ИИМ: Москвада кыздарды жазалоо тууралуу чакырык жасагандар кечирим сурады

тасмадан алынган кадр

Сүрөттүн булагы, screenshot

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, кечээ күнү Орусия баш калаасындагы Кыргызстандын элчилигинде диаспора жетекчилери жана активисттердин катышуусу менен жолугушуу өткөнүн кабарлады.

"Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуя боюнча туура маалымат жеткирилди. Андан соң, катышуучулар кайрылууларды жасап, жаштарды социалдык тармактарда жана ар кайсы мессенджерлерде улуттар аралык чыр-чатакты козуткан орунсуз билдирүүлөрдү токтотуп, улуттук маселелерге тиешелүү болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышып, жаш муундарга мындан ары түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшөөрүн айтып өтүштү",-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле "чет өлкөлүктөр менен жүргөн Москавадагы кыргыз кыздарды" жазалоого чакырган кыргызстандык мигрант балдар аныкталды, деди милиция.

"Б.Б. менен А.А. социалдык тармактарда этиятсыз айтылган билдирүүлөрү үчүн Кыргызстандын элинен ачык түрдө кечирим сурашып, күнөөсүн моюндарына алышты. Андан соң аларды Орусиянын Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборуна Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн чакырылды",-деп ырастады кыргыз милициясы.

Мындан эки күн мурун интернеттеги коомдук сайттарда Орусиянын Москва шаарында бир топ кыргызстандык мигрант балдар жыйналып, "башка улуттар менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалаш керек" деген чакырыгы тараган. Кыргызстанда бул тасманы бир топ колдонуучулар бөлүшүп, зомбулукка чакырык салгандарды жазага тартууну талап кылышты.

Мындай чакырык жасаган эки кыргызстандыкка эскертүү берилди деди укук коргоо органдары. Эске сала кетсек, мурда дагы Орусия аймагында өздөрүн "патриот" атаган кыргызстандык мигрант балдардын кыздарды сабаган окуясы интернетке тарап катуу чуу чыккан. Көптөр бул сыяктуу зомбулуктардын көбү жазасыз калганын айтып келишет. Анткени көп учурда зомбулук көргөн кыздар милицияга арыз жазуудан баш тартат.