You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мелания Трамп Хантер Байденди сотко берем деп коркутту
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп, Хантер Байдендин аны күйөөсү Дональд Трамп менен финансист Жеффри Эпштейн тааныштырган деген сөзү үчүн бир миллиард доллардан ашуун суммага доого жыгып, сотко берем деп коркутту.
Атактуу адамдарды жана мамлекеттик кызматкерлерди жеке аралына алып келгени менен белгилүү болгон Эпштейн 2019-жылы түрмөдө отурганда өз жанын кыйган. Ал зордуктоо, сексуалдык эксплуатация, кулчулукта кармоо, аялдарды жана балдарды уурдоо боюнча айыпталган.
Мурдагы президент Джо Байдендин уулу Хантер Байден ушул айдын башында кинорежиссер Эндрю Каллаган менен болгон маегинде Мелания Трамп менен Дональд Трамп Эпштейн аркылуу таанышканын айткан.
Fox News жарыялаган расмий катта 2005-жылы Трампка турмушка чыккан биринчи айымдын адвокаттары мындай билдирүүнү "жалган, абийирге шек келтирген, каралаган жана чагымчыл" доомат деп мүнөздөшкөн.
Дональд Трамп бир кезде Эпштейндин досу болгон, бирок 2000-жылдардын башында экөө урушуп кеткен. Себеби Эпштейн анын Флоридадагы гольф-клубунун спа салонунда иштеген кызматкерлерин өзүнө азгырган.
Биринчи айымдын адвокаттары Хантер Байдендин юристине жолдогон катында ал сөзүн артка алып, кечирим суроосун талап кылган. Болбосо бир миллиард доллардан ашуун суммадагы соттук доо коюларын эскертишкен.
Документте Байдендин айткандарынын айынан биринчи айым "чоң финансылык чыгымга учурап, аброюна олуттуу шек келтирилгени" белгиленген.
Мындан тышкары, катта Хантер Байдендин башкалардын атын пайдаланып спекуляция кылган узак тарыхы бар экени айыпталат. Ошондой эле ал бул сөздөрдү улум-улам кайталоо менен өзүнө көңүл бурдурууну көздөгөнү белгиленген.
Кэллагэн менен болгон чоң маегинде Байден Эпштейнге байланыштуу али жарыяланбаган документтер Трамптын аны менен катышы бар экенин ашкерелеши мүмкүн деп айтты.
"Меланияны Трамп менен Эпштейн тааныштырган. Алардын байланышы өтө бекем жана тамыры терең" деген ал.
Биринчи айымдын расмий катында бул доомат президент тууралуу сынчыл биография жазган журналист Майкл Вулфка жарым-жартылай таандык экени кабарланган.
Жакында америкалык The Daily Beast басылмасына берген маегинде Вулф биринчи айым Эпштейн менен Трамптын өнөктөштөрүнүн бирин азыркы күйөөсү менен жолукканга чейин эле тааныганын айткан. Кийин басылма бул макаланы өчүрүп салган.
Архивдик версиясында Daily Beast мындай билдирүү калтырган: "Материал жарыялангандан кийин The Beast Мелания Трамптын адвокатынан кат алган. Анда макаланын аталышы жана мазмуну талаш-тартыш жараткан. Маселе каралган соң, The Beast материалды өчүрдү жана мүмкүн болгон түшүнбөстүктөр үчүн кечирим сураган".
Биринчи айымдын катында Хантер Байден мурда өчүрүлгөн макаланы негиз кылып сүйлөгөнү көрсөтүлүп, бул "жалган жана каралаган" доомат деп мүнөздөлгөн. Азырынча Эпштейн жубайларды тааныштырганын тастыктаган эч кандай далил жок.
2016-жылдын январында Harper's Bazaar журналы Мелания Трамп Дональд Трамп менен 1998-жылдын ноябрында модель агенттигинин негиздөөчүсү уюштурган кечеде таанышканын жазган.
55 жаштагы Мелания ал маалда басылмага берген маегинде, Трамп менен таанышканда ага телефон номерин берүүдөн баш тартканын, анткени ал бийкечи менен келгенин айткан.
Макалада ал кезде Трамп экинчи аялы Марла Мейплз (анын биринчи аялы Ивана Трамп болгон жана алар 1977-жылдан 1990-жылга чейин бирге түтүн булаткан) жакында эле ажырашканы айтылган.
Мелания Трамптын адвокаты Алехандро Брито Би-Би-Синин соттук коркутуулар тууралуу суроосуна биринчи айымдын жардамчысы Ник Клеменстин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жооп берди.
"Мелания Трамптын адвокаттары ага каршы атайылап тараган жалган жана каралоочу маалыматтар үчүн дароо кечирим сурап, төгүндөөнү талап кылышууда",- деп айтылган анда.
Би-Би-Си ошондой эле Хантер Байдендин адвокатына кайрылып, азырынча жооп күтүүдө.
Финансист Эпштейндин кылмыш ишине байланыштуу жарыяланбай келген деп айтылган "Эпштейн документтерин" ачыкка чыгарууну талап кылган басым Ак үйгө күчөп турган маалда, Мелания Трамп Хантер Байденди сотко берем деп коркутууда.
Трамп кайра президент болордун алдында, эгер Ак үйгө кайтып келсе, бул материалдарды ачыкка чыгарарын убада кылган. Бирок быйыл июлда ФБР жана Юстиция министрлиги Эпштейнди каралай турган "кардарларынын тизмеси" деген нерсе таптакыр жок экенин билдирген.