Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок жаңырды

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын тастыктады.

Окуя Лейлек районундагы Максат-Жаштык жол каттамында болгон. Жергиликтүү жаран КАМАЗ үлгүсүндөгү автоунаасы менен кетип бара жатып, жолдун боюндагы арыктан суу алуу үчүн токтогон.  Ал жерге келген үч тажик аскер кызматкери автоунаага отуруп, айдоочунун Тажикистанды  көздөй айдоосун талап кылышкан.

 “Айдоочу өзүнө көңүл бурдуруу максатында жолдон кетип бара жаткан башка автоунаанын жолун , аны тажик аскер кызматкерлери кармап алгандыгы боюнча кыйкырып үлгүрөт. Тажик аскер кызматкерлери автоунаадан секирип түшүп, айдоочу болсо токтобой айдайт”,- делет бул тууралуу Чек ара кызматынын маалыматында.

 Тажик аскерлери КАМАЗ автоунаасын көздөй үч жолу ок чыгарып, октор машинанын дөңгөлөгүнө жана алдыңкы терезесине тийген.  Айдоочуга ок тийген эмес, бирок айнектер сынып жаракат алган.

Бул окуя боюнча Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев жеринде иш алып барып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын аталган аймагында көзөмөл күчөтүлдү.

Окуяда жабыркаган 47 жаштагы жарандын аты Бектемир Муталиев экенин жана ал суу ташып бара жатканы айтылууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Мындан улам аймакта маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат.

Чек арадагы соңку чатак Кыргызстандын Чек ара кызматы "Байрактар" менен жабдылды деген билдирүүлөргө туш келди. (EK)