АКШ Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтотту. Бул согушка кандай таасир этет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШ бийлиги Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотконун кабарлады. Буга себеп катары Пентагондун өзүндө запас өтө эле азайып кеткени айтылды. Батыш журналисттеринин маалыматына ылайык, Украинага кээ бир зениттик ракеталар менен башка ок-дарыларды жөнөтүү да убактылуу токтотулат.
Politico басылмасы өз булактарына таянып, мындай чечим АКШнын Коргоо министрлигинин саясат бөлүмүнүн башчысы Элбридж Колбинин демилгеси менен Пентагондо болгон запастарды текшерүүдөн кийин кабыл алынганын маалымдады.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келли көп өтпөй AFP агенттигине жазган катында кабарды тастыктады. "Бул чечим Коргоо министрлиги биздин өлкөнүн башка мамлекеттерге көрсөтүп жаткан аскердик колдоосун жана жардамын карап чыккандан кийин Американын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу үчүн кабыл алынды", - деп жазган Келли.
АКШнын Коргоо министрлиги Американын президентине Украинага аскердик жардам берүүнү улантуу үчүн ишенимдүү варианттарды сунуштап жатканын Элбридж Колби айтты.
Ал кошумчалагандай, учурда министрлик Украинага жардам берүүнү улантуу жолдорун карап чыгып, ошол эле учурда коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн АКШ армиясынын даярдыгын сактап калууну көздөөдө.
АКШ жардамын убактылуу токтоткону тууралуу маалыматтардан кийин, Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жон Хинкелди чакырып сүйлөшкөнүн кабарлады.
"Америкалык дипломат менен сүйлөшүүнүн негизги темасы Орусиянын Украинага каршы агрессиясын жана террордун күчөшүнүн фонунда АКШнын аскердик жардамы жана эки өлкөнүн коргонуу кызматташтыгы болду. Украин тарап коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө колдоонун кечеңдеши же токтотулушу тынчтык алып келбесин, агрессорду согушту жана террорду улантууга шыктандыра турганын баса белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүнү жүргүзгөн Украина тышкы иштер министринин орун басары Марьяна Беца өзгөчө абадан коргонуу системасын чыңдоого көңүл буруп, мурун каралган кура-жарактарды жеткирүүнү улантуунун өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле Украина Коргоо министрлиги АКШдагы кесиптештери менен кошумча маалымат тактоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшүү сураганын билдирди.
Украина АКШдан абадан коргонуу системасын чыңдоону суранды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
NBC News жазгандай, тизмеде Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ондогон ракеталар, миңдеген 155 миллиметрлик артиллериялык снаряддар, 100дөн ашуун Hellfire ракеталары, GMLRS залптык от ачуучу система үчүн 250дөн ашуун снаряддар, Stinger тибиндеги ондогон "аба-жер" ракеталары жана AIM үлгүсүндөгү ракеталар, ошондой эле гранатомёттор дагы бар.
Politico белгилегендей, Вашингтон курал-жарактын айрым түрлөрүн, анын ичинде абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды берүүнү токтотуу, Украина Орусиянын жарандык объектилерге болгон массалык соккуларынын мизин кайтарып жаткан маалга туш келди.
Июнь айынын аягында Украина жана Америка президенттери Гаагада өткөн НАТОнун саммитинин алкагында жолугушкан. Анда Дональд Трамп Украинага Patriot абадан коргонуу системасы үчүн дагы ракеталарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган эмес.
Саммит учурунда Би-Би-Си украин кызматынын журналисти Мирослава Пеца Трамптан украин шаарларына тынымсыз жасалып жаткан чабуулдардан коргонуу максатында Patriot системасына кошумча ракеталарды сатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сураган эле.
"Украина чындап эле Patriot ракетадан коргонуу системаларын каалап жатат. Биз алардын айрымдарын жеткиликтүү кыла алабызбы - көрөбүз. Аларды алуу өтө кыйын. Алар бизге да керек. Биз бул системаларды Израилге берип жатабыз жана алар абдан натыйжалуу",- деп жооп берген Трамп.
АКШнын Украинага курал-жарак берүүдөн, атүгүл сатуудан баш тартышы мүмкүн экендиги Киев үчүн катастрофа болбосо да, абдан оор кырдаал катары бааланууда.
Мындай жагдайда украин армиясына согуштук аракеттерди улантуу өтө кыйын боло турганы айтылууда.
Июнь айынын соңунда Орусия Украинага толук масштабдуу согуш башталгандан берки эң ири чабуулдардын бирин жасап, 500дөн ашык ар кандай куралдарды, анын ичинде учкучсуз учактарды, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды колдонгон.
8-июнда Зеленский Пентагон 20 миң ракеталык жардыргыч механизмдерин Жакынкы Чыгышка жөнөткөнүн ырастаган. Бул детонаторлор буга чейин Украинада Орусиянын "шахед" тибиндеги дрондоруна каршы колдонулат деп пландалган болчу.
Быйыл январда, Дональд Трамп Ак үйгө келгенден кийин, АКШ Украинага аскердик жардам берүүнү убактылуу чектеген. Бул чечим чет өлкөгө берилген жардамдын натыйжалуулугун жана анын АКШнын тышкы саясатына шайкештигин текшерүү менен түшүндүрүлгөн.
Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин Вашингтон Украинага аскердик жардам берүүнү жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүнү токтоткон.
Ошол учурда украин аскерлери 2024-жылдын жайында убактылуу көзөмөлгө алган Курск облусунан артка чегинүүгө аргасыз болушкан.































