You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Пантюркизмдин жаңы карааны, чон кармаштын илеби
28-ноябрда Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун XV саммити өттү. Башка калган интеграциялык бирикмелердей эле маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу, соода-экономикалык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулап, декларация кабыл алды. Жыйынтыгы чыга элек жатып чырга айланган, келечеги бүдөмүк шайлоо менен алек коомчулук, кыргыз медиа агенттиктери бул теманы кыйгап өттү. Көңүл бургандар аз, расмий маалымат булактары деле анча кеп кыла албады. Бирок ушул саммит чоң окуяларды улантып, геосаясий мейкиндиктеги олуттуу процесстердин кабарын билдирди.
Абай салган кишиге эски пантюркизмдин жаңы дүбүртү чыкты, карааны көрүндү. Түрк мамлекеттери буга чейин деле тилектештигин билдирип келген, бирок ар кими ар кай жакты карап, ар кими таасирдүү державаларга ыктап, талаштуу маселелерде позициясын ачык жарыялай элек болчу. Демейде сак Өзбекстан, дымагы күч Казакстан, бейтарапмын деген Түркмөнстан да бул ирет эл аралык аренада чоң мааниге ээ эзелки армян-азербайжан талашы боюнча ачык позициясын билдирди. Тагыраагы Аракеттердин Ашхабад Консенсусу деп аталган жыйынтык документте Азербайжан Республикасын бекем колдогон эки тезисти жактап, кол коюшту. Азербайжан дипломатиясынын жеңиши деп азербайжан коомчулугу жетине албай жар салды. Биринчи тезис, Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы, Азербайжан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн калыбына келишинин 30 жылдыгы деген аныктамага байланыштуу.
1918-жылы 28-майда Азербайжан Демократиялык Республикасы түзүлгөн. 1920-жылы бул республиканы Париж (Версаль) конференциясы де-факто тааныйт. Бирок буга Советтик Россия каршы чыгып, 1920-жылы Азербайжан ССРи болуп кайра уюшулат. Мына тарыхый факт. Көрдүңүзбү, азербайжан туугандар дал ушул фактыны бетке кармап, көз карандысыз мамлекет болгондугун, Азербайжан Республиканын калыбына келишинин 30 жылдыгын түрк саммитинде баса белгилеп алышты.
А биз Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын чечими менен белгиленген кыргыз мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгын, 8-9-кылымдардагы Улуу кыргыз каганатын барк албай, башкаларды туурап, кечээ гана союздук республика катары жаңы пайда болгон коңшуларды ээрчип, көз каранды мамлекеттүүлүктүн 30 жылдыгы деп атап отурабыз.
Улам кеп кылып, быйыл да август айында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын, эгемендүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы шартта калыбына келишинин 30 жылдыгы деген аныктама саясий, идеологиялык, укуктук жана тарыхый жактан туура, адилет аныктама экенин Би-Би-Сиге жаздым эле (караңыз: https://bbc.com.im/kyrgyz/articles/cvx8jy4ge72o%3C/a%3E%29. Саясий дымагы жана идеологиялык кусаматы болгон менен Орто Азиянын калган бир да республикасынын антип айтууга юридикалык жана тарыхый негиздемеси жок. Бизде гана көз карандысыз кыргыз мамлекетинин калыбына келиши дегенге айтууга негиздер жетиштүү. Балким эл-журт эки-жакты карап, салыштырып, бул оюма ынанаар, бара-бара кабыл алаар.
Түрк басылмалары эки жылдан бери Түркиянын Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан менен аскерий кызматташтыгы бекемделип, бул өлкөлөргө “Байрактар” бериле баштаганын баса белгилеп, “пантюркисттик армия” деген аныктаманы байма-бай колдонууда.
Пантюркизм термининин актуалдашып, трендге айланып отурушуна жалгыз түрк медиасы себеп эмес. Аналитиктер, дипломаттар, саясатчылар туш тараптан кеп кыла башташты. Ага негиздер арбын. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2019-жылкы түрк мамлекеттер кеңешинде “Алты мамлекет – бир улут”, биз бир тилде сүйлөгөн, орток тарыхы, маданияты бар, дини бир 300 млн журтпуз деген ураанын чакырган.
Быйыл “Түрк мамлекет башчыларынын кеңеши” – “Түрк мамлекеттер уюму” болуп өзгөрдү. Бейтарап Түркмөнстан байкоочу болуп кошулду.