АКШ расмийлери Москвага жөнөп кетти. Трамп Орусияны санкция менен коркутту

Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын расмий өкүлдөрү Украинадагы ок атышууну токтотуу маселесин орус бийликтери менен талкуулоо үчүн Москвага жөнөп кеткенин президент Дональд Трамп билдирди.

Америка менен Украина делегацияларынын Сауд Аравиядагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында украин тарап ок атышууну отуз күнгө токтотууга макул болгон. Бул жолугушуудан кийин украин президенти Володимир Зеленский эми Америка ушул сунушка Орусияны көндүрүшү керек деп белгиледи. Украин лидеринин айтымында, ок атышууну токтотуу Орусия макул болгон учурдан баштап күчүнө кирет.

Кремль өз кезегинде бул сунушту талдап жатканын кабарлады. Трамп менен Путин жакын арада телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн.

Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу "жакшы нукка жетелеген ишаарат" алганын айтты:

"Бирок бул ишаарат эч нерсени билдирбейт. Бул абдан олуттуу кырдаал".

Кошмо штаттардын лидеринин айтымында, эгер Орусия согушту улантууну чечсе, ага каршы "кыйратуучу" санкциялар киргизилиши мүмкүн.

"Мен жасай ала турган нерселер бар, алар финансы жаатындагы иштер, бул Орусия үчүн абдан жагымсыз болот. Мен муну жасаганды каалабайм, анткени мен тынчтыкка жетүүнү көздөп жатам", - деди Трамп.

Ал ошондой эле украин тарап позициясын өзгөрткөнүн кошумчалады:

"Тынчтыкты каалабагандай көрүнгөн бир адам [Зеленский] бар болчу. Эми ал тынчтыкка макул болду. Эми көрө жатарбыз".

Дональд Трамп ок атышпоо жөнүндөгү келишимдин ыктымалдуулугуна баа берүүдөн баш тартты, бирок Трамп "бул Орусия үчүн мааниси бар" деп эсептейт.

Трамп Москвага кайсы чиновниктер жөнөп кеткенин ачык айткан жок.

Ушул аптанын башында Би-Би-Синин ишенимдүү булагы Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Жиддадагы жолугушуудан кийин Орусиянын борбор калаасына бара турганын кабарлаган. Шаршемби күнү Ак үй бул маалыматты тастыктады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц менен "орусиялык кесиптеши" телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Уолтц ким менен сүйлөшкөнүн Кэролайн Ливитт ачык айткан жок.

Москва

Сүрөттүн булагы, AFP

Эмне үчүн Киев АКШнын сунушуна дароо макул болду?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Фрэнк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы

Украинадагы ок атышууну токтотуу тууралуу маселе эми Вашингтон менен Москванын ортосунда талкууланат. Украинанын жетекчилиги досторунун кеңешин алууда, алардын арасында Британиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонатан Пауэлл да бар.

Алардын Киевге айткан кеңеши айдан ачык: каалайсыңбы, каалабайсыңбы Ак үй менен мамилени жакшыртуу керек. Ошондуктан президент Зеленский согуштун бүтүшүнө али көп убакыт бар деп айтпайт. Анткени ал согуштун дароо токтошун каалаган президент Трамптын кыжырын келтирүүнү каалабайт.

Ошондон улам Украина АКШ делегациясынын ок атышууну отуз күнгө токтотуу сунушуна тез эле макул болду. Бул дүйнөлүк аренада америкалыктар сыяктуу тез арада тынчтык келишимин түзүүгө умтулган жана ага жетүү үчүн баарын жасоого даяр турган өлкө катары өзүн көрсөтүүгө Украинага мүмкүндүк берет.

Ошентип, Москва азыр Украинаны баш ийдирүү боюнча өзүнүн баштапкы максималисттик максаттарынан баш тартпай туруп, ошол эле учурда тынчтыкка тоскоол болуп көрүнбөш үчүн бул маселеден кантип айланып өтүүнү ойлонууда.

Бул маселе Кремлдин дубалдарынын артында абдан кылдат пландаштырууну талап кылат.