Израилдеги шайлоо: Нетаньяху бийликке кайтып келди

Үчүнчү жолу Израилдин премьер-министри болууга даярданып жаткан Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү өлкөнүн бардык жарандарына кам көрөт деп убада кылды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үчүнчү жолу Израилдин премьер-министри болууга даярданып жаткан Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү өлкөнүн бардык жарандарына кам көрөт деп убада кылды
Published

Израилдин премьер-министри Яир Лапид Биньямин Нетаньяхуну 1-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Былтыр премьерликтен кулатылган Нетаньяху бийликке жеңиш менен кайтып келүүдө.

Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы жана анын өнөктөштөрү, ашынган оңчул жана диний ортодоксалдык партиялар Кнессеттеги (Израиль парламентинин) 120 орундун 64үн алды.

Бейшембиде акыркы жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин Яир Лапид Нетаньяхуга телефон чалып, аны куттуктап, бийликти тартиптүү өткөрүп берээрине ишендирди.

2019-жылы ошол кездеги премьер-министр Биньямин Нетаньяху коррупцияга айыпталган соң Израилдин саясатында башаламан фазасы башталган - бул шайлоо ага чекит койду. Аталган айыптоолор боюнча соттук териштирүү уланууда, кийинки соттук отурум дүйшөмбү күнү болот.

Добуш берүүдөн кийин дароо экзит-поллдун жыйынтыгы жарыяланганда Нетаньяху өзүнүн тарапкерлерине анын болочок өкмөтү Израилдин бардык жарандарына кам көрөрүн айтты.

"Биз коопсуздукту орнотобуз, кымбат бааларды тизгиндейбиз, [Израилдин айланасындагы] тынчтык шакекчесин кеңейтебиз, Израилди өсүп келе жаткан державалардын катарына кайтарабыз",- деди Нетаньяху.

Премьер-министр Яир Лапид жана анын өкмөттүк коалициядагы өнөктөштөрү шайлоодо жеңилип, ардагер Нетаньяхуга жол ачып жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Яир Лапид жана анын өкмөттүк коалициядагы өнөктөштөрү шайлоодо жеңилип, ардагер Нетаньяхуга жол ачып жатышат

Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы 32 мандатка, Яир Лапиддин борбордо жайгашкан "Еш Атид" партиясы 24, ашынган улутчул "Диний сионизм" партиясы 14 жана азыркы коргоо министри Бенни Ганцтын борбордук оңчул Улуттук биримдик партиясы 12 мандатка ээ болду.

Дагы эки ультраортодоксалдык партиялар 11 жана жети мандат, бир светтик улутчул партияга алты, эки израилдик араб партиясына бештен, лейбористтерге төрт мандат берилди.

Өкмөттү түзүү үчүн Нетаньяхуга коалиция керек. Шайлоодон кийин ал өнөктөш катары кимди алаарын азырынча ачык айта элек, бирок алардын арасында "Диний сионизм" (ДС) да болушу күтүлүүдө.

ДС лидерлери Итамар Бен-Гвир жана Бецалель Смотрич арабдарга каршы риторикасы менен белгилүү. Биринчиси еврей мамлекетине “лоялдуу болбогон” жарандарды депортациялоого чакырса, экинчиси араб партияларына тыюу салууну каалайт.

Этникалык арабдар Израилдин калкынын бештен бир бөлүгүн түзөт.

Бен-Гвир Израилде уюмуна тыюу салынган жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ультра улутчул, маркум Мейр Каханенин күйөрманы болгон.

Израилдик арабдар үчүн, ошондой эле солчул жана борбордогу еврейлер үчүн Нетаньяхунун өкмөтүнө “Диний сионизмдин” кошулушу өтө жагымсыз окуя болот. Мындан тышкары, Израилдин Палестина аймактары жана араб менен батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы союздаштары менен болгон мамилелерине чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда Бецалель Смотрич коргоо министри болууну каалайт, ал эми Итамар Бен-Гвир коомдук коопсуздук министринин портфелин талап кылат. (MD)