You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ЖККУ күн тартибинде Тажикстандагы кырдаал
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан лидерлери Кыргызстан баш калаасы Бишкекке чогулду. Уюмдун коопсуздук кеңешинин сессиясы өтүп, он беш документке кол коюлду.
Быйылкы жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылган. 2020-жылы уюмга төрагалык кылуу Орусияга берилди. Кеңештин жыйынында кабыл алган документтерде "Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүү", "Коргоо министрлер Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү", «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата Бюджети жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу" маселелер бар.
Ушул айдын башында эле өзбек-тажик чек арасына жакын аймакта болгон окуя бүтүндөй чөлкөмдү сестенткен эле. Расмий булактар тажик баш калаасы Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым аралыкта жайгашкан чек ара тозотуна кол салуу болуп, бир полиция жана чек арачы өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Расмий Дүйшөмбү кол салгандар "ИМ" тобунун жыйырма согушкери болгонун жана алар Ооганстандын Кундуз провинциясынын Калаи-Зол уездинен өтүп келишкенин билдирген. Алардын он беши атып өлтүрүлүп, бешөө кармалганы кабарланган.
Уюмдун Бишкектеги жыйынында "Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын Тизмеги жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу" дагы документ кабыл алынды.
Президент Жээнбеков жалпы региондун коопсуздугун камсыздоодогу Орусиянын ролун өзгөчө белгиледи.
"Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн "Борбор-2019" стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Эң заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Орусия куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбосок болот",-деди Сооронбай Жээнбеков.
Айрым эксперттер Тажикстандагы окуяны Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу коңгуроо катары дагы баалашкан эле. Май айында эле "ИМ" тобунун согушкерлери Дүйшөмбүнүн чыгышындагы түрмөдө башаламандык уюштуруп, ондогондор каза тапкан.
Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Ооганстанда туруп, Борбор Азияга чабуул коюга күчү жетеби?
"Ооганстандын түндүгүндөгү "ИМ" жоочуларынын саны тууралуу так маалымат жок. Ооганстандын өкмөтү жана талиптер көзөмөлдөбөгөн аймактары да аз эмес. Ошондуктан ушундай аймактар жашырынып жүргөн жоочуларга ыңгайлуу жай. Бирок алардын Ооганстандагы Талибан кыймылы менен маселеси бар. Бул топтор бири-бири менен көптөн бери эле каршылашып келет. Буга чейин талиптер "ИМ" тобунун Ооганстан түндүгүндө ээлеген аймактарындагы лагерлерин жок кылганы тууралуу айтып чыккан. Ооганстандын чыгышындагы Нангархор жана Кунар аймактарында дагы бири-бирине каршы согушуп келүүдө. Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен түндүк-чыгыш тарабы тууралуу сөз боло турган болсо, талиптер "ИМ" тобун сүрүп чыктык дегенине карабай, жашырынып жүргөн жоочулар чабуул жасаш үчүн ыңгайлуу маалды күтүп жүргөн болушу мүмкүн. Балким, алар өз өлкөсүнө кайтууга аракет кылгандар. Мындай ыктымалдыкты дагы четке кагууга болбойт",-деген пикири менен бөлүшкөн Тажикстандагы окуядан кийин Би-Би-Синин Ооган кызматынын кабарчысы Довуд Аззами.
Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгып кеткен. Соңку учурларда уюм Ооганстандагы кырдаалды, бул өлкөдөн Борбор Азия аркылуу ташылган баңгизаттарына, терроризмге биргелешип күрөшүү боюнча айтып келүүдө.
"Азыркыдай кырдаалда коопсуздук маселеси ар дайым күн тартибинде тура берет. Тажикстандагы "ИМ" тобуна байланышкан окуя, Сириядан кайтып келген жарандарыбыздын кармалып жатышы, коңшу өлкөлөрдөгү ушундай көрүнүштөр. Мунун үстүнөн күч органдары иштеп, аракет кылып жатат. Жакынкы Чыгышта абал өтө туруксуз. Экстремизм, терроризмге байланышкан кырдаал курч болуп турат. Буга каршы иштиктүү иштерди жүргүзгөн жокпуз да. Үстүртөн болуп келе жатат. Идеология менен күрөш анчейин эмес",-дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев. (AbA)