Чыгашадан чыкпаган монополист ишканалар
Кыргызстандагы монополист ишканалардын көпчүлүгүнүн кирешеси төмөн жана алар мамлекетке пайда алып келбейт деп айтылат.
Өлкөдөгү эң ири делген электр энергия жана байланыш менен камсыз кылуучу "Түндүкэлектр" менен "Кыргызтелеком" сыяктуу компаниялардын мындай кырдаалга кептелишин адистер башкаруу системасынын чабалдыгы менен байланыштырып келет.
Жогорку Кеңеш депутаттары өлкөдө монополист ишканалардагы башаламандык маселесин көтөрүп чыгышты.
"Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов MegaCom ишканасын мисал катары келтирди. Компаниянын ишинин натыйжалуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок билдирүү жиберилгенине карабастан компаниянын жетекчилиги эч кандай маалымат бере элек.
"Бул мыйзамга дал келбеген нерсе, биз юридикалык баа беребиз. MegaCom ишканасына баа берерде Эсеп палатасынын акыркы төрт жылдагы отчётун карап чыктым. Ал жерде бир жарым миң киши иштейт экен. Алардын орточо айлыгы алтымыш алты миң сом болсо, ошол жердеги он топ менеджердин айлыгы, жалпы айлык фондунун он пайызын түзөт экен. Жалпылап алганда жетекчилер он миң доллардан эмес жыйырма миң доллардан айлык ала турганы маалым болду. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мамлекеттик ишкананын жетекчилери өздөрүнө жогорку айлык акы коюп жатышат",- деди депутат.

Сүрөттүн булагы, Official
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев болсо мамлекеттеги ири ишканаларда, анын ичинде MegaCom компаниясында коомчулук айтып жаткан көйгөйлөр бар экенин жана өкмөт аны чечүү чараларын караштырып жатканын өткөн аптада парламентте отчёт берип жатып маалымдады.
Би-Би-Си Кыргызстандагы эң ири делген монополист компаниялардын жылдык кирешесин жана чыгашасын аныктоого аракет кылды. Алгач Кыргызстанды жана коңшу мамлекеттерди электр энергиясы, ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуучу эң ири делген «Электр станциялары» ишканасына кайрылды. Бирок мекеме өкүлдөрү маалымат чогултуу үчүн бир нече күн керек деген жооп кайтарышты.
Ал эми жетекчилери эбегейсиз көп маяна алат деп сынга алынып жаткан Megacom ишканасы жабык акционердик коом болгонуна таянып, каржы маселесине байланыштуу маалыматтар мамлекеттик текшерүүчү органдарга гана бериле тургандыгын айтышты.
Ушул эле суроо менен "Кыргызтелеком" ишканасы кайрылганыбызда, алар 2010-жылдан тартып, 2017-жылга чейинки кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалыматты саналуу сааттарда гана тактап берди.

"Монополия болгон жерде атаандаштык жок"
MegaCom жоопсуз калган суроо жараткан өлкөдөгү жалгыз монополист ишкана эмес. Андан тышкары дагы энергетика, жылуулук, мунай, газ жана башка ушул сыяктуу көптөгөн тармактар боюнча монополист ишканалар арбын. Учурда алардын өлкөгө киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү мактанаарлык эмес.

Сүрөттүн булагы, Social Media
Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев ишканалардын мындай кырдаалга кептелип жатышын союз учурунан калган стратегиялык жана табигый монополиянын калыптанып калышы менен байланыштырды.
"Монополия болгон жерде атаандаштык жок. Атаандаштык болгондон кийин стимул дагы болот. Мындай шартта ишканалар эч качан өнүкпөйт жана заманбап муктаждыкка жооп бере албайт. Кыргызстанда ошондой абал өкүм сүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү ишканаларды стратегиялык жана табигый монополия катары бекитип жатканы терс көрүнүш. Анткени табигый монополия деп эсептелинген компаниялар бааны каалагандай калчайт. Аларга кичи ишканалар туруштук бере албайт. Ошондуктан орто жана майда бизнестин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берип, табигый чоң монополияны өкмөт мыйзам чегинде коргоону токтотушу керек. Кыргызстанда ондон ашык стратегиялык жана табигый монополист компаниялар иш алып барат. Ал эми мамлекеттик ишканалардын саны жүзгө жакын, алардын токсон пайызы мамлекетке киреше алып келбейт».
Бирок айрым серепчилер мамлекеттин көп кийлигишүүсү ишканалардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратарын айтат. Андан тышкары мамлекетте туруктуулук өкүм сүрүп, элдин өкмөткө болгон ишеними жогору болуусу дагы маанилүү.
Өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда туруктуулук төмөн жана элдин бийликке болгон ишеними дагы азырак. Андыктан монополист ишканаларды менчиктештирүү көбүрөөк пайда алып келе турганын айткандар дагы бар.
"Анда дагы сынактар ачык болуп, бардыгын бирдей шартта менчиктештирүү зарыл. Эгер сынак өткөрүмүш болуп, бирок бирөөнүн колуна көмүскө жол менен берип коё турган болсо, ал өз жемишин бербейт. Бардыгы келип иштин ачыктыгына такалат. Ал эми компанияларды улутташтырып койгондо ишканалар саясий куралга айланып, коррупциялык схемалар катталууда. Менчиктештирсе ар бир ишкана өз кызыкчылыгы үчүн иштей баштайт», -деди энергетика тармагы боюнча эксперт Эмил Үмөталиев.
Өлкөнүн энергетика, байланыш, жылуулук жана башка ушул сыяктуу маанилүү тамактарын камсыз кылуучу ишканалардын ишин жөнгө салуу үчүн жаңы ачылыш жасоонун кереги жок.
Чабал башкаруу системасы
Көңүл бурууну талап кылган башкы маселе мамлекеттик менеджментти ишке киргизүү.
Энергетика тармагындагы башкаруу системасын сынга алган коомдук ишмер Анарбек Эстебесов, бул багыттагы бир дагы долбоор мамлекеттик башкаруу экспертизадан өтпөгөндүктөн коррупция гүлдөп жатканына токтолду.

"Кептин баары мамлекеттик кызыкчылыкта турат. Энергетика тармагынын башкаруу менеджментин чыңдай турган болсок баары өз ордуна келет. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде мындай ыкма колдонулуп келет",- деди коомдук ишмер.
Өлкөдөгү монополист ишканалардын ишин жөнгө салуу оңой-олтоң иш эмес экени калетсиз. Адистер ал үчүн мамлекет олуттуу кадамдарга баруусу кажет деп белгилешүүдө. (VA)




























