You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады
Абакта жаткан белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун президенттен ырайым сураган өтүнүч катын анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов "Фейсбук" баракчасына жарыялады.
"Садыр Жапаровду ырайым берүү боюнча президентке арыз жаздырышканына мына бүгүн туура бир ай болду. Андан бери ар кандай шылтоолор менен президенттин аппараты арызды ары бери түрткүлөп, бюрократия кылып жатышат. Айрымдар президент билбейт, президентке маалымат жеткен жок деп жатышат. Эгер чын эле президентке жете элек болсо, анда мен адвокат катары жарыя кылып коёюн деп чечтим",-деп жазат Шарабидин Токтосунов .
"Менин билишимче Садыр Нуркожоевичтин туугандарын чакырып, арыз жаздырып келсеңер чыгарабыз дешкен. Садыр Нуркожоевич арыз жазыптыр, эми президенттин жообун күтөлү. Буюрса жакын арада чыгып калар?",-деп жазды жактоочу.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун президентке жазган арызын толугу менен келтирген. Анда Жапаров: "Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан 02.08.2017 жылы соттолуп, 11 жыл алты айга эркиндигимден ажыратылгам. Бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгону жалпы элге маалым. Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок, Кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин Кудай көрүп турат. Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор ахывалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн",-деп жазган.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси, тактап айтканда "бийлик өкүлүн барымтага алуу" боюнча айыптап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте камакка алуу өкүмүн чыгарган. 17-сентябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Ушул жылдын апрелинде Жогорку Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартты.
Жапаровдун ишин караган сотторго өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев такай катышып, Жапаровдун пайдасына көрсөтмө берген:
"Бул иш боюнча айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун күнөөсүн тастыктаган далил жок. Мен муну биринчи отурумдан бери эле айтып келе жатам. Сүрмө топ кылып, бир беренеге тактап соттой берген болбойт. Менин түшүнүгүм боюнча бул саясий буюртма эле болуп калды»,-деген Эмил Каптагаев.
Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишүүдө. (AbA)