You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөлүк чемпионат: кыргыз жигитинин кызматы
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Алгачкы жолу араб өлкөлөрүндө жана алгачкы ирет күз-кыш айларында өткөрүлүп жаткан турнир тарыхтагы эң кымбат чемпионат болууда. Ага 220 млрд доллар жумшалып, 2,5 млн билет сатылды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген футбол күйөрмандары Катардын алдыңкы мейманканаларында калууда.
Мына ошол конокторду тейлегендердин арасында кыргызстандык Кубаныч Жумаев бар. Би-Би-Си аны кепке тартты.
Кубаныч менен чемпионат аяктаганча аңгемелешип, жарыялап турабыз.
Би-Би-Си: Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
Кубаныч Жумаев: Атым Кубанычбек Жумаев, 35 жаштамын.
Би-Би-Си: Катарга дүйнөлүк чемпионатка кантип барып калдыңыз?
Кубаныч Жумаев: 2022-жылдын 7-ноябрынан баштап 21-декабрына чейин Катарга иштегени келгенбиз. Бишкектен 69 кыргыз жараны атайын экзаменден өтүп, тандалып келдик.
Би-Би-Си: Тандоодо талаптар кандай болгон?
Кубаныч Жумаев: Талаптар катуу болду, чынын айтсам. Биринчи эле англис тилинде эркин сүйлөш керек. Өз пикириңди, позицияңды билдире алышың керек жана ошондой эле тейлөө жаатында иштеген тажрыйбаң болушу зарыл. Тандоо эки тур менен өтүп, 150 кишинин ичинен 69ун тандап алышты.
Би-Би-Си: Айлык маянаңар канча, жетиштүүбү?
Кубаныч Жумаев: Ооба, жакшы эле. Орто эсеп менен 1600 доллардан 2100 долларга чейин төлөнөт. Бизди официант жана бармен кызматтарына алышты. Канча тажрыйбаң көп болсо, ошончо айлыгың жогору болот. Азыр биз иштеп жаткан ресторандын сыйымдуулугу 100 кишиден ашат. Биз тейлей турган адамдар VIP коноктор болуп эсептелет. Ошол себептүү бизди тандоодо тыкыр карашты. Чогуу келген балдардын баары билимдүү, чет жактарда иштеп келген балдар, кыздар.
Би-Би-Си: Бул чемпионаттын өзгөчөлүгү силерге да туюлуп жатабы?
Кубаныч Жумаев: Ооба, бул турнир ФИФАнын өзү үчүн да абдан өзгөчө, анткени тарыхта биринчи жолу араб жергесинде өтүүдө. Биз азыр “Лусаил” деген стадиондо иштеп жатабыз. Ага 80 миңден ашык киши батат, бул Катардагы 8 стадиондун эң чоңу болуп эсептелет.
Би-Би-Си: Дүйнөлүк футбол лидерлеринен кимдер келишти? Көрдүңөрбү?
Кубаныч Жумаев: Атактуулардан Месси, Роналдолор бар. Азыр көрө элекпиз. Бирок, алдыда дагы бир айга чукул убакыт бар. Жолугуп калышыбыз мүмкүн.
Кызыгы көп чемпионат...
Күйөрмандар спирт ичимдиктерин стадиондо иче албайт.
Катар тарыхта дүйнө чемпионатын өткөргөн биринчи араб өлкөсү болуп калды. Бул жерде шарият мыйзамы иштейт.
Катар бийлиги зыяратка келген аялдардан жупуну кийинүүнү суранды, бирок алар диний мыйзамга туура келбеген көрүнүшү үчүн жоопко тартылбай турганын убада кылды.
Региондун башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Катарда алкоголдук ичимдиктерге дээрлик толугу менен тыюу салынган, ал кымбат мейманканаларда, ресторандарда гана сатылат. Жума күнгө чейин алкоголдук ичимдиктер стадиондордо да, негизги күйөрмандар зонасында сатылат деп болжолдонгон. Бирок 18-ноябрда ФИФА күйөрмандар стадиондордо алкоголдук сыра сатып ала албай турганын жарыялады. Эгер сатылса да, ичимдик абдан кымбат болот: бир пластик стакан сыра 10 британ фунт (13 доллар) турат, бул Лондон пабдарынан эки эсе кымбат.