Блинкен: Газа боюнча Израиль жарашууга макул, кезек ХАМАС тобунда

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Израил Газага тынчтык орнотуу боюнча АКШнын сунушун кабыл алганын билдирип, ХАМАС тобун дагы ушундай кадамга барууга чакырды.
Буга чейн ортомчулар жана америкалык аткаминерлер сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу жыйынтыкталаарына анчейин үмүт артпагандай, этияттап турган эле. Анткени ХАМАС жана Израил негизги суроолор боюнча бири-бирине бирдей жол бошотпой жатканы айтылып келген.
Мурда Блинкен бул ок атышууларды токтотуп, ХАМАС туткунга алган израилдиктерди боштуунун соңку сүйлөшүүсү болуп калышы мүмкүн экенин билдирген эле. Өткөн жылдын октярь айында башталган согуш али күнгө чейин басылбай келе жатат.
Блинкендин сөзү боюнча, 19-август күнү израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен абдан конструктивдүү сүйлөшүү өткөргөнүн билдирип, жыйынтыгында Израил жарашуу боюнча сунушту кабыл ала турганын тастыктаган.
"Ал келишүүнү колдойт. Эми ХАМАС тобу дагы дал ушундай кылышы керек", — деди Блинкен. АКШнын мамкатчысы бул сөзүн Тель-Авивде журналисттерге билдирди.
Энтони Блинкен макулдашууну дагы алдыга карай жылдыруу үчүн Израилден чыгып, Египетке жана Катарга жөнөп кетти.
"Биз келишимди аягына чыгаруу ишинде бизди бири-бирибизден алыстатып, башка жерлерде конфликттин эскалациясына жеткирип коё тургандай кадамдарга барбай, эч кандай эскалациясы жок, эч кандай чагымга жол бербей тургандай кылып иш алып барып жатабыз. Муну ишке ашыра турган, бул жараянды үзгүлтүккө учуратып коё тургандай эч кандай кадамдарды жасабай турчу мезгил келди",- деди Блинкен.
АКШ бир нече күн мурун касташкан тараптардын кайчы пикирин чечет деген сунушун Катар жана Египеттин ортомчулугу менен көтөрүп чыккан эле.
Сүйлөшүү жараянынын негизи Байден 31-майда чечмелеп берген макулдашууда жатат. Анда адегенде согуштук аракеттерди алты аптага токтотуп жана туткундар менен абактагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүү өткөрүү каралган.
Америкалык расмийлер сүйлөшүүлөр финалдык баскычына жетип калды деп ишенимдүү айтып жатышат, бирок ошол эле учурда макулдаша турган дагы далай иштер турат.
Америкалык, катарлык жана египеттик ортомчулар, он айдан бери уланып жаткан ок атышууну тоткотуу боюнча сүйлөшүүлөр алдыга жылып жатканын билдирди. АКШ президенти Жо Байден болсо "буга чейин эч качан боло электей жакын калдык" деп айтты.
Ошондой болсо да америкалык жана израилдик басылмалардын ошондой эле тараптардын билдирүүлөрүнөн улам, сүйлөшүүлөр чукул арада аяктайт деп күтүүгө болбойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ХАМАС Нетаньяхуну күнөөлөйт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ХАМАС Газада жарашуу келишимине жетүүдө ортомчулардын аркеттерине тосколдук жаратты деп баардык жоопкерчиликти Нетаньяхуга оодарууда.
Радикалдуу топ расмий билдирүү жарыялады. Анда ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча бейшемби жана жума күндөрү Дохада өткөрүлгөн талкуудагы сунуштар четке кагылып, сүйлөшүулөргө тоскоолдук жаратып жатат деп Нетаньяхуну айыптаган.
Топтун расмий телеграм-каналына 18-августтун кечинде жарыяланган билдирүүсүндө, 16-августта Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен Израил менен ХАМАС тобуна берилген соңку сунуш "Нетаньяхунун шарттарына жооп берет жана дал келет" деп жазылган.
ХАМАС тобу бул сунуштагы бир маселеге таянып жатат. Ал Филадельфия коридоруна тиешелүү Египеттин чек арасындагы Египет мене Газанын ортосундагы "Рафах " өткөрмө бекети жана ЦАХАЛ Газанын түндүгү менен түштүгүн болүп салуу үчүн түзгөн Нетцарим коридоруна байланыштуу деп эсептейт.
ХАМАС "ок атышууну биротоло токтотуу жана аскер аттуунун баарын Газадан чыгарып кетүү" маселесин кабыргасынан коюп, Нетаньяху бир нече стратегиялык жерде израил аскерлерин сактап калууну көздөйт деп билдирүүдө. Мында сөз Нетцарим коридору, "Рафах" өткөрмө бекети жана Филадельфия коридору тууралуу болуп жатат. Изарил болсо аларды ХАМАС тобунун аткезчилик менен куралдануусун токтото турган маанилүү таянычтар деп эсептейт.


































