You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда келгин куштардын сейрек түрлөрү көбөйдү
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргызстанга жылына келгин жапайы куштардын 350дөн көп түрү учуп келип жатканын билдирүүдө.
Азыркы учурда өлкөдө сейрек жапайы келгин куштардын 400дөн ашык түрү жашайт. Анын ичинен 57 Кызыл китепке кирген.
Алардын 233 түрү өлкөнүн аймагында тукумдап көбөйөт, анын ичинен 114 бул жакта жашайт, 119 - жайкысын учуп келет, 109 - бул жактан учуп өтүшөт, 20 - учуп келип калгандар, 28 түрү кыштап чыккандар.
Кызыл канаттуу сейрек куш. 2800-3500 метр бийиктикте аскалуу капчыгайларда жашайт. Бирок жер которгон убакта Бишкектин тоо этектерин жана кургак түздүктөрдү же топурактуу жарларды байырлайт.