Трампка ок чыгарган киши ким экени аныкталды

Published

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильванияда митингде сүйлөп жаткан учурда ок атылды. Ок аткан адам ошол замат өлтүрүлгөнүн, андан башка митингдеги дагы бир киши өлгөнүн округдун прокурору билдирди.

Көп өтпөй АКШнын иликтөөлөр боюнча федералдык кызматы Дональд Трампты өлтүрүүгө аракет кылган киши — жыйырма жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин жарыялады.

ФБР, Крукс Пенсилванияга караштуу Бетел-Парктан экенин билдирди.

Аталган шаар кол салуу болгон Батлерден болжолдуу 70 км аралыкта жайгашкан.

Ок атылар замат Трамп трибунага эңкейе калды, ошондо жан сакчылары жүгүрүп келип аны алып кетишти. Саясатчы кетип баратканда муштумун түйүп, колун булгап кетти.

Видеокадрларда Трамптын оң кулагы канжалап жүргөнүн көрүүгө болот. Республикалык партиянын атынан талапкер болуп чыгып аткан саясатчы Пенсильвания штатында, Батлерде өзүнүн шайлоочуларына кайрылып сүйлөп жаткан.

Трамптын артында анын жактоочулары плакаттарды көтөрүп турушкан. Октун үнү чыкканда алар дагы эңкейе калышты.

Трансляцияга караганда, ок атылганы Трамп АКШдагы мыйзамсыз мигранттар жөнүндө айтып жаткан убакта болду.

Трамптын өкүлү Стивен Чанг мурдагы президент ооруканада экенин, дарыгерлер анын абалын карап жатышканын билдирди.

«Президент Трамп укук коргоо органдарынын жана экстрендик кызматтын кызматкерлерине мындай чектен чыккан окуянын учурунда ыкчам реакция кылганы үчүн ыраазылык билдирет. Анын абалы жакшы, жергиликтүү ооруканада көрүнүп жатат».

Кийинчерек Трампты кайтарууга жооп берген Жашыруун кызматтын билдирүүсү чыкты. Анда кол салган адам «митинг өтүп жаткан жерден сырткаркы бийиктиктен» сахнаны көздөй бир нече жолу ок атканы айтылат.

«АКШнын Жашыруун кызматынын кызматкерлери ок аткан адамды токтотуу аракетин көрүштү. Ал өлдү. Жашыруун кызмат ыкчам түрдө коргоо чараларын көрдү, мурдагы президент коопсуздукта. Митингге келген бир адам каза тапты, эки адам олуттуу жаракат алды. Инциден иликтенүүдө. Жашыруун кызмат Федералдык иликтөө бюросуна кабар берди»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ок аткан адамдын ким экени ачыкталган жок.

Associated Press укук коргоо органынын эки кызматкерине таянып, Дональд Трамптын жолугушуусундагы ок атуу кол салуу аракети катары иликтенип жатканын билдирди.

CBS өзүнүн түз эфиринде мындай митингилерде коопсуздук чаралары катуу болорун, адамдарды металл издеген аппараттан өткөрүшөрүн баса белгиледи.

Трамп инциденттен 2,5 сааттан кийин байланышка чыкты

«Мага ок тийди, ал менин оң кулагымдын өйдө жагын шылып кетти»,- деди Трамп.

— Мен башкача бир нерсе болуп жатканын дароо түшүндүм, чуу деген үндү угар замат, ок теримди жарып өткөнүн сездим. Менден катуу кан кете баштады, эмне болуп атканын түшүндүм”.

«Ушундай окуя биздин өлкөдө болуп жатканы таң калыштуу», — деп жазды Трамп.

Жергиликтүү убакыт боюнча 21:02 Дональд Трамп кортеж менен башка жол аркылуу чыгып кеткенин Батлер госпиталынын жанында чогулгандарга полиция кабар кылды.

Байдендин реакциясы

АКШнын президенти Байден брифингде мындай деп айтты:

"Пенсильванияда Дональд Трамптын жолугушуусунда ок атуулар болгонун мага кабарлашты. Ал аман-эсен коопсуздукта экенине кубанычтамын. Мен ал үчүн, анын үй-бүлөсү жана бул митингде болгондор үчүн кудайдан суранам. Биз маалымат күтүп жатабыз".

Жилл экөөбүз коопсуздукту камсыз кылган Жашыруун кызматка ыраазыбыз. Америкада мындай зомбулук болбош керек. Бүт эл биригип, мындай зомбулукту айыпташыбыз керек».

Андан кийин Байден ноябрда боло турган шайлоодогу негизги атаандашына телефон чалып сүйлөшкөнү кабарланды.