"Бул кыйроо": Топтун улук офицери ХАМАС Газанын көпчүлүк бөлүгүндөгү көзөмөлүн жоготконун айтты

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images
- Author, Рушди Абуалуф
- Role, Би-Би-Синин Каирдеги корреспонденти
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Бул Би-Би-Синин кабарчысынын англис тилиндеги репортажынын котормосу. Материалдын түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
ХАМАС кыймылынын жогорку даражадагы офицери Би-Би-Сиге кабарлагандай, топ Газа секторунда болжол менен 80% үстөмдүгүн жоготту, анын ордун жергиликтүү куралчан кландaр ээлей баштады.
ХАМАСтын подполковниги аты-жөнүн сыр сактоо шарты менен Би-Би-Сиге үн түрүндө бир нече маалымат жөнөткөн. Ага караганда, Израилдин абадан жасаган соккулары топтун саясий, аскерий жана коопсуздук тармагындагы жетекчилигин дээрлик толугу менен жок кылып, башкаруу тутуму кыйрады.
Бул офицер 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салгандан кийин башталган согуштун биринчи жумасында жаракат алган. Ошондон бери ден соолугуна байланыштуу кайрадан сапка кошула элек.
Офицер Би-Би-Сиге жөнөткөн үн билдирүүсүндө ХАМАСтын ичтен ыдараганын жана Газа секторунда коомдук тартип дээрлик толук кыйраганын сүрөттөп берет.
"Келгиле, реалист бололу. Коопсуздук түзүмүнөн дээрлик эч нерсе калган жок. Жетекчиликтин негизги бөлүгү, болжол менен 95 пайызы өлдү… Бардык активдүү мүчөлөр жок кылынды", — деди ал.
"Демек, Израилге бул согушту улантууга эмне тоскоол болууда? Логикалык жактан алганда ал аягына чейин жетиши керек. Бул үчүн бардык шарттар бар: Израил артыкчылыкка ээ, дүйнө үн каткан жок, араб режимдери да унчукпайт, бардык жерди кылмыштуу топтор ээлеп, коом кыйрап баратат", — дейт офицер.
Өткөн жылдын сентябрь айында Израилдин ошол кездеги коргоо министри "ХАМАС эми аскердик түзүм катары жок" деп жарыялап, бул уюм партизандык согуш тактикасына өткөнүн билдирген.
Офицердин айтымында, быйыл жыл башында Израил менен болгон 57 күндүк ок атышпоо маалында ХАМАС өзүнүн саясий, аскердик жана коопсуздук түзүмдөрүн кайра уюштурууга аракет кылган.
Бирок Израил март айында убактылуу тынчтыкты токтоткондон бери ХАМАСтын калган командалык түзүмдөрүнө сокку ура баштаган.
"Коопсуздук жагдайына келсек, так айтып коёюн: ал таптакыр кыйрап калды. Толугу менен жок болду. Эч бир жерде көзөмөл жок", — деди ал.
Анын айтымында, ХАМАСтын эң күчтүү коопсуздук аппараты (Ансар) — Газаны башкарууда колдонулган татаал система таланып-тонолду. Адамдар кеңселерди карактап, баарын алып кетишти. Полиция да, күзөт да, эч ким кийлигишкени жок.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си менен маалымат бөлүшкөн офицердин айтымында, бийлик вакуумунан улам ар кайсы жерде кылмыштуу топтор менен куралчан кландaр өктөмдүк кыла баштады.
"Алар каалаган учурда сени токтотуп, өлтүрүп коюшмак. Эч ким кийлигишмек эмес. Эгер кимдир бирөө өз алдынча аракет кылып, мисалы, ууруларга каршы туруштук көрсөтүүгө аракет кылса, жарым сааттын ичинде Израилдин аба соккусуна кабылып турган", — деди ал.
"Коопсуздук кырдаалы өтө начар. ХАМАСтын көзөмөлү — нөл. Жетекчилик жок, командалык түзүм жок, байланыш жок. Айлык кечигет, ал болгон күндө да, ага эч нерсе сатып ала албайсың. Кээ бирлери маянасын алууга аракет кылып жатып эле өлүп жатышат. Бул толук кыйроо", — деди Би-Би-Синин маектеши.
26-июнда Израилдин учкучсуз учагы Дейр-эль-Балахтагы базарга көзөмөл орнотууга аракет кылган ХАМАСтын жарандык полиция бөлүгүнө сокку уруп, кеминде 18 киши каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал жерде ХАМАСтын аскерлери сатуучуларды бааны жогорулатып, талап-тонолгон буюмдарды сатууга айыптаган.
Израил армиясы бул чабуул ХАМАСтын ички коопсуздук күчтөрүнө тиешелүү "бир нече куралчан террористтерге" каршы багытталганын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Офицердин айтымында, бийлик вакуумунан пайдаланып, таасирдүү жергиликтүү кландaр менен байланышкан алты куралчан топ бийликке умтулуп чыгышкан.
Бул топтордун акчага, курал-жаракка жана адам ресурстарына мүмкүнчүлүгү бар жана алар Газанын бардык аймагында, айрыкча түштүк бөлүгүндө активдүү аракет кылууда.
Алардын бирин Ясир Абу Шабаб жетектейт. Ал Батыш Жээкте жайгашкан жана ХАМАСка атаандаш Палестина администрациясынын, ошондой эле башка аймактык күчтөрдүн көңүлүн бурду. Өзгөчө өткөн айда Израил ага курал берип жатканын тастыктагандан бери көңүл чордонунда.
Офицердин билдиришинче, ХАМАС Абу Шабабдын башы үчүн чоң сыйлык сайган, анткени ал уюмдун көп сандагы душмандары үчүн бириктирүүчү фигурага айланышы мүмкүн деген кооптонуу бар.
"Катардагы ууруга ХАМАС көңүл бурбайт эле. Адамдар ачка, ошондуктан согушкерлер андан бетер башаламандыкты жараткысы келбейт. Бирок бул киши башкача. Эгер ХАМАСтын жоокерлери аны таба турган болсо, Израил танктарын экинчи орунга жылдырып, ага биринчи чабуул жасашы мүмкүн", — дейт Би-Би-Синин маектеши.
Газадагы булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, Абу Шабаб башка куралчан топтор менен ХАМАСты кулатууга багытталган бирдиктүү кеңеш түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мурда Палестинанын коопсуздук кызматтарында иштеген киши Би-Би-Сиге билдиргендей, Ясир Абу Шабаб жетектеген уюм барган сайын күчтөнүп баратат:
"Абу Шабабдын тобу ХАМАСтын бийлигин кулата алса, ал ар ким асырап алгысы келген жетим бала сыяктуу".
Азыр Каирде жашап жаткан бул кишинин айтымында, расмий түрдө бардык тараптар Газадагы куралчан топтор менен байланышы бар экенин четке кагышат. "Бирок Абу Шабаб палестиналык жогорку даражадагы чалгын офицери менен үч жолу жолуккан жана Синайдагы туугандары аркылуу Египетке ишеним катын жөнөткөн", — дейт ал.
Ошондой эле ал Абу Шабаб "Мохаммад Дахландын лагери менен жакшы байланышта" экенин кошумчалады. Дахлан 15 жыл мурун Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен урушуп кеткенден кийин сүргүнгө кеткен. Ал Газанын коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси.
ХАМАСтын коопсуздук кызматкери кыймыл Абу Шабабды жок кылуу үчүн "баарын жасоого даяр" деп эскертти. Себеби ал ХАМАСтын бардык каршылаштарын бириктире турган символго айланып калышы мүмкүн. Топ дал ушундан өтө чочулап турат.
"17 жыл ичинде ХАМАСтын көптөгөн душмандарды пайда болду. Эгер Абу Шабаб сыяктуу бирөө ошол күчтөрдү бириктире алса, бул биздин түбүбүзгө жетиши ыктымал", — деди ал.
Газада мыйзамсыздык өкүм сүрүп, кылмыштуу топтор бүтүндөй райондорду басып алып жатышат. ХАМАС болсо азыр Израилдин чабуулунан тышкары ички атаандаштарынын курчоосунда калып баратат.































