Украинанын Израилдин “Темир Капкагын” колдонуп, Орусиянын ракеталарынан коргонууга мүмкүнчүлүгү барбы?

"Темир Капкак" – дүйнөдөгү эң натыйжалуу абадан коргонуу системаларынын бири

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Темир Капкак" – дүйнөдөгү эң натыйжалуу абадан коргонуу системаларынын бири
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CNN сыналгы каналына берген маегинде Украинага аскердик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы ыктымал экенин билдирди. Бул кадамды Киев көптөн бери самап келген, бирок азырынча украиндер Израилден кайрымдуулук жардамдарды гана алышкан. Ал эми аскердик жүктөр, эгерде алар Киевге тапшырылган болсо, анда жашыруун түрдө жана үчүнчү өлкөлөр аркылуу гана жабдылган.

"Ооба, мен, албетте, бул мүмкүнчүлүктү карап жатам", – бул өтө бүдөмүк жооп, бирок CNNдин суроосунда "Темир Капкак" сөз айкашы дагы камтылып кеткен, ошондуктан бул бүдөмүк жооп деле Нетаньяхунун сөзүн кыйла олуттуураак кылып салды.

Израил – көптөгөн курал-жарак системаларын өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ал эми израилдик "Темир Капкак" зениттик-ракеталык комплекси (ЗРК) – бул өлкө өндүргөн эң даңазалуу аскердик өнүм. Тийешелүү бир мааниде ал Израилдин аскердик өнөр жай комплексинин өзгөчө энбелгиси болуп калды. Мында ушул ЗРСтын өтө жогорку натыйжалуулугу назарда тутулуп жатат.

Бирок согушуп жаткан өлкөгө курал-жарак жеткирүү сыяктуу татаал маселелерде Израил Жакынкы Чыгыш үчүн салттуу акыбалга – көптөгөн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары башка жигердүү мамлекеттердин саясаты менен чырмалышкан өтө чаташкан саясий кырдаалга туш болду.

"Кол созсо жетчүдөй аралыкта"

Буга чейин Израил Украинага курал-жарак жөнөткөн эмес. Бул, биринчи кезекте, Жакынкы Чыгыштын өзүндөгү оор кырдаалдан улам болууда.

"Израиль – согуш абалында турган өлкө; ал Сирия менен аскердик жаңжалда, Иран менен аскердик-саясий жаңжалда кала берип жаткан жана "Хезболла", "Хамас", "Ислам жихады" жана башка террордук уюмдар менен тынымсыз тирешип турган өлкө", – деп Newsru.co.il басылмасынын Башкы редактору Евгений Финкель мырза Би-Би-Си үчүн курган маегинде баса айтты.

2021-жылдын май айында "Хамас" бир аптанын ичинде Израилге каршы 3 миңден ашык ракета учурган, бирок алардын 90%ын "Темир Капкак" системасы атып түшүрүүгө жетишкен

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2021-жылдын май айында "Хамас" бир аптанын ичинде Израилге каршы 3 миңден ашык ракета учурган, бирок алардын 90%ын "Темир Капкак" системасы атып түшүрүүгө жетишкен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле учурда, Финкелдин айтымында, "Израиль өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өз аба мейкиндигинен тышкары аракеттенүүгө аргасыз".

"Атап айтканда, Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жайгашкан Сирияда Израил өз аракеттерин орус аскер жетекчилиги менен макулдашууга аргасыз. Мындай кырдаалда Израилдин саясий жетекчилиги Орусия Федерациясы менен Сириядагы мындай өз ара багытташуунун токтотулушунун айынан келип чыга турган мамилелердин начарлашына байланыштуу тобокелдиктерди алдын ала эске алышы керек", – деп Финкель мырза баса белгиледи.

Биньямин Нетаньяху CNN сыналгы каналына берген маегинде айткандай, "Сирия тараптагы түндүк чек арабызда Израил менен Орусиянын учактары бири-биринен кол сунса жетчүдөй эле аралыкта учуп турушат".

Мындай кырдаалда каргашалуу окуялардын коркунучу кескин жогорулайт жана алардын катышуучуларынын мамилелери мүмкүн болушунча азыраак чыңалган абалда болушу абдан маанилүү.

Маселен, 2018-жылдын сентябрында Сириянын деңиз жээгине жакын тилкеде Орусиянын Ил-20 чалгын учагы сириялык жергиликтүү абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлүп, учактагы 15 орус жоокери набыт болгон.

Орусиянын Ил-20 учагынын Сириянын аба мейкиндигиндеги өлүмү Орусия менен Израилдин президенттери чечүүгө аргасыз болгон олуттуу эл аралык жаңжал окуясы болуп калды

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Ил-20 учагынын Сириянын аба мейкиндигиндеги өлүмү Орусия менен Израилдин президенттери чечүүгө аргасыз болгон олуттуу эл аралык жаңжал окуясы болуп калды

Ошол окуядан соң Орусиянын аскер жетекчилиги орусиялык учакты израилдик кыргын учактар Сириянын зениттик аткычтарынын аткылоосуна такап беришкендигин, анткени ошол учурда бул кыргын учактар Ил-20 учагынын артына "жашырынып" учуп, сириялык Латакия вилайетине абадан сокку урушканын билдирген.

Андан соң Орусия менен Израилдин президенттерине өз ара телефондук баарлашуусу аркылуу бул жаңжал окуяны чогуу жайгарышууга туура келди.

Бирок эки өлкөнүн ортосундагы тирешүү күчөй турган болсо, анда мындай окуяларды чечүү ого бетер кыйындашы ажеп эмес.

"Мен орус-израилдик аскердик тирешүүгө кабылууну эч каалабайм. Деги эле муну эч ким каалабайт", – деп Нетаньяху CNNге ачык эле айтты.

Деги Нетаньяху эмнелерге убада кылды?

CNN сыналгы каналынын алып баруучусунун суроосу мындайча болду: "Бир жыл мурда Сиз эгерде премьер-министр болуп калсам, анда Украинага аскердик колдоо көрсөтөм, деп айткансыз. Эми өкмөт башчы болуп калдыңыз. Эми азыр Сиз ошол маселени карап жатасызбы? Аскердик жардамдан баш тартып келген эски өкмөттүк турумду эми өзгөртөсүзбү? Мен билем, гуманитардык жардам берип жатасыздар, бирок Украинага "Темир Капкакты" же сиздер колдонбой калган эски аскердик технологияны жөнөтүү жаатында эмнелерди айта аласыз?"

"Албетте, мен бул мүмкүнчүлүктү ойлонуштуруп жатам", – деп жооп берди премьер-министр Нетаньяху.

Адис Евгений Финкелдин айтымында, израилдик өкмөт башчы, чындыгында, эч нерсе убада кылган же кепилдик берген деле эмес: "Нетаньяху өкмөт турумун өзгөртүү тууралуу айткан жок, бирок курал-жарактарды жеткирүү маселесин караштырып чыгуу мүмкүнчүлүгүн гана айтты. Анын үстүнө бул тууралуу ал америкалык CNN сыналгы каналына билдирди да".

Израилдик аскер иштери адиси Давид Гендельмандын Би-Би-Синин Орус кызматына билдиргенине караганда, премьер-министрдин жалтактаган жообу чындыктан анчалык деле алыс эмес.

Израилге ансыз да колунда бар болгон "Темир Капкактын" замбиректик бөлүмүнүн бирин Украинага өткөрүп берүү деле кыйынга турат: бул кадам Израилдин өзүнүн коргонуусун алсыратышы ыктымал

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилге ансыз да колунда бар болгон "Темир Капкактын" замбиректик бөлүмүнүн бирин Украинага өткөрүп берүү деле кыйынга турат: бул кадам Израилдин өзүнүн коргонуусун алсыратышы ыктымал

Мурдараак Би-Би-Синин Орус кызматынын подкастында израилдик аскер журналисти жана "Ордо менен согуш" телеграм каналынын автору Сергей Ауслендер Израил жакында эле оор саясий кырдаалга туш болгонун эске салып айткан.

Орусия менен мамилесин сактап турганда деле, Израилдин өкмөтү саясий жактан Батыш өлкөлөрүнө таандык жана, кааласа-каалабаса деле, Украинага жардам берип жаткан Батыштын саясатын ээрчүүгө аргасыз.

"Ооба, Биби (Израилде Нетаньяхунун эркелетилген аты ушундайча. - ред.) Путин менен кандайдыр бир мамилени сактап келет; ал өзүн Путиндин досу катары атаган жайы бар [...]. Нетаньяху өтө тажрыйбалуу саясатчы. Ал – саясаттагы чыныгы акула. Ал эми Батышта азыр Украинага жардам берүү ыгы кандай экенин ал эң сонун түшүнөт. Батыш, негизи, АКШ башында турган коалицияны жаратты. Ал эми Израил өзүн ар дайым Батыш дүйнөсүнүн бир бөлүгү деп эсептеп келген", – деди Сергей Ауслендер.

Маек маалындагы дагы бир өңүт – CNN’дин алып баруучусу бир гана "Темир Капкакты" эмес, "Израил мындан ары колдонбой калган эски аскердик технологияларды" да суроосуна камтый кеткен. Балким, мында АКШнын Израилден мурдагы "Hawk" абадан коргонуу системаларын Украинага өткөрүп берүү өтүнүчү менен байланыштуу болгон акыркы окуяга шилтеме кылынып, "ЦАХАЛ" (Израилдин коргонуу күчтөрү) тарабынан кийинки учурларда колдонулбай калган ушул система жөнүндө кыйытылып айтылгандыр. Бул тууралуу эл аралык басма сөз жазды, алардын ичинен Axios басылмасы биринчи болуп кабарлады.

Орусиянын аскердик учактары Сирияда аракеттенип жаткан кезде, Израил ар кандай жаңжалдуу окуяларга кабылбоо үчүн өтө этият болушу керек

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын аскердик учактары Сирияда аракеттенип жаткан кезде, Израил ар кандай жаңжалдуу окуяларга кабылбоо үчүн өтө этият болушу керек

Дегиңкиси, Нетаньяхунун жообу "Темир Капкактын" өзүнө тиешелүү болду деп да так кесе айтууга болбойт.

Иран көйгөйү

Соңку айларда Израил, Украина, Иран жана Орусия курал-жарак алмашууга байланыштуу жаңылыктардын чордонунда кала беришүүдө.

2022-жылдын күз мезгилинин башынан бери орус армиясы Украинаны "Герань" камикадзе дрондору менен аткылай баштады. Бул дрондор ирандык "Шахед" ("Шейит") дрондорунун өзү экенин адистер бат эле таанып коюшту.

Бул ирандык дрондор баштапкы учурларда Украина үчүн өтө олуттуу көйгөй болгон, бирок бара-бара Украинанын Куралдуу Күчтөрү Батыштын жардамына таянып, абадан коргонууну жаңыча уюштурууга өткөндөн бери, аларды кээде толугу менен атып түшүргөн учурлар да арбыды.

Бирок 2022-жылы октябрда эл аралык басма сөздө Иран Орусияны баллистикалык ракеталар менен дагы жабдый алат деген маалыматтар чыккан. Канаттуу ракеталардан айырмаланып, баллистикалык ракеталарды азыркы тапта Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө бар каражаттар менен атып түшүрүү кыйыныраак. Мындай жабдуулар, өзгөчө өтө көп сандагы жабдуулар, Украинадагы кырдаалды олуттуу татаалдаштырышы ыктымал. Мындай кырдаал жаралчу болсо, анда Украина өзүнүн абадан коргонуу аскер күчтөрүн Батыштын эң заманбап техникалык каражаттарынын эсебинен тез арада чыңдоого аргасыз болот.

Былтыр октябрда басма сөздө Иран мындай курал менен Орусияны жабдый тургандыгы тууралуу маалымат пайда болгондо, Израилдин диаспора иштери боюнча министри (Израилдин жөөт диаспорасы менен карым-катнашы жана өлкөнүн тышкы саясатын тактоо менен алектенген министрликтин башчысы) Нахман Шай мындай деп жазган: "Бүгүн эртең менен Иран баллистикалык ракеталарын Орусияга өткөрүп жатканы жөнүндө кабарланды. Бул кандуу кагылышууда Израилдин кайсы тарапта болушунда эми эч кандай шек жок. Украинага Кошмо Штаттар жана НАТО тараптан аскердик жардам кандайча сунушталса, эми ага [Израилден] дагы ошондой эле аскердик жардамды ала турган учур келди".

Андан кийин бул билдирүү кызуу саясий талкууну жаратты, бирок Израилдин Украинага курал жабдуу боюнча өкмөттүк саясаты алигиче өзгөргөн жок.

2023-жылы 29-январга караган түнү Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Исфахан вилайетиндеги ок-дары чыгаруучу ишканага, Чыгыш Азербайжан вилайетиндеги кыймылдаткыч майын чыгарган ири ишканага жана өлкөнүн батышындагы Дизфул шаарындагы аскер аба базасына чабуул жасалган.

Тегеран үч чабуулдун экөөсүнүн мизин кайтардык, деп ишендирүүдө. Израилдин маалымат каражаттары болсо Иран бийлигинин билдирүүлөрүнө каршы маалыматы менен бөлүшүп, бардык соккулар бутага тийгенин ырасташууда. Албетте, Израил бийлиги, адаттагыдай эле, бул соккулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч алган жок.

Бул чабуул окуяларынан кийин CNN сыналгы каналына берген маегинде премьер Нетаньяху мырза Израил Ирандын Украинада колдонулуп жаткан курал-жарак өндүрүшүнө каршы аракеттенип жатканын айтты. Премьер-министрдин айтымында, Израил тийешелүү ыкмаларды колдонуп жатат. Арийне, Нетаньяху бул ыкмаларды сүрөттөөдөн баш тартты.

"Менин айтайын дегеним, биз Ирандын өзөктүк программасына гана каршы эмес, ошондой эле Ирандын кээ бир башка тийешелүү куралдарды иштеп чыгуусуна да каршы аракеттенип, сокку уруп жатабыз", – деди Нетаньяху мырза.

Дегиңкиси, татаал жана өнүккөн системаларды башка өлкөгө ачык өткөрүп берүү чечими – абдан көп кызыкчылыктарды жана жагдайларды эске алууга тийиш болчу саясаттан өзгөчө көз каранды.

Евгений Финкель: “Израилдин өкмөттөрү (азыркы да, мурунку да) Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ачык жарыялашканы менен, алар Крымды да, 2022-жылы жаңыдап каратылып алынган украин аймактарын да Орусиянын аймагы катары тааныган эмес”, – деп эсептейт жана “бардык сурамжылоолор боюнча, азыр Украинаны колдогон израилдиктердин саны, чындыгында, басымдуу көрчүлүктү түзөт”, – деп билдирет. Ошого карабастан, Финкелдин оюнча, Америка Кошмо Штаттары Израилдин Украинага курал-жарак жабдуусу анын Орусия менен болгон мамилесине доо кетирбейт, деп израилдик бийликтерди ынандыра алышы деле күмөн.

"Мен орус аскерлеринин кошуундары Сирияда жайгашып турган шартта Израилдин бир дагы өкмөтү (Украинага) мындай жабдуу ишин жүргүзүүгө макул болбойт ко, деп ишенем", – деп Финкель өз ою менен бөлүштү.

"Темир Капкак"

Израилдин "Темир Капкак" абадан коргонуу системасы – дүйнөдөгү эң таанымал системалардын бири. Ал абадан коргонуу үчүн эң кыйын болуп көрүнгөн буталар менен күрөшүүдөгү укмуштуудай натыйжалуулугу менен даңазалуу болду: ал кыска аралыктык ракеталарды учуруу аркылуу каршылаштын ракеталарын абада жок кылууга жетишти.

Мисалы, орусиялык "Калибр" сыяктуу канаттуу ракетанын бутасы өтө эле жөнөкөй. Ал өз мерчеминен бир кыйла алыс жайдан учурулат да, учак сыяктуу өз бутасын карай учуп жөнөйт. Бул ракета үндүн доошунан алда канча жай ылдамдыкта илгерилеп келет да, аны аңдып атып алгысы келген тарап үчүн кайра өзү көлөмдүү бута болуп калат.

Ал эми кыска аралыктык ракета баллистикалык траектория боюнча учат. Ал – кыйла чакан, өтө жакын аралыктан учурулат жана өтө кыска убакыттын ичинде гана учуу шартында болот. Көбүнчө алардын бир нечесин бир күү менен учурушат. Бул ыкма аларга каршы абадан коргонуу ишин ого бетер кыйындатат.

Бирок, 2021-жылдын май айында, маселен, "Хамас" жана башка палестин топтору бир аптанын ичинде Израилге каршы 3000ден ашык кыска аралыктык ракета атканда, "Темир Капкактын" замбирек топтору алардын 90%ын атып түшүрүүгө жетишкен.

"Темир Капкактын" замбиректери палестиналык "Касам" аттуу колго жасалган ракеталарга каршы гана натыйжалуу деген ишеним бар, бирок Давид Гендельмандын айтымында, "анын бутасы – "Касамдардан" тышкары учууда башкарылбай турган демейдеги ракеталар". Аларга орусиялык "Град", "Ураган", Ирандын "Фажр-3", "Фажр-5" ракеталары жана алардын тектегштери жана көчүрмөлөрү кирет.

Мындан тышкары, "Темир Капкактын" замбиректери мина аткыч бүрккөн миналарды, дрондорду жана жапызыраак учуп келе жаткан учактарды атып түшүрө алат, деп Гендельман кошумчалады.

Graphics

Израилде "Темир Капкак" жалпы катмарлуу абадан коргонуу системасына дурус ширетилген. Ага кошумча "Пэтриот", "Дөөттүн салмоору" жана "Хец" аттуу ракеталык комплекстер бар. Бул татаал система өлкөнүн аба мейкиндигин ар кыл бийиктикте жана узактыкта сокку уруучу баллистикалык жана канаттуу ракеталардан, дрондордон жана башка аба аркылуу жеткирилчү коркунуч түрлөрүнөн коргоп турат.

Украинага “темир капкак” керекпи?

Орусия 2022-жылы 24-февралдан тартып кеңири өлчөмдө баскынчыл согушун жүзөгө ашыра баштагандан бери, негизинен, эски советтик абадан коргонуу системаларын колдонгон Украина азыркы тапта Батыш жабдый баштаган абадан коргонуу системаларынын негизинде абадан коргонуу боюнча жаңы, көп катмарлуу системасын куруп жатат. Батыш жабдыгандардын арасында буга чейин эле келген NASAMS, Iris-T, Hawk ж.б. тышкары, эми жакынкы келечекте америкалык "Пэтриот" системалары да болмокчу.

Ошондуктан, ал качандыр бир кезде израилдик "Темир Капкакты" алса, анда ал Батыш комплекстери менен бир түйүнгө ширелтилиши керек болот. Мындай абадан коргонуу жабдууларынын алкагында өз ара маалымат алмашуу – абадан коргонуунун бүткүл системасынын күжүрмөн натыйжалуулугунун маанилүү тетиги болуп саналат.

Бирок, ошол эле учурда, Давид Гендельман айткандай, Израилдин абадан коргонуу системасынын замбирек бөлүктөрү кан майдандын алдыңкы тилкесине жакын жайгашуусу керек: "Украинада "Темир Капкак", ал тургай, жетиштүү санда жабдылса деле, ракетадан коргонуу аргасы катары согуш тилкесинде гана натыйжалуу иштей алат. Маселен, ал замбирек жана кыска аралыктык ракеталар менен аткыланган Харьковдо же Херсондо үзүрдүү иш алып бара алат. Ал өзүнүн амалдык мүнөздөмөлөрү [тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү] боюнча Украинанын алыскы стратегиялык ооруктук аймагын абадан коргоого арналган эмес", – дейт Гендельман мырза.

Орус аскерлери Харьковду аткылоого колдонгон орусиялык ок-дарылардын калдыктары. Алардын арасында "Смерч", "Ураган" жана "Торнадо MLRS" ракеталарынын сыныктары да бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлери Харьковду аткылоого колдонгон орусиялык ок-дарылардын калдыктары. Алардын арасында "Смерч", "Ураган" жана "Торнадо MLRS" ракеталарынын сыныктары да бар

Украинанын кан майдан тилкелериндеги шаарлары көбүнчө "Смерч" жана "Ураган" сыяктуу бир нече окту бир учурда атуучу оор ракета аткычтардын аткылоосуна кабылышууда.

Арийне, бул жагдай башка дагы бир көйгөйдү жаратат. "Темир Капкактын" замбиректерин жана ок-дарысын кайсы бир жактан табуу маселеси да бар эмеспи.

Евгений Финкель баса белгилегендей, Израил – согушуп жаткан өлкө. Демек, "согушуп жаткан өлкө башка согушуп жаткан өлкөнү курал-жарак менен жабдышы деле күмөн, анткени анын өзү мындай куралга өтө муктаж".

Мындай шартта Израил Украинага өз аймагында жайгаштырылгандардан бир дагы “Темир Капкак” замбирек тобун бөлүп бере албайт. Мындай бир гана замбиректик бөлүк аймагы кеңирсиген Украинага огожо деле болуп бере албайт, бирок Израилдин өзүнүн ракетадан коргонуу системасын алсыратышы ажеп эмес.

Экинчи вариант – зениттик-ракеталык комплексти (ЗРК) өндүрүп жаткан "Рафаэл" компаниясынын өзүнөн абадан коргонуу системаларын сатып алуу. Бул арганы жүзөгө ашырууга болот, себеби Израил бийлиги бул системаны экспорттоого уруксат берип келет. Бирок израилдик аскер адиси Давид Шарп мырза Би-Би-Синин Орус кызматына айткандай, ЗРКнын өндүрүшү көп убакытты жана көп акча каражатын талап кылат.

"Эгер саясий чечим болсо, анда Украина аларды өзү сатып ала алат, бирок бул үчүн андан кийин кыйла убакыт талап кылынат. Болжол менен бир жылда эки ЗРКны өндүрүп чыгарууга болот. Аларга көп акча кетет. Акыр-аягы, [замбирек башкаруучу жоокерлерди] жигердүү жана олуттуу түрдө машыктырып-окутуу да зарыл", – деди Шарп мырза.

Эң реалдуу вариант – бул Америка Кошмо Штаттары 2020-жылы сатып алган эки ЗВКны Украинага жөнөтүү. Бул учурда Израил өзү өндүргөн системаны Украинага кайра экспорттоого гана АКШга өз макулдугун бериши керек болот. “Темир Капкак” замбирек тобу Америка Кошмо Штаттары үчүн Израил же Украина үчүн маанилүү болгондой анчейин ролду деле ойнобойт.

Израил Украинага дагы эмнелерди жабдып бере алат?

Давид Шарптын айтымында, "Темир Капкак" – эң таанымал аскердик комплекс болсо да, Украинадагы жаңжалдын өзгөчөлүгүн эске алганда, Израилдин абадан коргонуу боюнча бөлөк системалары Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн беркиден алда канча ылайыктуураак болушу мүмкүн. Мисалы, кыска аралыктык "SPYDER SR", орто аралыктык "Барак-8" же "Темир Капкактын" айрым гана жабдуулары Украинанын абадан коргонуу системасын жакшыртууга төп келмек.

"Темир Капкактын" радары, балким, мындай курал түрү жагынан алганда, дүйнөдөгү эң мыкты өнүм болуп саналышы ажеп эмес. НАТО өлкөлөрү, анын ичинде Канада, Чехия жана Венгрия аны бир нече жылдардан бери таттуу токоч сыяктуу суктанып сатып алышууда", – дейт Шарп мырза.

Шарп мырза айткан ELTA Systems компаниясынын EL/M-2084 радары – бул душман учурган ракетанын учуу жолун эсептеп, аны таптакыр атып түшүрүү зарылбы же жокпу? деген суроону ыкчам чечүүгө "Темир Капкак" үчүн мүмкүндүк берчү радар болуп саналат.

Израил ошондой эле өзүнүн дрондору жана учуп жүрүүчү ок-дарылары (ракета сыяктуу бутаны өзүн-өзү жардыруу жолу менен жок кылган дрондор ушундайча аталат), өзгөчө так мээленип, башкарылуучу ок-дарылары, анын ичинде аба бомбалары жана ракеталары, ошондой эле, танкка каршы системалары менен да даңазалуу. Бирок Израил мындай курал-жарактардын кайсы түрү менен Украинаны жабдышы мүмкүн экендиги азырынча ачык талкуулана элек. (TT)