Eurovision: Орусиянын атынан тажик кызы чыгат

Published

"Eurovision-2021" сынагына Орусиянын атынан катыша турган ырчыларды тандоодо тажик тектүү ырчы кыз Манижа көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эң көп добушка ээ болду. Муну менен Манижа эл аралык сынакка Орусиянын атынан катышуу укугун алды.

Ал Роттердамда өтө турган сынакта "Орус аял" (Russian woman) деген ырды аткарып чыкмакчы. Eurovision сынагы өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам артка жылдырылган эле.

Манижа Сангин Тажикстанда төрөлүп, үй-бүлөсү Орусияга 1990-жылдары келген. 2000-жылдардын башында "Ру.кола" долбооруна катышып, ошондон кийин сахнага ырдап чыга баштады.

Анын клиптерин "Инстаграм" аркылуу жүз миңдеген кишилер көрөт. Буга чейин эки альбомун чыгарды. Манижа аялдар укугун коргогон активист катары дагы таанымал. 2019-жылы үй-бүлө зомбулугуна кабылгандарга жардам бере турган мобилдик телефондор үчүн SILSILA тиркемесин чыгарууга жардам берген. Ушул маселеге көңүл буруу үчүн "Апа" деген ырына тартылган клипте үй-бүлө зомбулугу тууралуу маселени камтыган.

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын ыктыярдуу элчиси болду.

"Eurovision-2021" уюштуруучуларынын айтымында сынакта жандуу үн менен чыгышат. Сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланддар) өтөт. Би-Би-Сиге берген маегинде уюштуруучулардын бири Мартин Остердаль сынакка 41 өлкөнүн өкүлү келерин айтты. Азырынча көрөрмандар болобу же жокпу дегенди так аныкташа элек.

"Менимче көрөрмандар көп деле болбойт. Албетте, бул трансляциянын атмосферасына катуу таасир этет",-деди Остердаль.

Мунун алдында эле пандемиядан улам сынактын катышуучуларынын саны эки эсе кыскартылышы мүмкүн экени айтылган болчу.