында чуу чыкты. Бирок кечээги айтканы туура эле. Андан дагы жогору жагында тажиктер мурда канал казган. Бирок биз өкмөттүн жообуна канааттанган жокпуз, тынчсызданып турабыз. Бизге эч кандай документ көрсөтпөсө, балким өтүп кеттиби, дагы качан чыр чыгат деп тынчыбыз кетет. Чыр-чатактардын көбү суу, канал, жол, майда курулуштардан пайда болот. Бул жерде баары шахмат түрүндө жайгашып калган. Жазда арык казышканда сен мен тарапка өтүп кеттиң дешет", - деди Көлчиев.

Мамлекеттик чек араларды тактоо комиссиясын мурда көп жыл жетектеген Саламат Аламановдон Төрткүл боюнча сурадык.

"Бизде бир жаман адат пайда болду. Билген киши да, билбеген киши деле өзүнүн оюн айтат. Ал жалган болуп калабы дебейт. Менин билишимче, ал жерде маселе жок. Канал толугу менен биздики болуп эле жүрчү. Эми мен үчүн да табышмак болуп калды. Анализдерди угуп, сүйлөшүү жүргүзүп жаткан адамдардын комментарийлерин укканда мурдагыдай эле биздики экен деген ой калды. Азыр бул ишти жасап жаткан адамдар андай калпыстык кетирбейт", - деди Аламанов.

Өкмөттүн аппараты бул боюнча 4-февралда түшүндүрмө берген. Ага ылайык каналдарга суу бөлүштүргөн жай, башкача айтканда, суу сактагычтын башы Кыргызстанга тиешелүү.

Маселе Мариповдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып жатканда, ЖКнын трибунасында башталган. Улукбек Марипов чек ара райондорундагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатып каналдын башын коңшу өлкөгө "алдырганын" айткан.

"Баткенде Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар", - деген өкмөт башчы 3-февралда.

Марипов 7-февралда кошумчалагандай, Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу тосмосу боюнча өкмөттүн өзгөчө ой-пикири бар.

Аталган каналдын башында 2014-жылдагы чырда эки тарап ок атышып, тажик тарапта бир киши өлгөнү кабарланган, бир нече киши жаракат болгон.

Кыргызстандын чек арасында эң көп такталбаган тилкелер Тажикстанга туура келет. Талаштуу жерлерде чыр-чатактар чыгып келет. 2019-жылы 14 ок атышуу менен коштолгон чыр чыгып, эки тараптан жети адам каза болгон жана жаракат алгандар катталган. Конфликт көбүнчө жазда күч алат. Өсөрованын маалыматына ылайык, Төрткүлгө куйган каналдын көлөмү 25 куб чамасында. Расмий маалыматка караганда, Төрткүл аймактагы 11 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылат, көлөмү 90 млн куб. Суу сактагыч 1972-жылы курулган.