Жүздөгөн мигранттар Мароккодон Испаниянын Сеута анклавына өтүп кетишти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Испаниянын өкмөтү полицияны күчтөндүрүү максатында Сеута анклавына аскердик бөлүктөрдү жөнөттү. Буга 30-июлда Мароккодон келген мигранттар шаардын айланасындагы тосмолорду бузуп өткөнү себеп болду. Италия Испаниядан келгендерге чек ара режимин киргизүү маселесин караштырып жатат.
Испаниянын мамлекеттик TVE телеканалы чек араны 2-3 миң адам кесип өткөнүн кабарлады. Испаниянын Жарандык гвардиясы бул сандарды тастыктай элек. RTVE телекомпаниясынын маалыматы боюнча, акыркы эки жумада Сеутага 1,5 миңден ашуун адам, негизинен жаш марокколуктар келген.
Жарыяланып жаткан видеолордон жүздөгөн мигранттар үйлөмө кайыктар менен баратканын, дарбазадан өтүп, Сеута шаарына багыт алганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары "Жашасын Испания!" деп кыйкырып жатышат.
Марокконун түндүк жээгинде жайгашкан Сеута материктик Испаниядан Гибралтар кысыгы менен бөлүнүп, көптөн бери Европага жетүүгө умтулган мигранттардын максаты болуп келген.
Испаниянын Жогорку соту июлдун башында Сеутага жетүүгө аракет кылып, деңизде кармалган мигранттар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте аркта кайтарылбайт деген чечим чыгарган. Бул тартип буга чейин бийликке чек ара тосмолорун кесип өтүүгө аракет кылып кармалган адамдарды тез арада артка кайтарууга мүмкүндүк берчү. Испаниянын өкмөтү "бул чечимди мафия жана кылмыштуу уюмдар колдонуп жатканы" миграциянын кескин өсүшүнө себеп болгонун билдирди.

Сүрөттүн булагы, Abdelmajid BZIOUAT/AFP via Getty Images
AFP агенттигинин журналистинин айтымында, 30-июлда кечинде Испаниянын Сеута менен чек арасы ачылды деген имиштерден кийин жүздөгөн адамдар Марокконун түндүгүндөгү Фнидк шаарына багыт алышкан.
"Бул абдан оор болду. Полиция бизди токтотууга аракет кылды. Бирок биздин эркибиз жана чечкиндүүлүгүбүз бизге бул жерге жетүүгө мүмкүндүк берди", - деди анклавга келген Жадид Закария.
"Жогорку соттун чечими чыккандан бери миграциялык агым аз болчу, бирок бүгүн кескин көбөйдү", - деп билдирди Испаниянын Жарандык гвардиясынын өкүлү.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бийликтин маалыматы боюнча, 30-июлда тогуз адамдын сөөгү табылды. Ошону менен акыркы айларда Сеутага өтүүгө аракет кылып жатып, өмүрү менен кош айтышкан мигранттардын саны 60ка жетти.
Өкмөт анклавдын туруктуу күчтөрүн колдоо максатында Испаниянын материгинен полициянын атайын бөлүмдөрүнүн 200 кызматкери жана 60 аскер кызматкери келгенин билдирди.
Учурда болуп жаткан окуялар 2021-жылды эске салууда, ошондо 85 миң калкы бар анклавга бир нече күндүн ичинде Мароккодон жана Африканын башка өлкөлөрүнөн 10 миңге жакын адам келген болчу.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жума күнү ички иштер министри Фернандо Гранде-Марласка менен Сеутага барат. Алар коопсуздук күчтөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушат деп күтүлүүдө.
Испаниянын Жарандык гвардиясы буга чейин мигранттар Тарахаль аймагындагы чек ара дамбасын кесип өтүп, деңиз аркылуу жапырт келип жатканын билдирген. "Полиция кырдаалды көзөмөлдөй албай калды" деп айтылат билдирүүдө.
Сеутанын борборундагы аялдардын кийим дүкөнүнүн ээси Энрике Серрано ишкерлер полициянын ресурстары жетпей калышы мүмкүн деп коркуп, өзүн-өзү коргоо отряддарын уюштуруп жатканын Reuters агенттигине айтып берди.
Сеута жана Испаниянын Түндүк Африкада жайгашкан дагы бир автономдук шаары болгон Мелилья – Европа Биримдигинин аймагында Африка менен жерде чек арасы бар жалгыз калктуу конуштар. Эки шаарда тең маал-маалы менен Европага жетүүнү көздөгөн мигранттардын чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракеттери байкалып келет.
Reuters агенттиги белгилегендей, Евробиримдикте Испаниянын социалисттик өкмөтү мигранттарга жан тарткан туруму менен айырмаланып турат. Испаниянын бийлиги жакында эле документтери болбогон 500 миңге жакын мигрантка мыйзамдуу статус берүү программасын ишке киргизген болчу. Натыйжада мыйзамдуу статус алууга өтүнмө бергендердин саны эки эсе көп болуп чыкты.
Оңчул партиялар Санчести Сеутадагы кырдаалдын кризистик масштабга чейин жетишине жол берди деп айыпташууда. Консервативдик Элдик партиянын лидери Альберто Нуньес Фейхоо X социалдык тармагына буларды жазды: "Сеутадагы кырдаал оңолот деген үмүт жок. Өкмөт буга көз жумуп коё албайт, себеби биз улуттук коопсуздук жаатындагы кризиске туш болдук".
Сеутанын мэри Хуан Хесус Вивас Испаниянын өкмөтүн мигранттардын жапырт агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизүүгө чакырды.
Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни Сеутадан келип жаткан видеолор испан премьеринин миграциялык саясаты туура эмес болгонун тастыктап жатат деп билдирди. Reuters агенттигинин маалымат булагы Италиянын бийлиги Испаниядан Италияга келгендерге чек ара режимин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди.
Премьер-министр Джорджа Мелони бул маалыматты жарым-жартылай тастыктады. "Италия эч кандай чара көрбөстөн, четте карап турбайт. Биз тиешелүү органдарды кеңешүүгө чогултуп, анын жыйынтыгы боюнча чек араларды жана жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө чараларды көрүүгө, анын ичинде Испания менен Шенген макулдашуусун токтото турууга даярбыз", - деп жазды Х соцтармагына.
"Биз мыйзамсыз миграция маселесинде айтканыбыздан кайтпайбыз: чек араларды коргоо, адам саткандардын ишине бөгөт коюу жана натыйжалуу репатриацияны камсыз кылуу өкмөтүбүздүн артыкчылыктуу багыттары бойдон кала берет", - деп кошумчалады Мелони.
Мигранттардын укугун коргогон активист Закария Зарроки Сеутага жетип алуу үчүн адамдар дагы эле коңшу Марокконун Фнидк шаарына агылып жатканын билдирди.
Испаниянын Ички иштер министрлиги Марокко менен бардык багыттарда, анын ичинде миграция жаатында да кызматташып, "Сеутага мыйзамсыз келген бардык адамдарды тез арада артка кайтарууну" талкуулап жатканын билдирди.
Акыркы жылдары Испаниянын бийлиги көзөмөлдү күчөтүүнүн, тосмо курулмаларды бекемдөөнүн жана Марокко менен эки тараптуу мамилелерди жакшыртуунун эсебинен анклавдардын айланасындагы коопсуздук чараларын күчөттү, бирок чек араны кесип өтүү аракеттери токтогон жок.
Макаланы кыргыз тилине Зейнеп Мартбек кызы которду
































