You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Блог: "Русская премиянын" элеттеги лауреаты
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
- Published
Элет жери кээде маданий иш-чаралардан окчун, маданий процесстерден артта калгандай туюлат эмеспи. Бирок, дымып жаткансыган так ошол элет жеринде жалпы маданий турмушка орчундуу салым кошкон, керек болсо улуттук деңгээлдин андан-ары өөрчүшүнө өбөлгө болгон адамдар жашап жатканын элес албай калат экенбиз.
Кичи мекеним Кетмен-Төбөнүн айылдарын аралап жүрүп, жазуучу, "Русская премиянын" лауреаты Турусбек Мадылбайга жолугуп калдым.
Ойлоп баксам, орус тилинде жазган жазуучулардын сынагына катышып, жүздөгөн калемгерлердин арасынан суурулуп чыгып, Орусиянын абройлуу "Русская премия" сыйлыгын жеңип алышы - Кыргызстандын, жалпы эле кыргыз адабиятынын жеңиши болгон экен. Кыргызга намыс алып берген бул маданий окуя 2006-жылы болгон эле.
Сыйлыкты өз колу менен тапшырган ыраматылык Чынгыз Айтматов жазуучу Турусбек Мадылбайдын утуп чыккан чыгармасын жогору баалаган.
Өлкө парламенттик шайлоонун кумарына, саясаттын кызыгына батып турган чак. Саясий партиялардын программасында маданиятка канчалык көңүл бурулууда, маданий ишмерлер талапкерлердин арасынан сейрек көрүнүүдө деген өктөө айтылып жатат. Бирок маданий ишмерлер өз арбайын согуп, улуттун жүгүн көтөрүү менен алек. "Русская премиянын" лауреаты, жазуучу Турусбек Мадылбайдын тоо койнундагы Кетмен-Төбөдө жатып алып, жаңы чыгармаларды жаратуу менен алектениши анын далили.