Тимур 7-ноябрда 13 жашка чыкмак. Өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыгы

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкекте 13 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 17 жаштагы өспүрүм бир айга камалды. Ал ортодо кырсыктан жабыркаган үч жигит шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин, экөөнө операция жасаларын билдиришти.

18-октябрь күнү кечинде катталган жол кырсыгынан дагы бир эне уулунан ажырады.

Бишкектин Жоомарт Бөкөнбаев менен Жусуп Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги авариядан 13 жашка толо элек өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Маркумдун кошунасы Нурбек Абдразак уулунун айтымында, ал бир үйдүн улуу баласы болчу:

"Каргашалуу окуядан биздин көз алдыбызда чоңойгон Тимур деген бала көз жумду. Ата-энесинин абалы өтө оор. Биз деле өтө жаман абалда турабыз. Кечээ жаназасында да чогуу болдук. Ушул жердеги бардык балдарды жакшы билем. Ошол балдарын арасында өтө жакшы, тартиптүү балдардын бири эле. Ушул короодо эле ойноп жүрчү".

Тимур 7-ноябрда туулган күнүн белгилемек

Ал ортодо авариядан көз жумган 7-класстын окуучусунун классташтары коомдук сайттарда билдирүү калтырышып, жол кырсыгына күнөөлүү тарапты жоопко тартууну талап кылышууда.

"Ал мынча эрте кетпеши керек эле. Ал 13 жашка да толо элек болчу! Бул жөн эле кырсык эмес. Бул кимдир бирөөнүн жоопкерчиликсиздиги. Анын айынан бир өмүр кыйылды. Биз муну унутпайбыз. Биз унчукпай кое албайбыз. Биз адилеттүүлүктү талап кылабыз. Мындай трагедия кайра кайталанбашы үчүн күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп берсин! Тимур биздин класстын бир бөлүгү эле. Ал шайыр-шат жана жөн гана жакшы адам катары эсибизде калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, 18-октябрь күнү кечинде "Лексус RX 330" үлгүсүндөгү унаа Абдырахманов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө бурулуп жаткан маалда "Тойота Камри" унаасы менен кагылышкан. "Тойота Камри" тротуарга чыгып кетип, төрт жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада 13 жаштагы бала кырсык болгон жерде жан берген.

Кырсыктан жабыркаган үч жигит ооруканада

Кырсыктан мындан башка да 18-19 жаштагы үч жигит жабыркаган. Азыр алар ооруканада дарыланып жатышат.

"Биз Бөкөнбаевден Абдырахманов тарапка баратканбыз. Жолдон өтүү үчүн жашыл жарыктын күйүшүн күтүп турганбыз. Ошол маалда "Камри" өтө тездик менен келе жатканын байкап калдым. Аңгыча кызыл күйүп калды. Мен реакция жасаганга үлгүргөн жокмун. "Лексус" солго бурулганын байкадым. Күү менен эки унаа кагылышып кетишти. Ошондой эле инерция менен "Камри" баарыбызды коюп кетти. Тилекке каршы, 13 жаштагы баланы көргөн жокмун, артымда жаткан окшойт. Милиция кызматкерлери баланын пульсу жок деп айтып жатышканын уктум", — дейт жабырлануучу Ариет Эрмекбаев.

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын №1 травмотология бөлүмүнүн башчысы Талант Сарымсаковдун айтымында, үч жигиттин абалы туруктуу. Биринин мээси чайкалган, денеси көгөргөн. Экөөнө операция жасалат:

"Биринин колу жана акыреги сынган. Абалы жакшы болгондон кийин операция жасайбыз. Экинчи баланын тизесинде жаракаты бар. Аны да операция жолу менен дарылайбыз".

Бул факты боюнча "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Эки унаа тең айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал ортодо Биринчи май райондук соту "Тойота Камри" унаасынын 17 жаштагы айдоочусун бир айга, 19-ноябрга чейин камоо чечимин чыгарды. Ал Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 өспүрүмдөр кармалуучу жайда болот.

Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү болбогонун кабарлады.

"Бул кайгылуу окуя балдарды тыкыр көзөмөлдөө зарыл экенин дагы бир жолу эскертет. Сиздерди кыраакы болууга, жашы жете электерге автоунаа айдатпоого чакырабыз", – деп айтылат милициянын кайрылуусунда.

Азырынча жашы жете элек айдоочунун жакындары же адвокаттары комментарий берише элек.

"Жоопкерчиликти күчөтүү керек"

Бишкек шаардык Кайгуул милициясы Би-Би-Сиге билдиргендей, 2025-жылдын алгачкы 9 айында борбор калаада 3051 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 37% көп. Бул аралыкта 80 адам көз жумду, анын ичинен 14ү балдар.

Айдоочулук күбөлүгү жок рулга отурган кишилердин кесепетинен 549 авария жүз берген. Мунун ичинен 99 учурда унааны өспүрүмдөр башкарып баратканы аныкталган.

Жол кырсыктарына байланыштуу соттук иштерге көп катышып жүргөн адвокат Алманбет Бексултанов айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да жоопкерчилигин жогорулатып, жаш балдардын арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү зарылдыгын айтат:

"Мектепте да, үйдө да профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Себеби балдар жоокерчилигин билбейт. Атаңар, байкеңер унаа айдаганды үйрөтүп койсо, бирок айдоочулук күбөлүгү жок рулга отурсаңар жана кырсыкка дуушар болсоңор камаласыңар, силер эле эмес ата-энеңер да жоопкерчиликке тартылат деп тынбай айтып турушубуз керек".

Ушул тапта Ички иштер министрлиги айдоочулардын, анын ичинде айдоочулук күбөлүгү жок рулга отургандардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Ушул жылдын тогуз айына карата жалпы республика боюнча 898 миң 335 айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталган.