Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлду

Published

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевдин сөөгү Орусия баш калаасы Москванын Троекуров көрүстөнүнө жерге берилди.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына эки жүз чамалуу киши катышты. Аскар Акаевдин илимий чөйрөдөгү кесиптештери, жакын туугандары жана Айдар Акаевдин дос, тааныштары келди.

"Акаев президент болуп турган учурда жогорку кызматтарда иштеген Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Осмонакун Ибраимовдор катышты",-деп кабарлады Москва шаарынан журналист Калыйнур Калмырза уулу.

"Айдар ак көңүл, адамдын жүрөгүн оорутпаган жигит эле… Акыркы сапарга узатууу зыйнатына келип бергениңиздер үчүн чоң ырахмат,-деди атасы Аскар Акаев.

Айдар Акаев 43 жашта эле. Ал 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 24-марттагы ыңкылаптан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Москвада жеке ишкерлик менен алектенери айтылып жүргөн.

Айдар Акаевдин каза болгону тууралуу 6-февралда белгилүү болду.

"Тун уулум Айдарды жоготтум. Жүрөк оорусу бар эле, инфарктан кайтыш болду. Үй-бүлөсүнүн чечимин колдоп сөөгүн Москвага коюп жатабыз",-деп кабарлагана эле Аскар Акаев Би-Би-Си кабарчыларына. (AbA)