Орусия Украинанын электр станцияларына сокку урду, көпчүлүк райондор электр жарыгысыз калды

Сүрөттүн булагы, ДСНС Запорожья
Орусия 30-октябрга караган түнү Украинанын региондорундагы ДТЭК жылуулук электр станцияларына кайрадан чабуу койду. Бул тууралуу энергетикалык холдинг бейшемби күнү эртең менен билдирди.
Маалыматка караганда, бул октябрь айынын ичинде ДТЭК жылуулук электр станцияларына жасалган үчүнчү массалык чабуул болду.
"Жылуулук электр станциялары олуттуу жабыркады. Кесепеттерин жоюу багытында иштер жүрүп жатат",- деди Украина энергохолдинги.
"Укрэнерго" компаниясы билдиргендей, массалык ракета жана дрон чабуулдарынын кесепетинен көпчүлүк аймактарда электр жарыгы өчтү.
Украиналык мониторинг каналдары түнү бою Винница, Львов сыяктуу батыш жана борбордук аймактардагы жылуулук электр станцияларына ракеталар жана дрондор учканын билдиришти.
Расмийлер бул станцияларга түз сокку урулганын азырынча тастыктай элек. Бирок Украинанын Аба күчтөрү да бул багыттар боюнча ракеталар учуп жатканы тууралуу маалымдашкан.
Орусиянын түнкү чабуулунун кесепетинен Запорожьеде бир адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 17ге жетти.
Облус администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, куткаруучулар урандылардын алдынан бир адамдын сөөгүн чыгарышты.
"Тилекке каршы, эркек киши каза болду. Издөө жана куткаруу иштери уланууда",- деди ал.
Маалыматтарга караганда, орусиялык аскерлер Запорожьеге кеминде 20 дрон жана 8 ракета менен сокку урду.































