Украинадагы согуш: Орусиянын спирт заводдорун бутага алууда кандай сыр бар?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Олег Черныш, Би-Би-Си Украина кызматы

Спирт ар тараптуу пайдаланылат. Анын ичинде аскердик максатта да колдонулат

Сүрөттүн булагы, Collage ВВС/Getty Image

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спирт ар тараптуу пайдаланылат. Анын ичинде аскердик максатта да колдонулат

Октябрь айында Орусиядагы спирт заводдорго украиналык учкучсуз учактар бир нече жолу чабуул коюшкан. Бул кандай максатта жасалышы мүмкүн?

Бул Олег Черныштын макаласынын котормосу, украин тилиндеги түп нускасын бул макаланын этегинен окусаңыз болот.

27-октябрь күнү кечке маал Воронеж облусунун Новохоперск шаарына жакын жердеги "Этанол спирт" заводуна дрондор чабуул койду. Бул соңку аптадагы экинчи чабуул.

Аталган облустун губернатору Александр Гусевдин айтымында, дрондор чарбалык имараттын чатырына жана айрым челектерге кулап түшкөн. Гусев билдиргендей, өрт жана окуядан улам жабыркагандар болгон жок.

Воронеж облусундагы Аннинский райондо дагы ушундай эле ишкана дрон чабуулуна дуушар болду. Бул жерге жасалган чабуулдун бутасы спирт заводу же "Аннаннефтепродукт" мунай базасы болушу мүмкүн.

22-октябрда Орусиянын бир нече спирт заводуна дрон чабуулу жасалды, андан Тула, Тамбов жана Воронеж облустардагы ишканалар жабыркады.

Бул операцияларга ондогон дрон катышканы айтылып жатат.

Согушта колдонулган спирт

"Этанол спирт" заводундагы жарылуу

Сүрөттүн булагы, ASTRA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Этанол спирт" заводундагы жарылуу

Өткөн жылы орусиялыктар алкоголдук ичимдикти рекорддук көлөмдө сатып алышты. Орто эсеп менен алганда ар бир кишиге сегиз литр таза спирт туура келет, бул акыркы тогуз жылдагы рекорд.

Украинанын улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин өкүлү Андрей Коваленконун айтымында, украиналык дрондор чындап эле Орусиянын спирт заводдоруна чабуул жасап жатат. Коваленко бул ишканаларды "аскердик объект" катары эсептей турганын баса белгиледи:

"Орустар спирт заводдорунан спиртти гана эмес, аскердик муктаждыктар үчүн күйүүчү майдын түрлөрүн жана жардыргыч заттарды чыгарышат. Ошондуктан аларга кол салып жатабыз. Булардын баары аскердик объекттер".

Коваленконун айтымында, орусиялык спирт заводдордон чыккан спирт өздөрүнүн авиациясындагы күйүүчү майга, тормоздук системага, муздан тазалоочу каражаттарга колдонулуп жатат.

Анын айткандары чындыкка дал келеби?

"Биохим" спирт заводу

Сүрөттүн булагы, "Биохим"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Биохим" спирт заводу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Спирт чынында эле жардыргыч заттарды жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Тагыраак айтканда, алгач гидролиз аркылуу этиленгликолго, андан кийин нитрогликоль деп белгилүү болгон жарылуучу кошулма этиленгликольдинитратына (EGDN) айланат.

Таза нитрогликолду биринчи жолу 1870-жылы бельгиялык химик Луи Генри 0°Сге чейин муздатылган азот жана күкүрт кислоталарынын аралашмасына аз өлчөмдө этиленгликолду кошуу аркылуу алган. 1914-жылы Германияда бул динамит үчүн антифриз катары колдонулган.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда глицерин жетишсиздигинен улам EGDN түтүнсүз күкүрт катары колдонулган. EGDN уулуу зат болгон үчүн кийинчерээк аскердик багытта дээрлик колдонулбай калды. Бирок террористтер кээде аны колго жасалган бомбалар үчүн колдонуп жүргөнү маалым.

Мындан тышкары спирттин жардамы менен алынган полиэтиленгликоль ракетанын катуу отун компоненттеринде колдонулат. Аскердик медицинада спиртти колдонуу кеңири жайылган.

Дрон чабуулуна кабылган ишканалардын интернет сайттарында, орусиялык маалымат каражаттарында айтылгандай, алар чындап эле Орусиянын коргонуу комплекстерине өз продукцияларын жеткирип жатышат.

Мисалы, "Биохим" ишканасы (Тамбов облусу) өзүнүн сайтына жазганына караганда, алар Орусиянын 500дөн ашык ишканасына, атап айтканда коргонуу, аэрокосмостук комплекстерге, атомдук өнөр жайга жана деңиз флотуна продукцияларды жеткирүүчү болуп саналат.

Эксперттердин эки ача пикири

Бирок айрым аскердик эксперттер спирт заводдоруна жасалган чабуулдардан пайда деле жок дешет. Мисалы, орусиялык аскердик аналитик Руслан Левиев (Орусияда "чет элдик агент" деп жарыяланган) авиацияда спирт дээрлик колдонулбай калганын айтууда:

"Музга каршы системалар этиленгликолдон алынган гликоль эритмелеринде иштейт. Этиленгликоль жетимиш жылдан бери спирттен жасалбай калды, ал түздөн-түз этиленден алынат".

Ал ошондой эле бензинге этанол кошуу Орусияда сейрек кездешкен практика экенин жана анын авиацияга такыр тиешеси жоктугун билдирди.

Күкүрт өндүрүүдө спирттин колдонулушуна келсек, Левиевдин айтымында, алар анын аз гана өлчөмүн колдонушат, андан тышкары ал процессте бууланбаган үчүн өзү да керектелбейт.

"Сиз Орусиядагы бардык спирт заводдун жарымын жок кылышыңыз мүмкүн, бирок муну порох өндүрүшүндө эч ким байкабайт", - дейт талдоочу.

Ошол эле учурда дагы бир орусиялык аскер эксперти Василий Дандыкин дрон соккулары орус авиациясына зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт.

"Алар биздин эл азыраак ичсин деп спирт заводдорун ургулап жаткан жок. Менин оюмча, бул соккулар аскердик ишке байланыштуу. Чынында спирт алкоголь ичимдиктерин жана тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн гана эмес, өнөр жайда, медицинада, жада калса авиацияда да колдонулат. Спирттин жардамы менен кышында учактарды тазалашат, ал муздан коргойт", - деген Дандыкиндин сөзүн "Московский комсомолец" газити басып чыкты.

Украинадагы согуш бүт дүйнөгө таасирин берип жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш бүт дүйнөгө таасирин берип жатат

Украиналык авиация боюнча эксперт Виталий Романенко Би-Би-Синин Украина кызматына интервью берип, авиацияда спирт колдонууну өз тажрыйбасында көргөнүн айтты. Ал билдиргендей, радиоэлектроника өндүрүшүндө спирт майдан арылтууга жардам берет.

Украинанын Куралдуу күчтөрүндө иштеген Би-Би-Синин маектеши орусиялык спирт заводдорго жасалган чабуулдардын мааниси жөнүндө суроого түз жооп берген жок. Бирок бул объекттердин абадан коргонуу жаатында кемчиликтери бар экенин айтты.

"Соңку айларда Орусия абадан коргонуусун күчөттү. Ал эми бул объекттер начар корголгон", - деп түшүндүрдү ал.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз: Навіщо Україна атакує російські спиртзаводи