"Ишкерлер элге, мамлекет ишкерлерге кол кабыш кылыш керек"

Published

Эпидемиологиялык кырдаал күчөгөндөн бери ишкерлердин иши басаңдады. Өкмөт орто жана чакан бизнеске жеңилдетилген кредит берээрин май айында жарыялаган.

Ош шаарында эмеректерге матраc чыгарган цехтин ээси Абдыкерим Ирисмаматов кырдаал курчугандан бери заказ кескин азайганын айтат. Оор учурда кызматкерлери жумушсуз калбаш үчүн жана оорунун алдын алуу максатында аларды эки топко бөлүп, он беш күндөн гана иштетип жатат.

Ишкер кредит төлөйт. Дээрлик жыл башынан эле жумушу солгун болгондуктан өкмөттүн жеңилдетилген кредитине жетүүгө аракет кылууда.

"Мамлекеттен жардам болсо, жок дегенде мурдагы кредиттерди жеңилдетсек же мурдагыдан арзаныраак пайыз менен берилсе бизнести кайра каржыласак жакшы болмок. Ай башында кайрылып көрдүк, келе элек дешкен. Бирок мен мурда кредит алган "Оптима банкка" кечээ эле төккөнү бардым, аларда жок экен", - деди Ирисмаматов Би-Би-Сиге.

Өкмөт экинчи антикризистик планын май айында жарыялап, биринчи баскычта берилчү каражаттын жалпы суммасы 14 млрд сом деп кабарлаган. Ал эми 2021-жылдын аягына чейин ишкерлерге 40 млрд сом кредит бермек.

Бизнестин көп түрү марттын аягынан тарта эки айга жакын токтоп турса, кафе-ресторан сыяктуу такыр жабылып калган тармактар да бар.

Ал эми эпидемиологиялык абал курчугандан бери жалпы активдүүлүк түштү.

JIA бизнес ассоциациясынын Оштогу өкүлү Аззамбек Жээнбай уулу биринчи карантин менен азыркы абалдын ортосундагы кыска убакытта бизнес калыбына келе алган жок деди.

"Эки карантиндин ортосунда эч канча убакыт өткөн жок. Соода, кийим-кече сатуу жана курулуш тармагы бир аз жандана баштаган. Эми кайра дээрлик бардык тармактын жумушу басаңдады. Толук иштеп жаткан тармак жок десе болот. Анткени эл эпидемия жакын арада бүтпөй турганын түшүнүп, акчасын үнөмдөп жатат", - деген Аззамбек Жээнбай уулу дээрлик ар бир ишкердин кредити болгондуктан, мамлекет тарабынан колдоого муктаж экенин кошумчалады.

Ал пандемиянын айынан көп бизнестин актуалдуулугу жоголгонун белгиледи. Ишкерлер азыркы кырдаалдан чыгууга мамлекетке, абал жеңилдегенден кийин мамлекет бизнеске көмөктөшүш керек деп эсептейт Жээнбай уулу.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөзүнө караганда ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн банктарга акча таратылды. Ал бул тууралуу сырттан келген каражаттардын отчетун берип жатып билдирди.

"Биринчи транш менен миллиарддан ашык акча которулуп, экинчиси дагы ойнотулуп бүттү, ага да акча каражатын бергени турушат. Катышкан беш-алты банктан ишкерлер жеңилдетилген кредитти алып, токтоп калган же кыйынчылыкка туш болгон бизнесин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Акыркы келген акчалардан дагы 121 млн долларды бизнести колдоого жумшоону пландап жатабыз. Бул маселе бүгүн-эртең чечилет", - деди Боронов.

Жеңилдетилген кредит негизинен өндүрүшчүлөргө, кайра иштетүүчү жана азык-түлүк багытына, медициналык каражат чыгарган ишканаларга берилет.

Ал 4-8% менен, 3, 5, 7 жылга берилет. Бир жылдан бир жарым жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралат. Бирок 8%га чейин берген банктар тууралуу маалымат азыр жок, айрымдары 10% менен бере баштаганы айтылууда.