Селсаяк: Кымбатчылык бизди дагы кыйнап бүттү...

Published

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

"Селсаяктар көбөйдү" деп калышат. Бирок азырынча Би-Би-Сиде аны тастыктаган же четке каккан маалымат жок. Бир нече селсаякты кепке тартканга аракет кылдык. Алар акча же спирт ичимдигин сурагандыктан маек андан ары уланган жок. Алардын бири эч нерсе сурабай эле жооп берүүгө макул болду.

Сөз кымбатчылык болуп жатканын билесизби деген суроодон башталды.

Cелсаяк: Мен селсаякмын. Мага азыр жашоо абдан кыйын болуп калды. Аябай эле оор. Азыркы прогрессия мага аябай таасирин берип жатат. 

Би-Би-Си: Мурун кандай эле азыр кандай болуп калды дегенди салыштырып берсеңиз.

Cелсаяк: Мурда мен ага дагы, сага дагы бара берчүмүн. Сенде көйгөй жок болчу. А азыр менде проблема. Мурун ушундай эле. Мына ушундай балдар. Туш келген эле дүкөнгө кирип, жээрге бирдеме бергилечи деп сурачумун. Азыр алар мага кандай жооп берээрин силерге айтпай эле койгонум оң. Өзүң элестетип көр, мурун ушундай эле. Азыр мурун эле барып жүргөн таштанды челекке бара албайм. Анткени ал жакта деле куру жалак.

Би-Би-Си: Арак менен тамекиге кантип табасыңар?

Cелсаяк: Мен чекпейм. Тамеки чеккендер Ош базарга барып махорка алат да. Башка эмне кылат?.

Би-Би-Си: Алдыда аптаптуу жай, анан күз. Көп күттүрбөй эле кыш келет. Сиз сыяктуу адамдар кантээр экен?

Cелсаяк: Селсаяктарга кандай болот? Түз эле жооп берсем болобу? Кандай болмок эле. Шорубуз кайнайт. Мен болгонун болгондой айтып жатам.

Би-Би-Си: Соңку ирет качан тамактандыңыз, эмне жедиңиз?

Cелсаяк: Бүгүн бул жакта бир абышка менен олтурам. Ал азыр тигил жакта. Бир киши келип бизге шам-шум этип алганга жардам берди.

Би-Би-Си: Ачка болгондо уурулук дагы кылып жиберсеңиздер керек?

Cелсаяк: Уурдамай, алып алмай дегенге болбойт! Андан көрө барып сура.

Би-Би-Си: Селсаяктар бири-бириникин уурдаса эмне болот? Жазасы кандай?

Cелсаяк: Буга да ачык эле жооп берейинби? Кешигин катырып салабыз. Бүттү. Анын менен акыйлашып олтурбайм. Ким бирөө менин тыйынымды эле ууурдап көрсүн эмне кылаар экенбиз. Мен сөз да коротпойм. Бири-бирибизге селсаяктын мыйзамы мындай деп түшүндүрбөйбүз. Аралаштыбы кабыл алат.

Би-Би-Си: Селсаякмын деп эле ачык айтып жатпайсызбы. Ошону токтотуп, өзгөрүп, баарынан кайра башынан баштаса болобу?

Cелсаяк: Жигит, мен 47ге толдум. Эми өзгөрүп кайда барам? Мага жообуң барбы?

Би-Би-Си: Селсаяк болуп жүрүп, андан чыгып кеткендер барбы?

Cелсаяк: Андай болбойт. Көрө элекмин. Билесиңби эмнеге андай болбойт? Эркиндиктин даамы.

Мен эмнени айтканымды түшүндүңбү? Бирок сен аны түшүнө да албайсың. Сенин үйүң болсо, сен ага байлангансың. Башка дүнүйөңө деле ошондой байлангансың. Сен бир нерсени жогтуудан коркосуң. А менде андай баш оору деген жок. Мен баарын токсонунчу жылдары эле жоготком.

Би-Би-Си: Эркиндиктин даамы деп философиялаштырып жибердиңиз. Мааниси эмнеде?

Cелсаяк: Мен сага чечмелеп берейинчи. Эн эле жөнөкой карасаң, мына бул ыпылас жерде бул жатат.  Көрдүңбү? Ушуну башка бирөө кыла алабы? Мен жөн эле кылып коё алам. Мына сага. Эркиндиктин даамы деген ушунда. Мен эмне кааласам ошону кыла алам. Мына дагы айтам бул эркиндиктин даамы. Сен ушуну кыла аласыңбы?

Би-Би-Си: Ооба, аны мен да кыла алам

Cелсаяк: Кана байкап көрчү, сага уят эмеспи?