You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эл аралык мелдештен байгелүү кайткан күн балдары: "Дүйнө чемпиону болобуз"
Даун синдрому бар балдар арасындагы Кыргызстандын курама командасы Казань шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште 15 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Сантерра Коомдук фондунан билдиришти.
Мелдеш кеңири масштабда өтүп, ага Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Италиядан 230дан ашык спортчу катышты. Аталган топту мелдешке пара-сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу Ислам Пархатович Турдыев даярдаган.
Курама команда жалпысынан 5 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль алышты:
- Айдин Жунушов 3 алтын, 1 коло
- Данияр Кудайбергенов: 1 альтын, 1 коло
- Ислам Жураев: коло
- Дастан Бектенбеков: 2 күмүш, 1 коло
- Умар Аскаров: коло
- Каниет Нурланов: 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло
- Элида Төлөмүшова: коло
Үч алтын жана бир коло жеңген Айдин Жунушовдун апасы Нурила Атабекова уулунун мындай жыйынтыкка жетиши үчүн 7 жыл бою машыкканын айтты.
"Даун синдрому бар балдарды спорт багытында өнүктүрүү толук мүмкүн. Алар эл аралык ареналарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, пьедесталда Кыргызстандын туусун бийик желбирете алышат. Жеңишке жетүү үчүн балага да, ата-энеге да, машыктыруучуга бирдей чыдамкайлык керек. Балага болгон ишеним абдан маанилүү. Биздин балабыз сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиону болуусун каалайбыз.
Нурила бул жатта орчундуу көйгөйлөр да бар экенин жашырган жок. Анын айтымында мелдештерге сапаттуу даярдануу үчүн спорттук зал керек, анткени машыгуулар сууда гана эмес, кургакта да өтүшү керек. Ошондой эле олимпиадалык бассейн талап кылынат, тилекке каршы, Кыргызстанда азырынча мындай бассейн жок дейт өзгөчө баланын апасы Нурила Атабекова.