You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Жээнбеков чек ара жаңжалында ок тийген жоокерлердин абалын сурады
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн апта соңундагы Баткен аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалын сурады.
Чек арадагы ок атышуу маалында жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланууда.
"Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди",-деп жазды президенттин расмий сайты.
8-май күнү Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районунун Чек деген жеринде кыргыз-тажик жарандары 50 сотых жер талашып, чатакташа кеткенин билдирген эле. Талаштуу тилке такталбаган аймакта саналганы менен аны кыргыз тарап пайдаланып келген, деп айтылат расмий маалыматта.
"Эки тараптан 30-40 киши чогулуп, бири-бирине таш ыргытып, аңчылык куралдан ок атылган. Кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бир нече убакытка кырдаал тынчый түшүп, чек арадагы конуштарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган. Бирок күтүүсүз жерден Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларын көздөй минометтон ок чыгарган",- деп айтылды Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Тажик тарап жаңжалды кыргызстандык тургундар баштап, алар жүгөрү эгилген 4 гектар жердин 60 сотыхын ээлеп алууга аракет кылган деп айткан. Чоркунун Куммазар айылынын эки тургуну оор абалда деп билдирген тажикстандык маалымат булактары.
Жарадар болгон кыргызстандык үч аскерди жекшембиде тик учак аркылуу Бишкекке жеткиришкен. Алардын биринин абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"1994-жылы туулган аскер кызматкери кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан улам жаракат алган. Курсак жана жамбаш сөөгүндө да ок атуудан алган жаракаты бар. Операция жасалды, абалы өтө оор деп бааланууда. 1995-жылы туулган аскер кызматкери болсо көкүрөк тушуна октон улам жаракат алган. Операция жасалды, абалы орточо оор, туруктуу. 1996-жылы туулган аскердин көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатына баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу", - деп кабарлаган эле апта соңунда Саламаттыкты сактоо министрлиги.