You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүң эткен кабарга дүрбөп, кайра эле "дүлөй" болуп калабыз...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишмерлер, журналисттер менен жолукту. Бул эмне болду, маалымат жыйынбы, брифингби же сый тамакпы деп ар ким ар башка жоромолдоп жатат. Анысына мейли, Акылбек Жапаров жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашырбайлыбы деген тейде чакырык салды. Грузияны мисал да тартып жиберди. Бирок, кантип деген собол менен дароо жооп кайтаргандар болду. Жакшыбызды ашырып демекчи, эриш-аркак жүргөн бул ак, караны кыргыз коому кандай талдап, кандай жыйынтык чыгарып жатат?
Кезинде коомдук ишмер Алмаз Кулматов кыргыз коому баарын эле флешмобго айлантып, аягы эмне менен бүтөрүнө маани бербей калды деп кенен ой толгоо дагы жазган эле.
Би-Би-Си ушул өңүттө кенен кеп курду.
Кубат Чекиров: Алмаз мырза, калайыктын бүйүрүн кызыткан, үрөй учурган же төбөсүн көккө жеткирчү жагымдуу окуя, кабарларга коомчулук кандай мамиле кылып жатканын талдасак деп турам. Себеби сиз буга чейин азыркы кыргыз коомчулугун “флешмоб коом” деп сыпаттаган жайыңыз бар. Коомдук ишмерлер, социолог же аттуу-баштуулардан ошол сыныңызды четке кагып, сиз сөзүмдү кайра алдым дегидей учур болдубу?
Алмаз Кулматов: Тигил же бул көрүнүштү, проблеманы, кубулушту кыргыз коомчулугу олуттуу ой калчап, акылга салып талдаганга чамасы жете элек. Көр тирликтен көтөрүлө албаган көпчүлүктү кой, караңгыда көз, капилетте сөз, кысталышта жол табуу озуйпасын мойнуна алчу эл жакшылары, акылмандары, окумал интеллигенция да улам пайда болгон окуяга байланыштуу флэшмоб, бүйүр кызыткан талкуу менен чектелет. Сөзүм кургак болбосун деп тизмектеп берейин.
1. Картондо уктаган бала эсиңдеби?
Учурдун реалисттик картинасы. Эптеп оокат кылган бечара, жалгыз бой эне. Биздин айыбыздан ушундай балалыкка туш болгон жазыксыз бир балакай. “Картон бала” медиа айдыңга чыкканда мурдагы президент баш, депутаттары төш болуп, баары чуру-чуу түшкөн. Бийлик менен байлык талашта алдына ат салдырбаган кээ бир “сайкүлүк кыйындар” ушуну да пайдаланып, алды пиар кылууга үлгүргөн. Кыска убакыттан соң ал бала бир эле мисалы болгон бул көйгөй элита эсептелгендердин эсинен чыкты. Картонго уктаган жалгыз эле ал бөбөк эмес да. Кароосуз калган наристелер, аёосуз сабалган ымыркайлар ар жылы медиа мейкиндикте бир-эки күн кызуу темага айланат. Кечээ эле маалымат каражаттары сабалган ымыркай реанимацияга жеткирилип, эми дем ала баштады деп жарыялады. Баары кайра башталат, баары чөкө таандай чурулдайт, анан башка окуя пайда болот, калктын көңүлү ошого оойт, кийин башкасы, мына ушинтип кете берет. Өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушундагы кандай гана көрүнүш, проблема, кай тармак болбосун, коомдун жана бийликтин флешмоб мамилеси даана байкалып турат. Көгала койдой сабалган, эсинен танып комага түшкөн балдар тууралуу угуп эле унуткан мисалдар жок эмес...
2. Кылмыштуулукка каршы күрөштү алалы.
Камчы Көлбаев аттуу крим төбөл канча жылдан бери айтылып келет. Учурунда аны АКШ наркобарон деп эсептеп, эски бийликке расмий кайрылган эле. 2007-жылы издөөдө жүргөн жеринен (!) амнистия жарыяланып, соттоло элек шектүүгө издөө токтотулат. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Көлбаевди издөө токтотулганын маалымдайт. 2020-жылы кайра кармалат. 2021-жылы кайра бошотулат. Криминал тыйылдыбы?
3. Өрт коопсуздугу
2014 -жылы Бишкекте өрт чыкканда өрт өчүргүч машина короого кире алган эмес. Негизги себеби бирөө эле – бул стихиялуу курулуш, баш аламан турак-жайлар. 2022-жылы июнда бала бакчадан өрт чыкты. Дагы эле баягы көрүнүш. Өрт өчүрчү машине кире албайт. Башаламан курулуш шаардын абасын алмаштыра турган мелүүн желди (розовый ветер) бөгөп салганын бейишиң болгур эколог Эмил Шүкүров эчен жолу айтып жүрүп өтүп кетти. Ошол эле көп кабаттуу үйлөргө тыюу бар десе болбой чапатап аткан сары таш канча жылдан кийин канча кишинин башына кулай турганын бир кудай билбесе башка жан билбейт. Эреже боюнча экинчи этаждан ары чаптаганга болбойт деген эле.
4. Аймактарда сел жүрдү, айыл-кыштактарды каптады. Кырсык, албетте, эл зыян тартты. Быйыл гана нөшөрлөп жаан жааса бир жөн. Жылыга жаан, жылыга сел. Алдын алса болот беле? Баарын болбосо дагы бир тобунун алдын алууга болмок. Ошол эле климат, ошол эле рельеф, ошол эле айыл. Тоо же сай башка жакка көчүп кеткен жок. Суу эч качан өргө акпайт. Тобокели бар жерге көз чапптырсаң эле буркан-шаркан түшкөн сел кайда агаарын жердин нугу эле айтып турат.
5. Акыркы коңгуроо. Бүтүрүүчүлөр кырсыкка учурап келет. Жылыга министрлик буйрук чыгарат, жылыга чыр чыгат. Мектеп формасы да ошол. Унуттук. Күзүндө чурулдай баштайбыз. Ага жылыга хиджабы кошулат. Ушинтип окуу жылын чыр, кырсык менен аяктайбыз, жаңы окуу жылын чыр менен баштайбыз.
6. Кыргызстандын климаты кескин континенталдык. Кыш келет, ыш келатат деп Би-Би-Си кашкайта жазгандай эле. Сезондуу маселелер ар жылы чуу менен коштолот. Түтүндөн джем ала албай калдык деп жазга жетсек баягы гөө, ыш эч нерсе болбогондой, муз эригендей эсибизден чыгып кетет. Болбосо жайында ыштын алдын алалы деген бир аракетти байкадыңарбы? Муну бийликти кой, очогунда оту жанбай, кернейинен түтүну чыкпай кыйналган кожоюн кошо унутат. Кыш кайра келбечүдөй жайлата жата бермей. Анан кычырап кыш келгенде “доолдай тиктирмей” кайра башталат. Суу жетпейт, коңшуларды көздөй күркүрөп агып жатат деп күжү-күжү түшмөй...
7. Быйыл эгемендүүлүк доорунда үчүнчү ирет эл каттоо жүрдү. Бишкегинде да, аймактарда да катталбай калдык деп бир тобу чырылдады. Эл кечке чурулдай албайт. Өзү да тажайт. Үйүндө көйгөй арбын, күнүгө бет алдынан проблема чыгат, анан не кылсын, киши туруп, санда жок, катталбай калганына кайыл. Мунун кесепети кандай? Каражат, азык, вакцина, мектеп же турак жай, оорукана дагы башка каналардын курулушу калктын так санын билбей божомолго таянабы?
Кубат Чекиров: Мамонт сымал жандыктын сөөгү табылып, катуу талкуулаганбыз, нефрит табылды деп анда бир чурулдадык. Ошону менен эстен чыккансыды. Ушул тизмени кечке улантсак болот. Флешмоб да жумшагыраак аныктама көрүнөт. Журналист катары улам бир жаңылыкты талдаганда кечээ көргөнүмдү кайра көрүп, айтканымды кайра айтып, дежа вю болуп жатамбы деп кетем (фр. déjà vu – мурда көргөн, уккан) Бул психологиялык абал. Патологиялык жана патологиялык эмес түрлөрү бар. Кыргызча дежа вю айырмалуу. Элес эмес. Окуя, көрүнүш улам кайталанып турат. Кечээ эле болгон окуя, бүгүн да кайталанып, эртең да болушу ыктымал. Кабылдоо эмес, реалдуулук, кайталанма көрүнүш.
Алмаз Кулматов: Экөө тең туура. Флешмоб – биринчиден реакциянын формасы. Албетте, популярдуулукка умтулуу. Маселен, эрежесиз таймашта кыйын мушташкан Шевченко популярдуу көрүнбөйбү. Ал кыз рингде бирөөлөрдү сабаган сайын биздин экс-президент Жээнбеков кабыл алып, келбесе телефон чалып турду го, чиркин. Премьер-министрлер, спикерлер да андан кем калбады. “Плотный график” менен иштеген жетекчилер убакыт тапты.
Азыр ал эстафетаны парламенттин спикери алды өңдөнөт. Экинчиси, окуя бийлик субъектисине пайда алып келбеши ыктымал, бирок коомчулуктун кысымы астында реакция кылат, аргасыз кадам. Үчүнчү, пайдасы да жок, кысым да жок. Мындай учурда реакция жасалбайт.
Ошондон улам эрежесиз эр уруш салчуларды, кара күчтү эле эмес, вакцинага жаңылык киргизем, жер шаарында миллиондогон балдардын ден-соолугун, өмүрүн сактап калам, укмуштуудай айнек ойлоп табам деген сыяктуу окумуштуу, инженерлерди кошо кабыл алып, акылын качан алабыз деген суроо кабыргасынан турат.
Кубат Чекиров: Маселен Гапар Айтиев жашаган үй. Бузулганы турат, кейиштүү, уят, бетке чиркөө. Кезегинде Би-Би-Си жазган, репортаж кылган, министрликке собол таштаган. Анда да үн каткан эмес. Быйыл атактуу сүрөткердин 110 жылдык мааракесин белгилеген учурда реакция болгону жок. Медиа да, бийлик да. Демек бийликке пайдасы жок, кысым да болбогондуктан, тиешелүү органдар эч реакция кылбады. Жаркыратып салалы дегенге залкар кыл калемгердин мураскерлери муюбай турат деп тим болду окшойт.
Алмаз Кулматов: Ошол эле маданият министрлиги “Ынтымак” паркында мыкты ырдаган Бегимай соцтармакта “дүң” эткенде жанына тура калып, сүрөткө түштү го. Медиадагы, соцтармактагы талкуулар жана бийликтин реакциясы индикатор. Окуйбу, сезимталбы, шайдоотпу, тоготобу, эсептешеби, билеби, маселени түшүнөбү, маани береби, чече алабы деген суроолорго жооп алса болот. А реакциянын формасы бийлик адамынын интенциясын, деңгээлин, жоопкерчилигин, позициясын чагылдырат.
Кубат Чекиров: Флешмоб коомдон камгак коомго баратат окшойбуз.
Алмаз Кулматов: Туура. Бизде бийлик бир нече ирет толкундоолор, массалык акциялар аркылуу алмашты. Бийликке келгендер жана алардын идеологдору революция атаган окуялардын алгоритми мындай: социалдык-экономикалык абал начарлайт, кризиске кептелет, адилетсиздикке эл чыдабайт, нааразычылык жаралат, саясий кырдаал курчуйт. Өткөн окуялардын сценарийи стандарттуу - эл чыкты, бийлик кулады, талады, тарады, бири кетти, бири келди. Сен айткан дежа вю көрүнүш. Канча ирет шайлоо, тагыраагы, күлүгү жок, эрежеси да жок аламан жарыш өттү. Шайлоонун астында коомдук психологияда кездешпеген кызык көрүнүш байкалат. Белгисиз, кудуреттүү күч гипноздоп салган сымал эл башы айланып, эс-учун жоготот. Ал тургай иррационалдуу топко айланып, фанатизмге жетет. Бирөөлөрдү шайлайт, анан бир топто барып ойгонот, эс-учуна келет, ойлонот, өзү шайлап алган бийликке нааразы болот, кайра башынан башталат.
Кыскасы, не эл жыйынтык чыгарбайт, сабак албайт, не саясатчылар жана бийликке умтулгандар сабак албайт. Аскар Акаев өзүнүн бийликтен кетишине эркин басмакананы айыптады. Баары сонун эле, бир басмакана жайлады деп оозунан көк түтүн буркурады. Кеткени да, келгени да сабак албады 30 жыл бою.
Кубат Чекиров: Бир караганда айрым проблемалардын социалдык тармакта жашоосу кыска. А саясатта окуянын өмүрү андан да кыска болушу мүмкүн. Окуя тез өтүшү, балким убагында беймаани калышы да мүмкүн. Бирок окуялар унутулбайт. Кимдин качан, эмне деп айтканы, кылыгы, жоругу, эмгеги, сөзү, убадасы, айтор баары эсте. Коомдун эсинде, элдин жадынан чыкпайт. Унутуп калды деп соороткондук өзүн алдагандык. Айрым саясатчылар утурумдук мамиледен узай албай жатканы өкүнүчтүү.
Алмаз Кулматов: Саясаттын стратегиялык жана утурумдук, реалдуу жана популисттик, превентивдүү жана реактивдүү деген түрлөрү бар. Бизге утурумдук, популисттик жана реактивдүү түрлөрү көбүрөөк мүнөздүү. Стратегиялык прогноздоо жана пландоо мамлекеттин негизги функцияларынын бири экенин окумуштуулар эбак далилдеген, мыкты саясатчылар иш жүзүндө көрсөтүп келишет. Өнүккөн, алдыңкы өлкөлөр, Батыштын да, Чыгыштын да экономикасы кубаттуу, демократиялык, укуктук мамлекеттери пландуу саясат жүргүзөт. Процесстерди талдайт, проблемаларды тааныйт, изилдейт, алдын алат, жол чалат, келечекти болжойт, көп жылдык максаттарды көздөйт. От дегенден ооз күйбөйт дейт кыргыз. “От слова халва во рту слаще не станет” – араб макалы, Какое сходство между Созвездием пса и псом, бегущим по улице, дептир философ Бенедикт Спиноза. Анысы кандай стратегия деген сөз мамлекеттик документтерде кездешкени менен, иш жүзүндө анын карааны да жок. Кыргыз Республикасында пландоо негизделген саясат тууралуу кеп кылыш кыйын. Кыргызстан соңку 30 жыл ичинде утурумдук, популисттик, реактивдүү саясат басымдуулук кылды. Биздин өлкөнүн өнүгүү парадигмасын саясаттын ушул түрлөрү көбүрөөк аныктап келет. 2009-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүн болжолдоо жөнүндө” Мыйзам 2022-жылы январда жокко чыгарылды. Андан мурун, 2015-жылдын башында “Кыргыз Республикасында стратегиялык паландаштыруу системасы жөнүндө” Мыйзам долбоору праламенттин кароосуна жиберилген. Пландоонун эрежелерин, жоболорун, механизмдерин жана башка маанилүү жагдайларды камтыган мыйзам долбоору бир жылдан соң керексиз деп табылат. 2016-жылы мартта Өкмөт кайра токтом кабыл алып, бул токтом менен мурда киргизилген мыйзамдын долбоору артка чакыртып алынган.
Көрдүңүзбү, Кубат мырза, прогноздоо жана пландоо мамлекеттик функция болуудан калгандай. Прогноздун да, пландын да кереги жок. Анткени бизде рынок экономикасы, пландоо зарылчылыгы жок имиш. АКШ, Франция, Британия, Жапония сыяктуу мамлекеттерде кыска, узак убакытка прогноздоо жана пландоо кадыресе иш. Ар кандай мөөнөткө түзүлгөн стратегиясы, көп жылдык пландары бар. Пландоо департаменттери иштейт. Ушул өлкөлөрдө рынок экономикасынын мыйзамдары иштебейт деп кимибиз айта алабыз.
Кубат Чекиров: Ооба. Россияда, КМШ аймагындагы башка мамлекеттерде мындай мазмундагы мыйзамдар бар. Кадимкидей иштейт. Прогноздоонун мамлекеттик органдары жана мамлекеттик эмес кубаттуу институттары бар. Албетте, Россия же биздин коңшуларыбыз ушул документтер менен кынтыксыз иштеп, экономикасы ургаалдуу өнүгүп жатат дегенден алыспыз, бирок ал мамлекеттер прогноздоону жана пландаштырууну четке какканы жок, бизден артта калганы да жок.
Ошентип окуядан окуяга көчкөн коом иллюзордуу, флешмоб топтон айырмасы жок. Демек өнгөгө жана өзүбүзгө, өткөнгө, учурга жана келечекке мамиле баарыбыздан жоопкерчиликти талап кылат. Биз санагандар биз унуткандан калгандары эле...