You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Эмне нацист болуп атасың”: Бишкектеги тейлөөнүн тилиндеги түшүнбөстүктөр
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
- Published
Кыргызстанда негизинен тейлөө тармагы кыргыз жана орус тилдеринде иштейт. Бирок эки тилде катар тейлөө бардык жерде бирдей эмес. Баш калаа Бишкекте дүкөндөр, кафе-ресторандар, дарыканалар жана башка тейлөө жайлары кардарларга көбүнчө орус тилинде кайрылышат. Алар мамлекеттик тилде тейлөө жүргүзбөгөндүгү үчүн эң катуу дегенде эскертүү гана алышы мүмкүн.
Бишкекте коомдук жайларда орус тилдүү кызматкерге туш келсең орусча, кыргыз тилдүүгө туш келсең кыргызча тейлейт. Мисалы, райондук салык кызматынын кызматкери менин кыргызча сурап жатканыма карабай, мага баары бир орусча жооп бере берди.
Сыртка чыгып, жакын турган дунган кафесине кирдим. Ал жерде ошол көрүнүш кайталанды.
Бешинчи троллейбуска түшүп, бир-эки көчө жүрдүм. Аялдамалар эч кандай тилде жарыяланган жок. Бир маалда бир кыз кирип, жүргүнчүлөргө "Тулпар" транспорттук картасын алгыла, ал колдонууга ыңгайлуу" деп орусча кулактандыруу жасап коюп чыгып кетти. Кыргыз тилдүү жүргүнчүлөр үчүн кыргызча кайталап коюу анын оюна да келген жок окшойт.
"Тулпар" транспорттук картасын тараткан компаниянын өкүлү "түшүнбөсөңөр кыргызча сураш керек болчу" деп жооп кайтарды. Демек, түшүнбөгөн учурда гана кыргызча жооп айтып кызмат көрсөтүшү мүмкүн, башка учурда ал принципалдуу маселе эмес.
Шаардын чок ортосундагы "Народный" дүкөнүндө кассадагы кыздар тыпылдап орусча да, кыргызча да тейлеп жатышты. Көрсө, бул жерде жумушка тандаганда жана окутуп жатканда эки тилди билишин талап кылышат экен. Дүкөндүн менеджери менен ал кампада товарларды кабыл алып жаткан жеринен учкай сүйлөштүк.
"Бизде сатуучуларды окуу борборунда эки тилде үйрөтөт. Бизде "Тейлөө стандарты" деген жазылат. Сатуучуларга жана кассирлерге өзүнчө. Ошол тейлөө стандартын эки тилде жаттаттырат. Биз өзүбүз да тийиштүү көрсөтмөлөрдү берип турабыз. Эгер сага кыргызча сүйлөп баштаса, анда кыргызча жооп бер деп айтабыз. Эгер орусча сурап же орус улутундагы агай же эже экени көрүнүп турса, орусча жооп бер дейбиз. Бизде кардардлар менен түшүнбөстүк көп болот. Кыргыз экенин көрүп, кыргызча сүйлөп баштасаң, "мен орусча сүйлөп атам, демек мага орусча жооп бер" деп талап кылгандар болот. Же тескерисинче, орус адамы келип калса, ага кыргызча сүйлөсөн, анда "сен кыргызча сүйлөп эмне мага нацист болуп атасың" деп да доомат кылышы мүмкүн",-дейт Махабат.
Кыргызстанда баш мыйзам боюнча мамлекеттик тил кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тилдин макамында. Мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик тилди билсин деп мыйзамдык талап коюлуп, айрым бир деңгээлде көзөмөлгө алынып баштаган. А бирок тейлөө тармагында бул орчундуу маселе эмес. Кайсы тилде тейлөөнү кызмат көрсөткөн тарап өзү билет. Ал мамлекеттик тилде тейлебей койгон болсо, ага эчтеке болбойт.
"Биз эскертүү менен чектелип калабыз",-деди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматтык талдоо бөлүм башчысы Супатаева Альфира.
Нотариалдык кызмат көрсөтүү жагынан бир мисал: Бир жылдык кызмат көрсөтүүдөн өткөн жети миңдей документтин 99% орус тилинде катталганы аныкталган.
"Анын себеби, кээ бирөө инерция менен барып ал жерде орусча сүйлөп атса, унчукпай жазган документин ала берет. Кээ бирөөлөр барып, атайы орус тилинде сурашат экен. Анткени, нотариалдык конторадан алган кагазды соттон же башка тиешелүү тараптан орусча сурашат экен",-дейт Альфира.
Ошентип, тейлөө тармагында тил маселесинде азыр анчалык деле катуу талаптар жок. Баш мыйзамда каралган эки тилдин кайсынысы кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу болсо, ошол тилде жүрө берет. Бул көрүнүшкө көпчүлүк көнүп да калгандай.