Хор айтуу манасчылыктын көркүн ачабы же баркын чачабы?

Published

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Окуя болгон учур видеого тартылып калган

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Жалал-Абадда жабыла манас айтуу иш-чарасы өтүп жаткандагы калабалуу окуя талкуунун чордонунда. Сузактагы бул иш-чара уюштуруудагы коопсуздук эле эмес, улуттун руханий кенчи болгон манаска карата мамилени да козгоду.

Окуя катталган жерге барган атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кырсыктын келип чыгышын жергиликтүү бийлик органдарынын жана уюштуруучулардын шалаакы мамилеси менен байланыштырды. Алар жоопкерчиликти алышы керек деди жана бул тууралуу комиссия түзүлдү.

"Манас айтуу ар бир райондо, облуста уюштурулуп жатат. Биз кичине кезде бир-эки гана адам манас айтып, жүздөгөн-миңдеген адам угуп, көрчү эле. Азыр миңдеген адам айтат, эч ким укпайт. Ким көп адам топтойт, ким масштабдуу деңгээлде өткөрөт деп жарышка түшүп алышкан. Муну дагы катуу жолго коюу керек",- деди Ташиев.

Ал кырсыктан катуу жаракат алып, реанимацияда жаткан балдар үчүн президенттин фондунан 200 миң сомдон, жеңил жараат алгандар үчүн 50 миң сомдон бөлүнгөнүн айтты.

"Дарыгерлер консилиум өткөрөт. Борборго алып кетиш керек болсо, атайын учак менен алып кетебиз. Балдардын абалынан кабар алдым",- деди атайын кызматтын төрагасы.

Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан "Урааным Манас" кароо-сынагы республика боюнча токтотулганын маалымдады.

Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын психолог, педагогдору жеринде балдар жана ата-энелер үчүн иш алып барып жатканын, убактылуу кризистик борбор уюштурулганын айтты.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди деди. Иликтөөдө анын күнөөсү аныкталса, жоопко тартыларын билдирди.

Кырсыктын чоо-жайы

Буйрук

Сүрөттүн булагы, Нурбек Талантбеков

Буйрук

Сүрөттүн булагы, Нурбек Талантбеков

Буйрук

Сүрөттүн булагы, Нурбек Талантбеков

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматы боюнча унаа Жерге-Тал айылынын 48 жаштагы тургунуна таандык болгон. Porter токтоп турган жеринен жылып кеткени айтылат.

Саламаттык сактоо министрлиги 18 бала ооруканага жаткырылганын, алардын ичинен беш бала реанимацияга түшкөнүн билдирди.

Айрымдарга жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Жабыркаган балдар Сузак районунун Жерге-Тал, Багыш айылдарындагы 8-16 жаштагы мектеп окуучулары.

Уюштуруучулар эмне дейт?

Нурбек Талантбеков

Сүрөттүн булагы, Facebook

Каргашалуу окуядан кийин "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков коомдук медиага видео кайрылуу жарыялады.

Ал Сузактагы иш-чараны 2-майда өткөрүүнү эч ким менен макулдашпай, жергиликтүү жетекчилер өз билемдик менен пландаганын айтты.

Талантбековдун айтымында, манас үчилтигин жайылтуу боюнча президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында республикалык кароо-сынак апрель айында башталып, бир катар аймактарда өткөрүлгөн.

"Чүй менен Нарын облустары гана калган. Кырсык катталганда Ысык-Көлдө жыйынтыктап жаттык эле. Байге фондун аныктап, жакшы тилекте башталган. Учурда мен дагы Сузактамын. Бул дагы кокустук, кырсык экен. Так кесе бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын, бирок укук коргоо органдары териштирип жатат. Алар өз баасын берет",- деди Нурбек Талантбеков Би-Би-Сиге.

Анын айтымында, сынактын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге фонду каралган. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

"Манас - кыргыз элинин чоң көрөңгөсү"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Манас жөн гана көркөм чыгарма эмес, кыргыз элинин улуттук баалуулугун, идеологиясын бекемдөөгө чоң салым кошкон маданий жана руханий мурас.

Бирок соңку жылдары ага болгон мамиле, анын улуулугун даңазалоо канчалык сакталып жатат деген суроо жаралат.

Айрыкча манасты топтошуп алып айтуу ыкмасынын кеңири жайылышы, салттуу манас айтуу маданияты кандай болгон деген маселени кабыргасынан койду.

Акын, драматург Асан Жакшылыков бул маселе тууралуу төмөндөгүдөй ойдо:

"Азыркы коом манас дүйнөсүн жакшы түшүнө албай турат. Мындай иштер элге манасты жайылтуунун ыкмасы катары жүрүп жатат. Манас кыргыз элинин чоң көрөңгөсү, энциклопедиясы. Кыргыз элинин оң жана терс жагынын баары манаста жазылып турат. Керек болсо дүйнөдөгү курч болуп жаткан экология маселеси дагы манаста кичинекей эпизод менен даана түшүндүрүлгөн. Анда аябагандай чоң ааламдын сырлары жатат. Иш-чараны уюштургандар манасты жайылтабыз деп аракет кылып жатышат. Мектептерде манас айттырып, сынактарды уюштуруу жакшы көрүнүш. Мындан саясат жаратуунун кереги жок. Бирок кырсыктын болуп кеткени уюштуруучулардын чоң кемчилиги".

Асан Жакшылыков

Сүрөттүн булагы, Facebook

Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, Кызыл-Суудагы кыргыздар чогулуп манас айтып келген.

"Азыркы заманда бир адамдын манас айтып жатканын илгеркидей баары чогулуп келип угуусу өтө күмөн. Манасчылар жакшы ишти баштап жатат. Бул кырсык менен алардын ишин жаман аттуу кылбашыбыз керек. Манасты жаттатып, эл кыдырып, жер кыдырып айтуу жаман иш эмес. Ошол манас айтып жаткан балдардын баары манасчы болуп чыкпайт. Бирок ошондон эки сап эстеп калса дагы жүрөгүндө манас калат. Бул кырсык, ага Билим берүү министрлигин же “Манас” театрын күнөөлөөнүн кереги жок"- деди Иманалиев.

"Кыргызда хор менен манас айтуу болгон эмес"

Талантаалы Бакчиев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Манас улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев манасчылык өнөрдөгү салттуу негиздер боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Анын айтымында, кыргыз элинин тарыхында хор менен манас айтуу болгон эмес.

"Мен муну окумуштуу катары дагы, манасчы катары дагы айта алам. Кайсы бир учурда кытайлык кыргыздар тарабынан чогулуп манас айткан учурлар болуптур. Ошону үлгү тутуп, бизде дагы бир нече жылдан бери хор менен манас айтуу салтка айланып калды. Атүгүл аспаптын коштоосунда дагы айтылган эмес",- деди Бакчиев.

Окумуштуу манас айтуу боюнча кароо-сынактарды уюштуруунун өзү туура эмес деди. Мындай кадамдын баары эпоско болгон жеңил-желпи мамилени туюндура турганын кошумчалады:

"Манасчылыкты үйрөнүп алууга болбойт. Анын окуусу, академиясы, университети жок. Бул жогору жактан бериле турган нерсе. Илгертен бери кыргыздын түшүнүгүндө ушундай пикир уялап келген. Атүгүл балдарга анын ысымын ыйгаруудан карманышкан. Ашыкча, ыгы жок оозанып айтуудан тартынган. Аны шоу катары, концерттик деңгээлге түшүрсөк ыйыктыгы кайсы? Ыйык нерсе туюк болот. Ыйык нерсе аярлуу болот. Ыйык нерсе сырдуу болот. Ага этият мамиле кылуу керек".

Манас таануучулар азыркы кезде манасты жайылтуунун жакшы жолдорунун бири аны санариптештирүү дейт. Сапаттуу китептерди басып чыгаруу, тасмаларды жаратуу жана театрларда коюу аркылуу элдин жан дүйнөсүнө сиңирсе боло турганын айтышат.

Ошондой эле манаска байланыштуу ар бир иш-чара атайын көркөм кеңештин, эксперттик топтун баалоосунан өткөн соң гана уюштурулушу керек дейт.

Буга чейин манасты гиннестин рекорддор китебине каттатуу аракети катуу талкууга алынып, шакабага айланып кеткен эле.

Манас үчилтиги ЮНЕСКОнун атайын тизмесине киргенде анын баалуулуктарын, эпостун өзүн жайылтуу милдетин алган Кыргызстан мындан ары бул ишти кандай улантат, чыныгы таасирдүү жолун таба алабы деген суроо өзүнөн-өзү күн тартибине чыкты.