You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан Беларуска нааразылык билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска нааразылык нотасын жолдоду. Мекеме тараткан расмий маалыматта "президент А.Лукашенконун К.Бакиев менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат боюнча нааразычылык нотасы элчи С.Ивановго тапшырылганы" айтылат.
"Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин нааразычылык нотасы берилди, бул нотада Кыргыз Республикасында айыпталган жак менен расмий ачык байланыштардын уланышына терең нааразычылык билдирилген. Кыргыз тарабы бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасын колдонууга жана кыргыз-беларус достугун эске алууга такыр жол бербөө керек деп эсептейт жана бул эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык принциптерине түп-тамырынан бери жооп бербейт. Кыргыз тарабы Беларусь Республикасынын расмий бийлигин бул абалга мамилесин өзгөртүүгө жана эки тараптуу кызматташуунун он күн тартибине көңүл бурууга чакырат",-деп айтылат расмий маалыматта.
Кечээ күнү Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди кабыл алып, туулган күнү менен куттуктаганы тууралуу расмий кабар чыккан.
Андан алдын Кыргызстанда Бакиевдин туулган күнүнө карата жергиликтиүү жеке менчик каналдардан кеткен даректүү тасма коомчулукта катуу сынга алынган эле. Телеканалдар Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан оозеки эскертүү алган.
Курманбек Бакиев 2005-жылдын мартындагы элдик толкундоолор менен бийликке келип, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ал 2010-жылдагы апрель окуясынан бери Беларусь борборунда баш калкалап келет. Президент Александр Лукашенко Бакиевди Минскке жеке чакыруусу менен кабыл алганын айтканы бар.
Бакиев Кыргызстанда массалык адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталып, сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркинен ажыратылган. Сексенден ашуун кишинин өмүрүн алган апрель окуясы боюнча анын бир тууганы, ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Жаныш Бакиев дагы соттолгон.
Бирок Бакиевдер тагылган айыптарды четке кагып келүүдө. Кыргыз бийлиги болсо Беларустан Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Бакиев маектеринде беларусь атуулдугун алып, баш калаа Минск шаарынан үй сатып алганын айтып жүрөт. (AbA)