Ташиевдин соту: "Узакбаевдин саламаттыгы начар"
Ташиевдин соту: "Узакбаевдин саламаттыгы начар"
Published
Камчыбек Ташиев баштаган сегиз кишинин соту ачык өтө баштады. Журналисттерге жараянды видеого тартууга уруксат берилди. Соттук отурумда айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин саламаттыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Анын адвокаты соттук отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Жаза аткаруу кызматынын фельдшери айыпталуучу сот залында боло ала тургандай абалда экенин айтты. Натыйжада сот отурумду кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.



