Кыргызстан: уран казууга каршы мыйзамга президент кол койду

Сүрөттүн булагы, Empics
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзамды октябрь соңунда өлкө парламенти кабыл алган.
"Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;
- Уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);
- Радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.
Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт",-деп айтылды расмий маалыматта.
Уран чыры
Ушул жазда Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө эл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу каршылык болуп, жарандык нааразылык акциялары чыкканда өкмөт уран кендерин иштетүүнү бүт өлкө боюнча токтоткон эле. Жогорку Кеңеш өз кезегинде уран кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алуу демилгесин баштаган.
Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо ишин убактылуу токтоткон "ЮрАзия" компаниясы бул мыйзам кабыл алынса, анда кыргыз өкмөтүнө миллиондогон акча доо кое турганын эскерткен эле.
«Кыргызстандагы ЮрАзия» 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылдын 10-июлунда алган лицензиясы уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштери менен толукталган.
2012-жылдан тартып «ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом жумшаган.

Кен жайгашкан аймакта элдин нааразылыгы чыкканда өкмөт түзгөн комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза жүргүзүп баштаган. Бирок анын жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган жок.
"Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана өкмөттүн позициясы», - деген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги сөзүндө.
«Кыргызстандагы ЮрАзия» өз кезегинде радиациялык коопсуздукту камсыз кылган технология менен иштей турганын айткан эле.
"Таш-Булак чачынды кенинин өзгөчөлүктөрү техникалык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылууда артыкчылык берет. Чачынды кен пайдалуу кенди камтыган борпоң калдык материалдардын жыйналуусу. Чачынды кен негизги тоо тектеринин кыйроосунун натыйжасында түзүлөт. Таш-Булак кенинде урандын орточо курамы 12 грамм/тонна. Радиоактивдик заттын төмөн өлчөмү радиациялык коркунучтун төмөн деңгээлин камсыздайт. Кендеги орточо табигый радиациялык фон 40 мкР/саат, жеткиликтүү өлчөм болсо 55 мкР/саат. Ошондуктан кенди иштетүүдө радиациялык коопсуздук толук камсыз кылынат жана эч кандай коркунуч жаралбайт",-деп айткан эле Би-Би-Сиге «Кыргызстандагы ЮрАзиянын» директору Светлана Менг.

Сүрөттүн булагы, facebook
Бир эле убакта ишкерлер уюмдары уранга тыюу салган мыйзамдын өлкөгө алып келген жоготуулары чоң болот эскертишкен эле. Расмий маалымат боюнча өлкөдө уран кендерин чалгындоо жана иштетүүгө 17 лицензия берилгени белгилүү.
































