You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тажикстан Кыргызстан менен мамилесине канааттанбайт
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Кыргызстан менен акыркы он алты жылда келишимдердин аткарылышы канааттандыраарлык эмес деди.
Ал мындай билдирүүнү 18-февралда жасагынын тажик басылмалары жазып чыкты.
Тышкы иштер министри жогорку деңгээлдеги келишимдерге карабай чек ара боюнча Кыргызстандан да айрым кишилер карама-каршы билдирүүлөрдү жасап жатканын айтты. Ал бул сөздү Согди облустук милициясынын башчысы, генералдын сөзүнө комментарий берип жатып сүйлөдү.
"Биринчиден, ал Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы генерал-майор Абдулло Навджувоновдун жеке пикири. Сөздөрдү Тажикстандын расмий билдирүүсү катары кабыл алгыдай ал расмий жыйында сүйлөгөн жок. Бардык чек ара маселелери боюнча биздин расмий позициябыз эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынынын жыйынында айтылат", - деген Тажикстандын башкы дипломаты.
Кыргызстандык айрым жарандык активисттер 18-февралда Тажикстандын Бишкектеги элчилигинин алдында генералдын сөзү боюнча Тажикстандын расмий билдирүүсүн талап кылышкан.
Талкууга жем таштаган тажик генералы
Тажикстандын Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын Баткен боюнча айтканы талкууга түштү. Бир катар басылмалар жазгандай, генерал Абдулло Навджувонов "Баткен тажиктердики болчу" деген.
Генералдын сөзүн адегенде "Спутник" агенттигинин тажик кызматы тажикче жазган. Ага шилтеме берген агенттиктин орусча баракчасы Абдулло Навджувонов басма сөз жыйынында Баткен тууралуу айткан деди.
Генерал "Эгер тарых барактарын аңтарсак, Баткен эч качан мурда кыргыздын жери болгон эмес. Менин ата-бабаларым кыргыздарды алып келип ошол жерди берген, эми ал бүгүнкү күнү бизге проблема болуп жатат", - деген.
Маалымат каражаттары жазгандай, генерал кызматка жаңы эле киришкенде 13-февралда ушундай билдирүү жасап жатат.
Генералдын сөзүнө Кыргызстандагы реакциялар
14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырды. Кыргыз тарап элчиге Тажикстандын Согди облсунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навджувоновдун билдирүүсү боюнча катуу тынчсыздануусун айтты.
Ведомствонун расмий билдирүүсүндө "тартип коргоо органдарынын жетекчиси жумшартып айтканда, тарыхты жана фактыларды бурмалап жатканын" белгиледи.
Тажик генералынын сөзү катардагы интернет колдонуучуларынын гана көңүлүн бурган жок. Чек ара кызматынын Башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев "Баткен эч качан тажиктердики болгон эмес жана болбойт" деди жергиликтүү сайттардын бирине.
Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Навджувоновду кызматынын алууну талап кылыш керек деди. Кулов Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, Навджувонов ички иштер министринин орун басарлыгынан алынгандан кийин Согдидеги жаңы ордунда бийлигине өзүн көрсөтүү аракетин көрүп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындай окуя кайталанбай турганына үмүт артаарын, расмий Дүйшөмбүдөн тийиштүү реакция күтөөрүн билдирген.
Ал эми коомдук тармактарда тажик колдонуучулар генералдын сөзүн кубаттап, аны алкап жатышат.
Комиссияны алмаштыруу сунушу
Ал тапта кыргызстандык жарандык активисттер кыргыз-тажик чек арасын чечүү талаптарын коюууда.
"Чек ара" коомдук бирикмеси чек араны тактоо үчүн башка комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча анын башчысы Бекназар Айталиев билдирди.
Ал ушу тапта Баткен районундагы үйлөргө документ жасатуу аргасын көрүүдө.
Айтымында, шахматтык түрдөгү үйлөр арасынан тажик жарандарынын үйгө документтери бар.
"Биз Көк-Таш, Таш-Тумшук айылын көрдүк. Ошол жерде 150 чамалуу үйдүн документи жок, биз көрбөгөн жерлер канча. Мурдагы вице премьер-министр Жеңиш Разаков бизди кабыл алганда, ал жердегилердин документи жок десек, "ошондой бекен" деген, билбейт окшойт. Ал эми тажик үйлөрдүн документи бар. Разаков райондук мамлекеттик каттоо кызматына он күн ичинде бүтүргүлө деген тапшырманы берген, бирок алигиче чечилген жок. Тактала элек жерде кандайча тажик жарандары үйгө документ алышат?", - деди Би-Би-Сиге Айталиев.
Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстан менен жер алмашуу жумушуна жергиликтүү эл да кошулуш керек деди.
"Жер алмашылат дегенден бери эл менен сүйлөшүү жүргөнүн байкаган жокпуз. Тажикстан менен жер алмашуу жумушуна жергиликтүү депутаттар, ошол айылдардын аксакалдары кошулуш керек деп ойлойм", - деди атын атагысы келбеген Көк-Таштын тургуну.
Жергиликтүү активисттердин минтип оюн ачык билдиргенден карманганына өткөн аптада жергиликтүү кеңештин депутаты кармалаганы себеп болгондур.
Чыркыраткан чек ара
Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кесиптешинин "мен урду" деген арызынын негизинде камакка алынган.
Январдын башында Көк-Таштагы чек ара чырынан кийин "бейбаштыкка" айыпталып эки жаран камалган эле.
Аларды бошотуу жана чек ара маселесин чечүү талабы менен 15-январда Бишкекте митинг өткөн. Сапарали Бөрүбаев жана башка жергиликтүү депутаттар ал митингге катышкан.
Мурдагы вице премьер-министр Жеңиш Разаков алар митингге акча алып чыгышканын билдирип, Баткендеги сапары учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн зекиген.
Разаков Тажикстан менен жер алмашуу макулдашылганын, ага жергиликтүү тургундар да ыраазы экенин айткан.
"Ал чыгып сүйлөгөндөр саясат үчүн иштегендер. Мен басма сөз кеткенден кийин айтып берем. Жеринде иштөө - бул башка маселе. Мына мен жерине барып, үч жолу Көк-Таштын эли менен учураштым. Кел алмашса алмашалы, жылдырса жылдыралы деп баары маселени чечкиле деген ойду айтып жатат", - деген Разаков депутаттардын жыйынында.
Разаковдун кызматтан алынышын кыргыз-тажик чек арасындагы чырларга байланыштырышты. Расмий маалыматта анын себеби айтылган жок.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашык, анын 500 чамалуусу гана такталган.
Өткөн жылы бул чек арада он төрт чыр-чатак катталып, адам өмүрүн алган учурлар болду.