Жер менен жексен болгон мүрзө. Орусия вагнерчилерди биротоло унуттурабы?

Украинада согушка катышып, курман болгон кыргызстандыктын сөөгү Орусияда казылып, Кыргызстанга коюлду

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада согуштан курман болгон кыргызстандыктын сөөгү Орусиядагы мүрзөдөн казылып алынып, Кыргызстанда кайра коюлду
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Би-Би-Синин Орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы аныктаган Россия армиясындагы жоготуулар жөнүндө иликтөөдө Украинадагы согушта кыргызстандык 26 жаран курман болгону айтылат. Булардын арасында Орусиянын жарандыгын алгандардын бар жогу тууралуу так маалымат жазылган эмес. Абактагылардын көбү согушка барсаң эркиндик менен акча аласың деген убадага азгырылгандар деп айтылып эле жүрөт.

Согуштан кайтпай калган вагнерчилердин сөөгү ар кайсы жерде көмүлүп, кийин мүрзөсүн кошо тегиздеп салганы тууралуу маалыматтар интернетте тарап жүрөт.

Би-Би-Си жакындары согушка кетип, кийин ушундай көйгөйгө туш болгондор менен байланышты.

Орусияда бир жылдан бери вагнерчилердин мүрзөсү тегизделип, жер менен жексен болууда. Арасында Кыргызстандын жаранынын дагы сөөгү бар деген маалымат түштү. Өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып, Орусия үчүн өмүрүн бергендерге карата мындай мамилени көбү түшүнө албай турат.

Айрымдары бул көрүнүштү “Вагнер” компаниясын негиздеген Пригожинден орус бийлиги өч алып жатат десе, айрымдары аскер кылмыштарын жоюу аракети болуп жатат деп чечмелөөдө.

“Көрүстөндөн күйөөмдүн сөөгүн араң алып чыгып кеттим”.

Кыргызстандыктар жаткан вагнерчилердин көрүстөнү. Москва облусунун Маврино айылы.

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандыктардын сөөгү жаткан вагнерчилердин көрүстөнү. Москва облусунун Маврино айылы.

Москва облусунун Маврино айылындагы аллеяда жүз үч вагнерчинин сөөгү бар. Алардын көбү абактан жоголуп, дайыны ушерден табылгандар.

Мындан бир нече ай мурун бул жерде чөп өсүп, көрүстөндүн үстү гүл-чамбар менен турчу. Азыр болсо бул жер жөн гана топурак. Көрүстөн үстүндөгү чырым, гүл-чамбардын баары алынып, дөңсөөлөр түздөлүп, бир гана аты-жөнү жазылган тактайча калган.

Дал ушул жерге Украинадагы согушта окко учкан эки кишинин сөөгү көмүлгөнү тууралуу маалымат келип түштү. Алардын тек-жайы Кыргызстан менен түздөн-түз байланышкан. Бирөөнүн сөөгү кышында ушул жерден казылып, Кыргызстанда кайрадан жерге берилгенин жакындары айтып берди.

Нурбектин (аты өзгөртүлдү) сөөгү Орусиядан вагнерчилер көрүстөнүнөн 6-февраль күнү казылып, Кыргызстанга кайра 7-февраль күнү көмүлгөн учур

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбектин (аты өзгөртүлдү) сөөгү Орусиядан вагнерчилер көрүстөнүнөн 6-февраль күнү казылып, Кыргызстанга кайра 7-февраль күнү көмүлгөн учур
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Жолдошумдун сөөгү Мавринодо бир жыл он күн жатты. 2023-жылдын 27-январында көмүлүп калган экен. Муну тастыктаган документтерди дагы кийин араң алдык. Анан 2024-жылдын февраль айында каздырып, Кыргызстанга алып кеттик. Бул процесс оңойго турган жок. “Вагнер” жоюлгандан кийин байланыш үзүлүп, кеңселери жабылып калган. Ошондо айрым кызматкерлеринин жеке номерлерине түз чыгууга туура келип жатты. Бирок мен мындай тоскоолдуктарга багынбай, тынч отуруп калбай аягына чейин күрөштүм”, - деди согушта күйөөсүн жоготкон Гүлкан.

Гүлкандын жолдошу Нурбек Кыргызстандын жараны болчу. Орусияда иштеп жүрүп, (аты өзгөртүлдү) абакка 2019-жылы түшкөн. Акыркы ирет 2022-жылдын октябрь айында абактан байланышка чыгып, ошону менен дайыны жок болуп кеткен. Кабатырланган жубайы тынымсыз издеп отуруп, акыры сөөгүн ушул Мавринодон тапкан.

Согушка баргандар ишенимдүү адам катары жакын тууганынын же үй-бүлөсүнүн байланыш номерлерин калтырып кетишет. Нурбек “Вагнерге” Кыргызстандагы аталаш агасынын телефон номерин калтыргандыктан, компания ал каза болгондо, кабарды дароо агасына угузган. Туугандары сөөктүн Орусияда көмүлүүсүнө макулдугун берип, бул чечим тууралуу жубайына айтышкан эмес.

Жубайы абактан дайынсыз кеткен жолдошун өз алдынча издеп кайрылбаган жери калбаганын айтат. Би-Би-Си орус кызматынын журналисттери Мавриного жашыруун көмүлгөн вагнерчилердин көрүстөнүн таап, арасынан Гүлкандын жолдошу Нурбектин аты-жөнү жазылган тактайчаны көрүшкөн.

"Жолдошумдун сөөгү Мавринодо бир жыл он күн жатты..."

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жолдошумдун сөөгү Мавринодо бир жыл он күн жатты..."

“Кыргыз элинде “Султан сөөгүн кордобойт” деген сөз бар. Бирок, менин жолдошумдун окуясында башкача болуп калды. Атасы баш болуп, туугандары баары сөөктү алып келүүдөн баш тартып коюшту. Күрөштө жалгыз мен калдым. Сөөктү Кыргызстанга койдуруу үчүн депутат Жанар Акаевге чейин бардым. Ал мага жер бөлүп берүүгө көмөктөшүп, акыры Кыргызстанга алып келдим”, - деди Гүлкан.

Мавринодо жаткан экинчи кыргызстандык

Мавринодо Адахамжон Гуламжановдун сөөгү жаткан көрүстөн да тегизделип калганы маалым болду

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мавринодо Адахамжон Гуламжановдун сөөгү жаткан көрүстөн да тегизделип калганы маалым болду

Көрүстөндө 1994-жылы туулган Адахамжон Гуламжанов деген дагы жазуу бар болчу. Журналистттер иликтеп отурушуп, анын теги кыргызстандык экенин, киийнчерээк Орусия жарандыгын алганын ырасташкан.

Ал 2019-жылы маңзат ташууга айыпталып, он эки жылга эркинен ажыратылган.

Атасы уулунун согушка барганы тууралуу таптакыр укпаганын, абактан 2022-жылдын октябрь айынан бери дайынсыз болуп жатканын Би-Би-Синин орус кызматына айтып бергени бар. Уулунун 2022-жылдын ноябрь айында окко учканын үч айдан кийин, тагырагы 2023-жылдын февралында гана уккан.

Азыр Гуламжановдун жаткан жери дагы түздөлдү дешет.

Вагнерчилер көрүстөнүнүн мурдагы жана азыркы абалы

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вагнерчилер көрүстөнүнүн мурдагы жана азыркы абалы

“Түрмөдөн алдап, кыйнап, азгырып эле согушка алып кетти да. Башка кандай болмок эле? Балам өлдү, анын артынан акчанын кереги жок деп, компенсациядан баш тартып койгонбуз. Апасы дагы ооруп ошондон бери жакшы эмес”, - деди Адахамжондун атасы Улукманжан.

Ушул күнгө чейин “Вагнер” менен кетип, Украинада курман болгондордун так саны жок. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Бахмутта эле он жети миңдей вагнерчи курман болгон. Алардын ичинен канчасы кыргызстандык экени так белгисиз.

Анын бирден бир себеби орус бийлиги вагнерчилердин өлүмүн ушул күнгө чейин расмий тааный элек.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын өткөн жылдагы чыгарган иликтөөсүндө эле теги, жарандыгы боюнча мурун кийин Кыргызстанга түз же кыйыр тиешеси бар он жети кишинин аты-жөнүн ырастаган. Алар “Вагнердин" катарында согушка барган. Арасынан он кишинин сөөгү мекенине коюлса, калгандарыныкы Орусиянын ар кайсы жерине көмүлгөн.

Алардын канчасынын мүрзөсү азыр жер менен жексен болгону азырынча так белгисиз.

Аскердик кылмышты жашыруубу?

Николаевка айылындагы вагнерчилердин көрүстөнү азыр ушундай. Момументте вагнерчилердин аты-жөнү эмес, жетондогу гана номери жазылган.

Сүрөттүн булагы, GULKAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Николаевка айылындагы вагнерчилердин көрүстөнү азыр ушундай. Момументте вагнерчилердин аты-жөнү эмес, жетондогу гана номери жазылган.

Орусияда вагнерчилердин көрүстөндөрүнүн биринде, жалпы бир эле эстелик тургузулганын көрүүгө болот. Ал жерге дагы аты-жөнү жазылбай, согушка кеткендеги жетон номери гана жазылган.

Кызыгы, согушта курман болгондордун ичинен вагнерчилерге гана ушундай мамиле болуп жатат дешет.

“Көптөгөн аскердик кылмыштар болгон. Мисалы, басып алган аймактарда, Бахмутта ж.б. көп жерде аскердик кылмыштар болгон деген маалымат бар. Көрүстөндөрдү жок кылуу – аскердик кылмыштардын изин жашыруу максатында болушу мүмкүн. “Вагнер” көбүн эсе катарына түрмөдө мыйзам бузуп, адам өлтүрүп, кыз зордуктагандарды кабыл алган да. Ошолор менен Украинада согушкан да. Согуштун эрежелери менен алып караганда, бул кылмыш болуп эсептелинет да. Согуш бүткөндө, көрүстөндөн ал адамдардын таржымалын таап чыгып калышса, көп суроолор Орусия берилип калат да. Ошол болбосу үчүн из жашыруу процесси жүрүп жатат да”, - деп билдирди юрист Мирлан Токтобеков.

"Көрүстөндөрдү жок кылуу – аскердик кылмыштардын изин жашыруу максатында болушу мүмкүн"

Сүрөттүн булагы, PRESS SLUJBA PRIGOJIN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Көрүстөндөрдү жок кылуу – аскердик кылмыштардын изин жашыруу максатында болушу мүмкүн"

Юрист Токтобековдун айтымында, көрүстөндө жаткандардын жакындары, көмүлгөн жердин түздөлүшүнө каршы пикир айткандан башка эч нерсе кыла албашы мүмкүн.

Пригожин 2022-жылдан тартып абактагыларды согушка азгыра баштагандан кийин, Орусиянын алыскы аймактарында жашыруун көрүстөндөр улам чыга баштаган.

Би-Би-Синин орус кызматы бир жыл мурун Орусия аймагында вагнерчилерге тийиштүү жети көрүстөн аныкталганын жазып чыгышкан.

Абактагылардын көбү “Вагнерге” эркиндик менен акчага азгырылып согушка тартылганы анык. Аны негиздеген, Путиндин ашпозчусу катары таанымал болгон Евгений Пригожин өткөн жылдын 23-августунда авиакырсыкта мүрт кеткен. Бул окуядан эки ай мурун ал компаниясындагы согушкерлер менен Орусияда козголоң уюштурган.

Украинадагы согушка кыргызстандыктардын ичинен өз каалоосу менен орус, чечен армиясы менен келишим түзүп кеткендер дагы бар.

Кыргыз бийлиги бул согуш башталгандан тарта кыргыз жарандарын чет жерде согушка, согуштук аракеттерге, куралдуу кагылыштарга, куралдуу топтордун аракеттерине катышпоого чакырып, эскертип келе жатат. Мыйзам боюнча кыргыз жаранынын чет жердеги согуштук аракеттерге катышуусуна мыйзам катуу тыюу салат.