Харрис президенттикке талапкер болуу үчүн колдоо таба алабы?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жо Байден АКШдагы шайлоону баштан аяк өзгөрттү. Президенттикке Демократиялык партиянын талапкери бойдон кала берерин бир нече жума бою кебелбей кайталап келген. Акыры күндөрү кескин күчөгөн кысымга моюн сунуп, жарыштан чыгып кетти. Анын кетиши Вице-президент Камала Харриске, демократтарга жана Дональд Трампка кандай таасир этет?

Харристи колдоонун тобокелчилиги көп, бирок башка вариант жокко эсе

Камала Харристин демократтардан талапкер болуу ыктымалдуулугу Жо Байдендин колдоосу аркылуу бекемделип отурат.

Президент да төрт жыл мурунку вице-президент болуу сунушун өзү кабыл алган эң мыкты чечим деп атады.

Харрис болсо Байдендин колдоосуна ээ болуу сыймык экенин жана ишенимди актоо үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.

Көпчүлүк демократтар партиянын курултайына чейинки бир айга жетпеген убакытта белгисиздикти болтурбоо үчүн президентти өрнөк тутуп, талапкери катары вице-президенттин артынан ээрчип калышы мүмкүн.

Мунун практикалык жана саясий себептери бар.

Камала Харрис вице-президент катары конституцияда көрсөтүлгөн бийлик иерархиясында президенттен кийинки экинчи орунда турат. Анын пайдасына иштеген жүйөлүү себептердин дагы бири - президентикке талапкер кара түстүү аялдан өз бактысын талашуу кимге болбосун жеңил эмес. Ал ошондой эле жакын арадагы курултайда бекисе, партиянын шайлоо өнөктүгүнө деп ушул убакка чейин чогулткан болжолдуу 100 миллион долларлык каражатына дароо ээ болмокчу.

Бирок тобокелдиктер да жок эмес. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Харристин рейтинги Байдендикинен да төмөн. Ал эми Дональд Трамп менен жеке кармашта ал болжол менен Байден менен бирдей жыйынтыктарды көрсөтүшү мүмкүн.

Экинчиден, Харрис вице-президент катары кээде кыйын учурга туш болгон. Администрацияда иштеген жылдардын башында ал АКШ-Мексика чек арасындагы миграциялык кризистин түпкү себептерин чечүү тапшырмасын алган. Мурдатан чечилбей келген бул татаал маселеде бир катар катарларга жол берилип, Харриске сын-пикирлер айтылган.

Мындан тышкары, ал президенттик админстрацияда аборт укугу боюнча координатор болуп иштеген, жакшы жагы бул теманы ал алда канча натыйжалуу чечкен. Бирок бул алгачкы таасирлер элдин эсинде көпкө калды.

Харрис 2020-жылы Демократиялык партиянын курултайында жалпы улуттук эң жогорку кызматка талапкерлигин коюп, ийгиликке жеткен эмес.

Саясатчы катары эрте жетилгенине карабастан, ийгиликсиз интервьюлардын айкалышы, так аныкталган көз караштын жоктугу жана начар уюштурулган өнөктүк анын биринчи праймеризге (баштапкы шайлоо) чейин эле жарыштан четтеп калуусуна алып келди.

Харристи тандоо демократтар үчүн бир топ кооптуу экени чын, бирок аларда башка варианттар жокко эсе. Баары үчүн алдыдагы шайлоодо Дональд Трамптын ыктымал жеңиши - ушунчалык ынандырарлык.

Демократиялык партиянын курултайы баш аламан, бирок кызыктуу болушу мүмкүн

Акыркы жарым кылымда саясий курултайлар бир аз кызыксыз иштерге айланды. Ар бир мүнөт сыналгы үчүн кылдаттык менен иштелип чыккандыктан, алар президенттикке талапкер үчүн узак, көп күндүк жарнама болуп калды. Өткөн жумада Республикачылардын улуттук курултайы Дональд Трамптын өз талапкерлигин көрсөтүү боюнча көпкө созулган, кээде бирине бири байланышпаган сөзүнө карабастан, ушундай жол менен өттү.

Келерки айда Чикагодо өтүүчү Демократиялык партиянын курултайы такыр башкача болору убада кылынууда. Партия жана Байден шайлоо командасы кандай сценарийди иштеп чыкпасын, ага эч ким көңүл бурбашы ыктымал. Партия Харристи колдогон күндө да, конгрессте окуялар кандай болорун пландаштыруу жана көзөмөлдөө кыйын болот. Ал эми Харрис партияны бириктире албаса, анда курултай саясий мушташка айланып, ар кандай талапкерлер камералардын алдында жана жабык эшик артында талапкерлигин коюуга аракет кылышы ыктымал. Бул саясий иш-чара акыр аягында америкалык коомчулук буга чейин эч качан көрбөгөн жандуу жана күтүүсүз болгон кызыктуу саясий театрга айланышы мүмкүн.

Республикачыларда күчтүү менен алсыздын тең салмактуулугу эске алынбайт

Республикачылардын быйылкы курултайы кылдаттык менен калибрленген машинадай партиянын күн тартибиндеги эң популярдуу маселелерди көтөрүп, сынды бир кишиге, президент Жо Байденге бурган.

Ошондо Республикачылар туура эмес оюнчуну бутага алышкан экен. Байдендин кайра шайлоо кампаниясынан баш тартканы тууралуу кабар Дональд Трамп баштаган Республикачылардын оюн онго бөлүп, бир топ түйшүккө салды. Анткени Республикачылар бир жумалык кылдат пландаштырылган иш-чараларды өткөрүп, демократтардын туура эмес алсыз жактарына көп көңүл бурушкан болчу. Үгүт өнөктүгү өзүнүн талапкеринин күчүн жана жандуулугун баса белгилеп, ага мурдагы балбан Халк Хогандын жана Ultimate Fighting Championship импресариосу Дэйна Уайттын, ошондой эле Кид Роктун сахнага чыгышы, сүйлөшү, алардын колдогон делегаттардын кыйкырык сүрөөнү менен коштолгон эле.

Байдендин алсыздыгын бетке кармап, жаш эркек шайлоочуларды демократтардан тартып алуу аракети сезилип турчу. Бирок азыр ал сценарий иштебейт, кандай болбосун, Демократиялык партиянын талапкери президенттен бир топ жашыраак болот. Вице-президент Камала Харриске же жаш Демократиялык губернаторлордун бирине каршы күчтүү жана алсыз стратегия мурункудай натыйжа бербейт. Ошондуктан эгерде Харрис талапкер болсо, республикачылар аны азыркы администрациянын кемчиликтери менен байланыштырууга аракет кылышы мүмкүн.

Бир нече ай бою Харристи "чек ара падышасы" деп атап жүрүштү. Мурдагы прокурор эч качан партиянын прогрессивдүү канатынын мүчөсү болбогону менен, аны республикачылар "радикалдуу солчул" катары да көрсөтүүгө далалат кылышты. Мындан ары да, талапкер ким экенине карабастан, республикачылар Байдендин жаш курагына байланыштуу алсыз жактарын жаап-жашырып, улутту тобокелчиликке алып барганы үчүн демократтарды күнөөлөшү мүмкүн.

Учурда баары көзүн жумуп учуп баратат: күзүндөгү президенттик шайлоого саналуу гана айлар калды. (MA)