You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
УИА: Академиктерди эки жээкке бөлгөн талаш
Улуттук илимдер академиясынын айрым кызматкерлери президентке кайрылуу жолдоп, чарбалык иштерде жана кадрдык саясатта эреже бузууларга жол берип жатат деп, жетекчилигин айыптады.
Академиядагы Философия институтунун директорун шайлоо жана эмгек акысына байланыштуу чыккан талаш академиянын эмгек жамаатын эки жээкке бөлгөн.
Он жылда он тыйын кошулбаган айлык
Соңку он жылда академияда иштеген окумуштуу, илимпоздордун эмгек маянасы бир тыйынга да жогорулаган эмес. Бул боюнча кайра-кайра кайрылып жатып, өкмөт 1-январдан тарта эмгек акысын жогорулатууга убада берген.
Бирок иш жүзүндө андай болбой калды дейт айрым кызматкерлер. Бул үчүн Профсоюздар комитети академия жетекчилигин айыпташууда.
"Жаңы жылдан тарта эмгек акы көтөрүлөт дешкен, бирок андай болгон жок. Мындан улам март айында Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонбуз. Ага 720 кызматкер кол койгон. Парламентти ортого салып жатып, апрелден тарта айлыгыбызды араң дегенде отуз пайызга көтөрдүк. Бирок Каржы министрлиги бизге жолдогон катта өкмөттүн көрсөтмөсү менен бизге 1-январдан баштап эмгек акыны элүү пайызга көтөрүүгө акча каралган экен. Бирок жетекчилик тийиштүү токтомго толуктоо киргизбей коюп, үстөк акысыз калдык", -дейт Профсоюздар комитетинин төрайымы Анара Алымкулова.
Басма сөз жыйынында Улуттук илимдер академиясында кадрдык башаламандык өкүм сүрүп жатканы тууралуу да нааразылыктар айтылды.
Кадрдык саясатка ичи чыкпагандар
Философия, укук жана социалдык-саясий иликтөөлөр институнун директорун шайлоо одоно эреже бузуулар менен өтсө да, жетекчилик мурунку директорду иш ордунда калтырууга аракет жасап жатат, деди окумуштуу Умар Жаныкулов:
"6-июнда Философия институнун директорун шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында юридика илимдеринин доктору Алмаз Токтогулов өтүп, Нур Саралаев кайрадан өтпөй калды. Бирок андан бери эки жума өтсө дагы шайлоонун негизинде чечим кабыл алынбай жатат. Академиянын жетекчилиги ушуну менен экинчи ирээт Саралаевдин талапкерлигин бизге таңуулап жатат".
Аталган институтка директорду шайлоо былтыр дагы өтүп, бирок анда Нур Саралаев көпчүлүк добуш менен жеңилип калган. Буга карабастан Улуттук илимдер академиясынын президенти аны бир жылдык мөөнөткө директордун милдетин аткаруучу катары дайындалганы белгиленип жатат.
Ички эреже боюнча мурда жеңилип калган талапкер, экинчи ирээт шайлоого кое берилбеши керек болчу.
Кайрадан шайлоо
Улуттук илимдер академиясынын президентинин окумуштуу катчысы Аскар Медетов бүгүн басма сөз жыйынында айтылгандарды четке кагып, бул жалпы коллективдин маанайын чагылдырбай тургандыгын айтууда.
УИА реформалоо алкагында жаңылануу жана оптималдаштыруу боюнча чечимдер айрым кызматкерлердин кызыкчылыгына туура келбегени үчүн айгай көтөрүү туура эмес, дейт ал:
"Академия узун тарыхы бар илимий мекеме, анын курамында 22 илимий структуралык бөлүмдөр бар. Ар бир институт учурда өз долбоорлору боюнча пландуу иш алып барып жатат. Азыркы талаш бир гана Философия институтунун тегерегинде болуп жатат. Шайлоо процедурасы бузулгандыктан чыккан чыр болуп атат. Аларга жалпы профсоюздар төрагасы да кошулуп алыптыр, бирок аны академия курамындагы институттардын профсоюздары колдогон жери жок".
Академиянын курамындагы сегиз институттун профсоюздары учурда УИАнын Профсоюздар комитетинин төрайымы Анара Алымкуловага карата нааразылык каты менен кайрылышты, деди Медетов.
Ошондой эле УИА жетекчилиги кайрадан Философия институтунун директорун шайлоого даяр экенин билдирип жатат.
Улуттук илимдер академиясын реформалоо демилгеси 2010-жылдардан бери кызуу талкууланып келе жатат. Окумуштууларга кеткен чыгым акталбай жатат деп, жоюу демилгесин айткандар бир тараптан чыкса, экинчилери, бул мекеме болбосо илим артка кетет деп кыжалат.
Реформа талабы
Өкмөттүн, коомчулуктун талабынан улам бул мекеме өзү 2016-жылы ички структуралык реформаларды баштаган. Жетекчилик иштеп чыккан план боюнча академиядагы 25 институттун ордуна 16 институт түзүү каралган. Ошондой эле бардык чыгымдарды максималдуу азайтуу керектиги да каралган. Бирок ал реформа дале болсо ара жолдо калып, аягына чыкпай келет.
"Академия өзү менен өзү иштеп жатат. Илимпоздор алган айлык 4-5 миң сом. Ал эми жашоого керектүү минимум 4,5 миң сом. Анда илимпоздорду эмнеге кармап отурабыз? Тез арада реформа жүргүзүп, академияны башка форматка өткөрүш керек. Коомдо маанилүү маселе болгондо академия илимди түшүндүрүп качан өзүнүн оюн айтты? Мына, азыр уран маселеси чыгып жатат. Илимдер академиясынан уран жана радиациялык элементтер канчалык зыян, ошол уранды ачканда коомго канча зыян келет экен - бир жыйынтык алдыңыздарбы?", -деген эле быйыл парламенттин 2-майдагы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын өкүлү Руслан Казакпаев.
Депутат эгемендик жылдары илимдер академиясына бир да өкмөттүк заказ болбогонун баса белгилеп өткөн.
Отчетторго карасак, Улуттук илимдер академиясы ийгиликтүү эле иштеп жаткандай туюлат. Мисалы, жылына академияда миңден ашык илимий макала жана монография жарыяланат, ондон ашык илимдин доктору, элүүдөй илимдин кандидаты даярдалат.
Академиянын бир жылдык бюджети 300 миллион сомдун тегерегинде. Бул каражат негизинен 2000 дей кызматкердин эмгек акысын төлөгөнгө жана коммуналдык чыгымдарга гана кетет. Ал эми Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик казынадан каралган каражат жетпейт дешет алар.
Кыргызстанда улуттук кирешенин болгону 0,01 пайызы илимге бөлүнөт.
Улуттук Илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган.