Казакстан: Балхаш жээгинде АЭС куруу демилгеси каршылыкка кабылды

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казак бийлиги Жамбыл облусунун Үлкен кыштагында АЭС курууну пландап жатат. Шейшембиде бул жерде атомдук энергетикалык курулуш боюнча коомдук талкуулар курч талаштар менен коштолду.

Казак басылмалары жергиликтүү тургундардын көбү атомдук электростанциянын курулушун колдошкону менен, экологдор, саясатчылар жана жарандык коом ага каршы чыгышканын жазууда.

Казакстанда АЭС куруу боюнча коомдук талкуулар өтүп жатат

Сүрөттүн булагы, orda.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда АЭС куруу боюнча коомдук талкуулар өтүп жатат

Үлкен кыштагында өткөн талкууга Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, атомдук тармактагы эксперттер, экологдор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты:

"Муз акыры дегенде козголду. Негизги маселе – атом электр станциясын курулушун талкуулап жатабыз. Мындан эмне чыгат? Бүткүл Казакстан үчүн натыйжасы болот. Мен силерге айтып коеюн, Жамбыл облусунда энергия таңкыстыганан улам 200 миллиард теңгеге тете долбоорлор токтоп турат. Үлкендик тургундар жакшы билишет, биз ар бир жолугушуубузду ушул маселени талкууладан баштачу элек. Бул долбоор биздин облустун жаркын келечеги үчүн керек", - деди Жамбыл районунун акими Нурлан Ертас.

Коомдук талкууга Алматыдан келген активисттер иш-чаранын алдында Үлкендеги мектеп имаратынын алдында пикет чыгышып, Казакстандын Балхаш көлүнүн жээгине салына турган атомдук станцияга каршылыгын билдиришти.

Алар "Жер энени уулануудан сактайбыз!", "АЭС курууга жол жок! ", "АЭСтен азат!" деген транспаранттарды көтөрүп турушту.

Үлкендеги АЭС курууга каршылык

Сүрөттүн булагы, Sputnik/Ертай Сарбасов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үлкендеги АЭС курууга каршылык

"АЭС курууга жалпы журт каршы. Талкуудан кийин эми көпчүлүк жеңеби же анын курулушун жактаган азчылык жеңеби билинет. Арийне, көпчүлүк жеңиши керек. Бирок азчылыкты бийлик колдоп кетсечи. Бул жерге АЭСке каршы эколог, саясатчылар жана башка эр-заматтар келишти. Жыйын өткөзүп журттун пикирин билген жакшы. Бул маселени референдумга алып чыгыш керек", - деди Азаттыктын Казак кызматынын түз эфирине чыгып өзүн Рыспек деп тааныштырган казак активисти.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Үлкендеги өткөн АЭС куруу боюнча талкууда бир чечим чыгарылган жок.

Жыйынга катышкан жергиликтүү тургундардын көбү Энергетика министрлигинин бул долбоорун колдоп жатышат. Алардын пикиринде, Балхаш жээгинде АЭС салына турган болсо, бул айылдын инфраструктурасын чыңдайт жана жаңы жумушчу орундарын камсыздамак. Себеби, казак бийлиги АЭС курула турган болсо 10 миң жумушчу орун камсыздаларын убадалап жатат.

Бирок экологдор АЭС куруунун кесепетин эскертип, казак бийлигин бул долбоордон баш тартууга чакырууда.

“Атомдук электростанциялар зыян гана алып келет. Алардын иши радиоактивдүү ыш менен коштолот. Азыр жарандарга туура эмес маалымат берип жатышат. Коомдук угууларда базалык маалыматтар да берилиши керек. Азыркы коомдук угуулар алдын ала пландашкан шоу эле болуп калды. Эксперттерге сөз берилбей калды. АЭСтен башка деле мүмкүнчүлүктөр бар да. Энергиянын башка булактарын деле өнүктүрсө болот, алардын кубаты деле АЭСтен кем калышпайт”,- деди Казакстандын Экология министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Светлана Могилюк.

Светлана Могилюк, эколог

Сүрөттүн булагы, pavon.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Могилюк, эколог

Ошентип Казакстанда АЭСти курууну боюнча коомдо орток пикир табылбай турат. Ал арада казак президенти Касым-Жомарт Токаев Вьетнамда иш-сапарда жүрөт.

Казак саясат талдоочусу Шалкар Нурсеитов Үлкенде өткөн АЭС куруу боюнча талкуу тууралуу коомдук сайттардагы баракчасына жазды:

"Бир сөз менен айтканда авторитаризм курсундагы Казакстанда классикалык стилде " коомдук" угуу өтүп жатат. 2019-жылы ушул маселе боюнча "керек болсо коомдук угууларды өткөрөбүз" деп маалымдаган К.Токаев азыр Вьетнамда чопо кумара жасап жүрөт. "Жаңы Казакстан" деп жана "калк үнүнө кулак салчу" бийлик тууралуу билишибиз керек нерсенин баары - ушу".

Казакстандын Энергетика министрлиги Үлкендеги АЭСти курууга россиялык "Росатом", қытайлык CNNC (China National Nuclear Corporation), кореялык KHNP (Korea Hydro & Nuclear Power) компаниясы жана франциялык EDF (Électricité de France) компанияларынын сунуштарын карап жатат.

Коомдук угуулардан кийин эми Үлкенде АЭС куруу маселеси жергиликтүү деңгээлде – маслихаттарда каралат.

Кыргызстанда да былтыр АЭС куруу демилгеленип, аны ишке ашырууга "Росатом" ишканасы белсенип жатканы белгилүү болгон.

Кыргызстанда дагы жергиликтүү экологдор тынчсыздануу билдирип, дүйнө жашыл экономикага өтүп жаткан маалда атомдук энергетикага басым жасоонун кажетин айтып чыгышкан.

Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам суу ресурстары азайып, анын жыйынтыгында аймакта барган сайын электр энергиясына болгон таңкыстык орун алууда.

Мындан улам Борбор Азия өлкөлөрү энергетикалык жаңы булактарды издөөгө мажбур болууда.