Балыкчы: жаңы балык базарындагы нааразылык
Балыкчы: жаңы балык базарындагы нааразылык
Published
Балыкчы шаарында сатуучулар жаңы салынган балык базардын шарттарына нааразылыгын билдирип жатышат. Алардын айтымында, аталган базар сатуучулар үчүн ыңгайсыз болуп, ал жерде соода жүрбөй, ижара акысын төлөй албай калышы ыктымал. Шаар жетекчилиги болсо бул базар биринчи кезекте балык сатуучуларына шарт түзүү максатында ачылганын билдирүүдө.



