ХАМАС-Израил согушуна бир жыл. Жакынкы Чыгыш масштабдуу согуштун кырына барды
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык редактору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилде мындан туура бир жыл мурда ХАМАС тарабынан өлтүрүлгөн бир миң эки жүзгө жакын адамды жана барымтага алынган эки жүз элүү бир кишини эскерүү аземдери өтүүдө.
Президент Исаак Херцог Нова музыкалык фестивалы болгон жерде эскерүү иш-чарасына катышып, чабуул болгон учур эскерилди. Окуя болгон жерде үч жүз элүүдөн ашык адам өлтүрүлгөнү кабарланган.
Ал арада Иерусалимде чогулган эл ХАМАС тарабынан барымтага алынгандардын сүрөттөрүн кармап турушту. Алар премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан барымтадагылардын кайтарылышын камсыз кылууну талап кылышты.
Ал эми Газа тилкесинде саламаттыкты сактоо министрлиги Израил бир жылдан бери уланып жаткан аскерий чабуулда кырк эки миңге жакын палестинди өлтүргөнүн айтат.
Кфар Аза конушуна жасалган чабуулдан аман калгандар кайрадан кайрылып келген эмес. Урандылар ошол бойдон жатат.
Чек арадагы Кфар Аза ХАМАСтын алгачкы буталарынын бири болгон.
Алар мында алтымыш эки кишини өлтүрүп, он тогузун Газага барымтага алып кетишкен.
Бул добуш Израилдин Газага багыт алган дронунан чыгууда. Кийинчерээк аба соккуларын уктук.
Премьер-министр аза күткөн үй-бүлөлөргө жана кайгыга баткан элге ХАМАСты толук жеңебиз деп убада кылган.
Арадан бир жыл өтүп, ХАМАС менен согуш уланууда.
Бир үйдүн тегереги казылган. Бул Хамас тарабынан өлтүрүлгөн Нирел Зини менен анын болочок жубайы Нив Ревивдин үйү болчу.
Нирелдин атасы уулунун башын жумалап издеген. Таба алган эмес.
Анын кошунасы Зохар Шпак ар бир бурчтан үрөй учурган нерселерге түш болгонун айтты.
“Биз дале азап тартуудабыз. Бул адамдар айткан азаптан кийинки абал эмес. Биз дале мындабыз. Дале согуштабыз. Мен үчүн жеңиш - уулум, кызым, неберем менен ушул жерде тынчтыкта жашоо”.

Сүрөттүн булагы, Kathy Long
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кфар Аза жана Хамас 7-октябрда кол салган башка бардык жерлер израилдиктер үчүн абдан терең жана дале айыга элек улуттук жарааттын символикалык жайына айланды. Ал эми мында болгон үрөй учурарлык окуялар израилдеги көпчүлүк үчүн Израилдин андан берки жасаган иштерин толук актап жатат.
Бир жыл мурун Израил армиясы дале ХАМАС менен согушуп жаткан, алар чабуулдан үч күн өткөндөн кийин бизди Кфар Азага алып келишкен эле.
Ошондо башталган бир жылдан берки согуш Жакынкы Чыгышта жаңжалдар токтоп, тынчтык өкүм сүрүшү мүмкүн деген иллюзияны жок кылды.
Хамас согушкерлери өлтүрүлгөн жеринде жаткан. Израилдиктер буларды Иран мамлекети алардын өлкөсүн талкалоо үчүн каржылаган душман катары көрүшкөн.
Ал эми израилдиктердин сөөгүн урандылардан алып чыгып баратканын көрүү алты миллион жөөттү өлтүргөн нацисттик Холокостту кайрадан эстетти.
Бул аскерлер түндүккө Ливан менен чек арага жайгаштырылып аткан.
Арадан бир жыл өтүп, Израил менен Ирандын ортосунда түз жаңжал чыгып ири согушка карай баратат.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху катаал өч алуу болот деп убада кылды. Анын коргоо министри алар Газада адамдын жырткычы менен согушуп жатканын жана ошого жараша аракет болорун айтты.

Хамас палестиндерди кайрадан дүйнөнүн күн тартибине алып чыгуу үчүн Израилге кол салганын Би-Би-Сиге билдирди.
Спутниктен алынган сүрөттөрдү талдоого ылайык, Израил Газанын бардык имаратынын дээрлик алтымыш пайызына зыян келтирди же жок кылды.
Ал эми Ливандагы согуш тереңдеп бараткан чакта, Бейрутта алар да ушундай тагдырга туш болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Кырк эки миңге жакын палестиналык, негизинен карапайым тургундар өлтүрүлдү. 10 миң адам урандылардын астында калганы айтылууда.
Эсептөөлөргө караганда, жаракат алып, каза болгондордун кырк пайызы жаш балдар.
Израил согуш мыйзамдарын сактап жатканын, карапайым калкка тийбегенин айтат жана Эл аралык сотто Түштүк Африканын геноцид боюнча дооматын четке кагып, аны айыптайт.
БУУнун билдиргенине караганда, эки миллиондон ашуун газалык тамак-аш, суу жана медициналык жардамы жок, гуманитардык катастрофада калган.
Үй-бүлөлөр Израилдин буйругу менен кайра-кайра жер которуп жаткандыктан, Би-Би-Си тастыктоо тобу лагерлердин канчалык тез пайда болорун байкады.
Израил бул жай тургундарды коргоо үчүн дейт.

Сүрөттүн булагы, Oren Rosenfeld
Бириккен Улуттар Уюму коопсуз жер калбаганын айтат.
Израил Газага журналисттерди киргизбейт, андыктан ишенимдүү палестин кесиптештер коопсуз аймак болушу керек болгон Израилдин кеминде он сегиз аба чабуулу урулган Аль-Мавасиде Инсаф Хасан Али менен анын үй-бүлөсүн тасмага тартышты.
Инсаф жана анын үй-бүлөсү он беш жолу көчүүгө аргасыз болушкан.
«Биз Салах ад-Дин көчөсүндө баратканбыз, машинага сокку урулду. Биз анын күйүп жатканын көрдүк. Сол жакта да, оң жакта да каза болгон адамдар жатты. Жада калса эшектер да бомбалоодон кийин ары-бери ыргып кетти, биз: “Болду, бүттү. Кийинки ракета бизге тийет дедик",-дейт Инсаф Авад.
Иордан дарыясынын батыш жээгинде, Палестина аймактарынын башка тарабында зордук-зомбулук жана киши өлтүрүү кескин көбөйдү.
Женинде Израилдин көптөгөн рейддери жергиликтүү палестиналык куралдуу кошуундарды токтото да, жок кыла да алган жок.
Көрүстөн набыт болгондорго толууда. Газадагы согуш эки тарапты тең радикалдаштырды.
Батыш жээк Жакынкы Чыгыштагы олуттуу жаңжалдын бир бөлүгү болуп саналат.
Израил менен Иран абалды ири согушка карай ырбата берсе, мындан да чоң жарылуу болушу мүмкүн.
Газада башталган коркунучтуу согуштун оту Жакынкы Чыгышка жайылып, аймакты өрткө чулгап баратат.
Газадагы ок атышпоо келишими кризисти басаңдатып, дипломатия үчүн шарт түзүшү мүмкүн.
Балким, Газада да согуш бүтүшү ыктымал, же ким билет, эми ал үчүн өтө кеч болуп калып жүрбөсүн.































