"Трамп Путинге тиш кайрады": Дүйнөлүк ЖМК АКШнын Украинага көбүрөөк курал берем деген убадасын кандай талдап жатат?

Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Дональд Трамптын Украинаны америкалык эң акыркы куралдар менен камсыз кылуу жана 50 күндүн ичинде ок атышпоо келишими түзүлбөсө, Москвага жана анын өнөктөштөрүнө экинчи даражадагы салыктарды салууга убадалары Киев үчүн абдан жакшы белги,- деп эсептейт дүйнөлүк маалымат каражаттары. Америкалык президенттин Владимир Путинге карата риторикасында өзгөрүү бар, бирок эң негизгиси али алдыда: Трамп бул жолу Москваны согушту токтотууга мажбурлоо аракетинде туруктуу жана өжөр боло алабы?

"Путин Трампты кыжырлантты"

Өткөн аптада Дональд Трамп жарыялаган украин маселеси боюнча "негизги билдирүү" Украинага абдан керек болгон жаңы курал-жарак жана Patriot системаларынын ири партиясын берүү убадасы болду. Ошондой эле ал, эгер Москва 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык келишимине макул болбосо, анын экспортуна 100% кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү менен да коркутту. Бул билдирүүнү Трамп дүйшөмбү күнү, 14-июлда, Вашингтондо НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуудан кийин жасады.

Трамп катуу жазалайм деп мөөнөт коюп, коркутканды мыкты билгени менен, кийин ошол убадасын аткарууну унутуп да кое турган адаты бар, – деп New York Times тамаша иретинде жазды. Ошентсе да бул жолу анын билдирүүсү жетишерлик катуу жаңырып, дүйнөлүк маалымат каражаттары АКШ президентинин риторикасындагы бурулуш Владимир Путинден Киев тарапка өткөнүн байкады.

Акыры Дональд Трамп Владимир Путинге "тиш кайрады", — деп жазат Bloomberg басылмасынын дипломатиялык баяндамачысы Андреас Клут "Путин акыры Трампты тажатып бүттү" деген макаласында.

Ал АКШ президентинин Украинага дагы жаңы курал жөнөтүү чечимин талкуулап жатып, бул курал үчүн Европа төлөй турганын айтты. Трамп үчүн бул пайдалуу экенин, Америка биринчи орунда ошол эле учурда Украина да артта калбайт турганын билдирди.

Трамп мурда Путинге ашыкча арбалып, өзүнө өтө ишенип келген. Эми алардын "достук мамилеси" салкындай түштү. Бирок бул өзгөрүү согушту токтотуу мүмкүнчүлүгү жагынан алганда, тескерисинче, жакшы нерсе деп эсептейт Клут. Анын айтымында, "АКШ президентинин Кремлге болгон жаңы позициясы куру намыс, көңүл калуу жана таарыныч дүйнөлүк саясатта оң дагы таасир тийгизе турганын көрсөттү".

Трамп Владимир менен болгон "жагымдуу сүйлөшүүлөрдөн" көңүлү калганы бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгынан ачык көрүнүп турат,- деди Bloomberg баяндамачысы. Ал коркпосо дагы, кыжырланып калды. Анткени узакка созлуган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кандайдыр бир олуттуу жылыштын жоктугу Трампты тарапташтарынын көзүнө да алсыз көрсөтүп коюшу мүмкүн. Балким дал ушул "алсыз көрүнүп калуудан" коркуу Трампты Путинге карата катуураак сүйлөөгө мажбурлады,- деди Клут. Ал АКШ президенти "Трамп дайым коркоктугун көрсөтөт" деген (Trump Always Chickens Out, TACO) талкууну аябай жек көрө турганын кошумчалады.

"Трамптын эмне үчүн кайрадан катуу позицияга өтүп жатканын так түшүнүүгө болбойт. Ал Москвага басым жасап жаткан себеби Путин эл аралык укукту жана моралдык принциптерди одоно бузуп, көз карандысыз өлкөгө себепсиз басып киргени үчүн эмес. Же болбосо Орусиянын Чыгыш Европадагы агрессиясы АКШнын геостратегиялык кызыкчылыктарына коркунуч туудурганы үчүн да эмес. Эгер ушулар аны чындап эле ойлонтсо, биз буга чейин эле муну билмекпиз. Трамп Путинге басымды күчөткөнү, эл көзүнө алсыз көрүнгүсү келбей жатканында жана көпкө чейин өзүнө окшош күчтүү лидер деп эсептеп жүргөн Путин эми аны да тажатып бүттү көрүнөт"- деп жазды Клут.

Эгер Москваны жаңы масштабдуу санкциялар менен жазалоо идеясын республикачылар (мисалы, Линдси Грэм) да, демократтар (Ричард Блюменталь) да колдоп жатса, Украинага көбүрөөк курал берүү чечими Трамптын эң ишенимдүү тарапташтарынын, анын ичинде MAGA (Американы кайрадан улуу кылуу) кыймылынын өкүлдөрүнүн да сынына кабылды. Мисалы, консервативдүү республикачыл конгрессвумен Марджори Тэйлор-Грин.

Ал Трамп өз шайлоочуларына АКШ чет өлкөлүк жаңжалдарга аралашпайт деп убада бергенин эстетти. Анын айтымында, Украинага жардамды күчөтүү — бул биз катышпашыбыз керек болгон "башка согушка" дагы көбүрөөк аралашуу деген эле сөз", — деп жазат Вашингтондогу Би-Би-Си кабарчысы Бернд Дебюсман.

Бул чындап багытты 180 градуска өзгөртүүбү же анчалык эмеспи?

"Трамп акыры чарчады" деп кайталап жазды Блумберг француз Le Monde гезити. Франциянын президенти Эммануэль Макрон да башында Владимир Путинге таасир этем деп үмүттөнүп, Орусия президенти менен телефон аркылуу көп сааттап сүйлөшкөн. Бирок кийин бул сүйлөшүүлөр натыйжа бербестигин түшүндү.

"Украина маселесинде жарым жылдай майнап чыкпагандан кийин Трамп саясаттагы багытын кайрадан ойлонуп чыкты. Ал Ак үйгө кайтып келгенден кийин башында согушту токтотуу үчүн украиндер канча кыйынчылыкка чыдоого туура келсе да, Путин менен "өзгөчө" мамилеге барууну туура көргөн эле",- деп жазат Le Monde.

Трамптын риторикасы өзгөргөнү менен, маалымдоо каражаттары бул өзгөрүүнүн масштабын ар түрдүү баалап жатат.

"Ооба, багыт өзгөрдү, бирок толук эмес" деп жазды Вашингтондогу Le Monde гезитинин кабарчысы Жиль Пари. Анын айтымында, Трамп украин аскерлерин "эр жүрөктүк менен согушуп жатышат" деген урмат менен эскерди, бирок согуш үчүн жоопкерчиликти түздөн-түз Путинге жүктөгөн жок жана аны "адам өлтүргүч " деп атабаганын айтты. Ошондой эле Трамп жарыялаган санкциялар Грэм менен Блюменталь сунуш кылган чараларга караганда кыйла жумшагыраак экенин эскертет.

"Трамптын Украинага курал жөнөтүү планы жана ошол эле учурда Орусиянын соода өнөктөштөрүнө катаал санкция салуу коркутуусу анын согуш боюнча позициясында чоң өзгөрүүнү көрсөтөт, бирок негизги деталдары азырынча бүдөмүк бойдон калууда",- деди New York Times гезитинин кабарчылары.

Пентагондун расмийлери көптөгөн деталдар дагы эле иштелип жатканын айтышты жана эксперттер Трамптын Орусиянын соода өнөктөштөрүнө 100% кошумча тарифтерди киргизем деген коркутуусунун шек санап турушат.

Бул тарифтер биринчи кезекте Кытайга таасир этиши мүмкүн, деп белгилейт америкалык гезит. Бирок Кытайдын Орусия менен болгон соодасынын көлөмү - жылына болжол менен 250 миллиард доллар. Андыктан мындай кадам АКШ менен Пекинди жаңы конфронтацияга алып барат дегенди билдирет.

"Аналитиктер Трамп Украинанын айынан дүйнөдөгү экинчи ири экономика болгон Кытай менен кайрадан ачык тирешүүгө барат дегенге ишенбейт. Анткени Украинанын тагдыры АКШ үчүн абдан чоң мааниге ээ эмес",-деп эсептейт NYT.

Трамптын убадасында так конкреттүү маалыматтар аз болгонун британдык Guardian гезитинин кабарчысы Дэн Саббах да белгилейт. Ал АКШ президентинин жарым сааттык сөзүн "бир топ түшүнүксүз" деп мүнөздөдү. Мисалы, Европадагы НАТО боюнча өнөктөштөр Киев үчүн АКШдан канча суммага курал сатып алары так айтылган жок, ошондой эле кайсы ок-дарылар берилери да толук түшүндүрүлгөн эмес деп жазат Саббах.

Москваны жана анын соода өнөктөштөрүн 100% кошумча пошлина менен жазалайм деген Трамптын коркутуусу деле анчейин коркунучтуу эмес угулат. Себеби соңку апталарда эле Трамп импорттук товарларга салыктарды улам көтөрүп, кайра түшүрүп, позициясын бат-бат өзгөртүп келди. Анан да Путин бул талапты аткарбаса, конкреттүү эмне жоготот - түшүнүксүз бойдон калууда, — деп тамаша иретинде жазат Guardian гезитинин кабарчысы.

"Ошентсе да Трамптын Украинага курал жөнөтүү тууралуу бүдөмүк билдирүүсү анын риторикасында 180 градуска өзгөрүү болгонун көрсөтүп турат, — деп эсептейт Саббах. Анын айткандарын эске алганда дүйшөмбү маанилүү күн болду. Трамптын сөздөрүндө Путинге ачык ачуулануу байкалбаса да, нааразычы болгону так сезилди".

Guardian гезитинин кабарчылары Джулиан Боргер, Петр Сауэр жана Люк Хардингдин айтымында, маселе бир гана сүйлөө ыкмасында эмес.

"Трамптын билдирүүсү Ак үйдөгү маанайдын кескин өзгөргөнүн көрсөтөт, — деп жазышат алар. Трамп эми Украинага курал жеткирүү боюнча Жо Байдендин саясатын улантаарын кыйытты. Мурда Трамп да, анын айрым жогорку кызматтагы кишилери да Киевдин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө шек санап, шылдыңдап сүйлөшсө, дүйшөмбү күнү АКШ президенти украин аскерлеринин кайраттуулугун мурда болуп көрбөгөндөй жылуу баалады".

Ошол эле учурда Трамптын мактоосун унчукпай угуп отурган вице-президент Жей Ди Вэнс — ушул эле Ак үйдө, февралда Украинанын президенти Зеленскийди сындап, "балээни башына үйдү " деп айткан адам эле,- деп жазды Британ басылмасы.

"Кандай болгон күндө да Путинди опузалоо жана мөөнөт белгилөө дежавю сезимдерин жаратат", – деп жазды Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер.

"Бир караганда Ак үйдүн билдирүүлөрү Украинага чоң үмүт берет. Эгер убадаланган курал-жарак өлкө аймагына жеткирилсе, Киев ого бетер дем-күч алат. Бирок 50 күн ичинде ок атышууну токтотуу боюнча ультиматум тууралуу айтсак, муну буга чейин деле башыбыздан өткөргөнбүз: ошондо да Трамп менен Путиндин аракеттери үмүтүбүзгө суу сепкен", – деп белгиледи ал.

Гарднердин пикиринде, бул жолу абал башкача болушу ыктымал. Анткени Трамп азыр ачык эле Кремлге карата нааразылыгын билдирип жатат.

"Бирок 50 күн Кремлге маневр жасоо үчүн кенен мүмкүнчүлүк берет. Санкциялар күчүнө кире электе кандайдыр бир каршы сунуш даярдоого убакыт бар.

Согуштун азыркы ыргагында Орусия теориялык жактан 50 күндүн ичинде түнкү бомбалоо учурунда Украинага 25 000 учкучсуз учактарды жана ракеталарды учурушу мүмкүн", — деп эсептейт Би-Би-Си кабарчысы.

Муну менен эле токтоп калбоо керек

Америка президентинин Украинага кошумча ок-дарыларды берүү жана анын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчтөнтүү тууралуу билдирүүсү, анын ичинде Patriot системаларын көбүрөөк сатууну колдогону — "бул Трамп үчүн эң сонун башталыш, бирок ал согушту токтотууну кааласа, мындан да чоң кадамдарга барышы керек", — деп эсептейт Washington Post басылмасынын талдоочусу Макс Бут.

Анын пикиринде, АКШ Орусияга каршы жаңы жана катаал санкцияларды ыкчам киргизиши керек. Ошондой эле Батышта тоңдурулган орус активдерин Украинага өткөрүп берүү зарыл.

Бут Гувер институтунун өкүлү Филип Зеликовдун маалыматына таянуу менен АКШнын көзөмөлүндө 50 миллиард долларга чукул тоңдурулган орус каражаты бар экенин, ал эми калган 300 миллиарддын көбүн Европа кармап турганын эске салды.

"50 миллиард доллар — бул абдан чоң сумма. Ал Украинага согушта чечүүчү даражада артыкчылык берип, анын коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө шарт түзмөк. Албетте, азырынча Трамп бул активдерди конфискациялайт деп айтуу кыйын. Бирок дүйшөмбүгө чейин Трамптын Украинага кошумча жардам берери деле азыркыдай күмөндүү көрүнүп жаткан", — деп жазат Бут.

Анын пикирине Bloomberg басылмасынын талдоочусу Андреас Клут да кошулат:

"Эгер Трамп чыныгы күчүн көрсөтүүнү кааласа, аскерлердин жардамына таянбай эле мындан көп нерсе жасай алмак. Мисалы, азыр Конгрессте чаң басып жаткан мыйзам долбоорун колдоп, АКШга Орусиянын Борбордук банкындагы чет элдик активдерди конфискациялоого жана аларды Украинага өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берсе болот. Анан Европаны да ушундай кадамга үндөсө жетиштүү".