25-август. Жаңылыктар
АКШ 24 саат ичинде Кабулдан 19 000 кишини эвакуациялады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акүйдүн маалыматыны ылайык, шейшембиде АКШ Ооганстандан дагы 19 миң адамды эвакуациялады.
Акүйдүн пресс-катчысынын орун басары Карине Жан-Пьер Твиттерде: "Кечээ түнкү саат 3: 00дөн бүгүнкү түнкү 3: 00гө чейин, болжол менен Кабулдан 19 000 адам эвакуацияланды".
Анын айтымында, 14-августтан бери АКШнын аскердик жана коалициялык каттамдардын жардамы менен 82 300 чамалуу киши эвакуацияланган.
“Бул июлдун бери чыгып кеткен адамдардын жалпы санын 87 900гө чейин жеткирет”, - дейт ал. (Chs)
“Талибандын” Кытай менен Орусияга көзү түз

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистанда бийликке келген “Талибан” кыймылы Кытай жана Орусия мунен жакшы мамиледе экенин анын Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Мохаммад Наим “Аль-Маядин” телеканалына билдирди.
“Кытай - бизге коңшу мамлекет. Биздин жакшы мамилебиз бар. Орусия менен дагы ошондой”,-деген.
Наим ошондой эле талибдер Афганистандын коңшуларынын баары менен мамилени өнүктүрүүгө умтулат деп айтты.
Орусиянын өкүлдөрү Афганистандагы кырдаалга байкоо салып турат “Талибанды” таанып жибере элек.
Путин 20-августта Афганистандан Борбордук Азия өлкөлөрүнө качкын кейпин жамынган террорчулардын кирип кетишине жол бербеш керек деп баса белгилеген эле.
Ал эми Кытай өз кезегинде “Талибан” менен байланыш түзүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин кабарлады. (КС)
Путин күч түзүмүндөгүлөргө кошумча төлөм убада кылды

Сүрөттүн булагы, TASS
Орусиядагы бийликчил "Единая Россия" партиясынын шайлоо алдындагы иш-чараларынын биринде Владимир Путин жарандарга берилүүчү төлөм, каражаттар тууралуу сөз кылды. Айрым эксперттер Путин каражатты экономикалык жүйө менен эле эмес, саясий негизде таратып жатат десе, аталган партия бул иште мыйзам бузуу жок экенин айтууда.
Анда негизинен аскер кызматкерлери, күч түзүмүндө эмгектенгендерден тарта курсанттарга дагы каражат төлөө жөнүндө сөз болгон. Бийлик пенсионерлер дагы унутта калбаганын баса белигелегени айтылууда. (АК)
Байден: Эвакуация канчалык эрте бүтсө, ошончолук жакшы
АКШнын президенти Жо Байден 31-августка чейин эвакуациялоо иштерин бүтүрүүнү көздөй баратканын айтты. Мурдараак шериктеш өлкөлөр бир аз убакыт кошууну өтүнүп жаткан бочлу.
“Канчалык эрте бүтсөк, ошончолук жакшы”, - деди ал. Айрым америкалык аскерлер Афганистандан чыгарылган болсо да, АКШдагы маалымат каражаттары жазгандай, ал эвакуацияга таасир эткен эмес.
Талибан бийликке тогуз күн мурда келгенден бери жок эле дегенде 70,700 адам Кабулдан чыгарылып кеткен.
Согушкерлер эвакуациянын мөөнөтүн узартууга каршы болушкан.
“Талибан адамдарыбызды чыгарып кетүүгө жардам берүүгө кадам таштады”, - деген Байден “Талибанга эл аралык коомчулук иш-аракеттерине карап баа берет” деп кошумчалады.
“Эч бирибиз Талибандын сөзүнө ишенбейбиз”, - деп кошумчалады. (EA)






























