Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев катыша турган болду

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK
Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сот ишине кайра катыша турган болду. Июндун башындагы Биринчи май сотунда болуп жаткан сот жыйынында Атамбаев башка соттолуп жаткандар менен айнек тосмонун артында кошо отуруудан баш тарткан. Сот териштирүү бүтмөйүнчө аны жыйынга катыштырбоо чечим кабыл алган эле.
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президентти дагы сот жараянына алып келүүнү өтүнүп, сот аны канааттандырды. Мындан ары Атамбаев соттук териштирүүгө келиши мүмкүн. Бул тууралуу Атамбаевдин партиясынын мурунку басма сөз катчысы, айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева "Фейсбук" баракчасына жазды. Кийинки соттук отурум 2-октябрда болот.
Кой-Таш жаңжалы боюнча Биринчи май сотунда болуп жаткан 1-июндагы сот жыйынында Атамбаев башка соттолуп жаткандар менен айнек тосмонун артында кошо отуруудан баш тарткан. Анын адвокаты Замир Жоошев мурунку президент так ушул иш боюнча камакка алынган эместигин, ошондуктан ал тосмо артында болушу керек эмес деп түшүндүргөн эле.
"Судья Алмазбек Атамбаевди айнек тосмонун артында отурсун деп буйрук берди. Судьянын бул көрсөтмөсү мыйзамсыз деп эсептейм, анткени Атамбаев Азиз Батукаевдин бошотулганы жөнүндөгү иш боюнча камалган. Ал эми бул иш боюнча ал адвокаттары менен бирге эркин отурушу керек эле. Атамбаев ден соолугу жакшы эместигине байланыштуу торго отуруудан баш тартты. Судья аны ошондуктан өкүм чыккыча чыгарып жиберүүнү чечти",-деген эле юрист.
Судья Атамбаевди сот залынан чыгарып жиберип, анын сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
Мурунку президент бир нече кылмыш иши боюнча айыпталган. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы жөнүндө иш боюнча соттук териштирүү болуп, Атамбаев мүлкү конфискацияланып, 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле шаардык сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кой-Таш жаңжалы боюнча соттук процесстер өтүп жатат.


























