You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Адис: Ооруканаларды чабалактап көчүргөнчө көчмө от казан коюш керек
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек
Бишкек жылуулук борборундагы авария шаардагы ооруканалар менен төрөт үйлөрүнө оорчулук жаратты. Жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган маалда бейтапканаларда пландуу операциялар убактылуу токтотулду. Ал эми толгоо тарткан энелердин бир тобу Чүй облусундагы ири шаарларга барып көз жарууга мажбур болушту.
Ушундай учурларда бейтаптарды ары бери ташыбай, мекемеге альтернативалык жол менен жылуулук берип, кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?
Би-Би-Си ушул жана башка суроолор менен жылытуу системасы боюнча адис Кубаныч Алимов менен маектешти.
Кубаныч Алимов: Кечээки аварияда дароо эле төрөт үйлөр эсиме түштү. Ал жерде жаңы төрөлгөн ымыркайлар, энелер бар. Авариядан кийин ооруканалардагы кырдаалды көргөн адам катары ал жакта эмне болуп жатканын жон терим менен сезип, дароо эле Сүйөркулов менен Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен сүйлөшүп, мекемеге жылуулук берүүнү сунуштадым. Бирок авариядан кийин ал жердеги сууну төгүп салышкандыктан жылуулук бере алган жокпуз. Эгер бизге макулдук беришсе, суу төгүлбөсө үч сааттын ичинде төрөткананы жылуулук менен камсыздайт элек. Буга күчүбүз дагы, тажырыйбабыз дагы жетиштүү болчу.
Би-Би-Си: Сиз жылытуунун эл аралык ыкмаларын билген адис катары буга чейин шаар бийлигине же өкмөткө сунуш бергенсизби?
Кубаныч Алимов: 2018-жылкы аварияда мен Улуттук госпиталда дарыланып жаткам. Анда дагы ушундай эле көрүнүш болгон. Операциядан кийин бейтаптар кабаттап жууркан жамынып, ар бир палатага жылыткыч сайып үшүбөстүн аргасын көргөнбүз. Ошондо ооруканадан чыгып эле Бишкек шаарынын жетекчилигине барып, бейтапкана, төрөт үйлөрү сыяктуу социалдык объекттерге көчмө мештерди жасап берүүнү сунуш кылгам. Авария болгон учурда көчмө мешти чиркегич сыяктуу эле машинеге сүйрөтүп барып, ар бир имараттын алдындагы жылуулук пунктка улап, мекемени жылуулук жана ысык суу менен камсыздаса болот. Бирок биздин сунуш каражат жок деген жүйөгө байланыштуу шаар бийлиги менен ӨКМ тарабынан колдоого алынган эмес.
Кечээ Саламаттык сактоо министри "пландалган операциялар жылып жатат, айрымдарын Кант менен Токмок шаарларына жиберип жатабыз" деп өзү да айтпадыбы. Эгер мурдагы аварияда келип чыккан көйгөйлөрдөн сабак алып, көчмө мештерди даярдап койгондо ооруканалар менен төрөт үйлөрүндө эч кандай маселе жаралмак эмес.
Атайын көчмө мештер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин же Саламаттык сактоо министрлигинин баласында туруш керек. Мисалы электр энергиясы өчкөндө генераторду кошуп жатышпайбы, бул деле ошол сыяктуу жылуулук үзгүлтүккө учурап калса дароо абалдан чыгуунун альтернативдик жолу.
Би-Би-Си: Адис катары шаарды жылылук менен камсыздоонун азыркы абалына кандай баа бересиз?
Кубаныч Алимов: Бишкек ЖЭБинин курулганына жарым кылымдан көп убакыт болду. Мен ал жерде практикадан өткөдүктөн от казандар, жабдуулар эскирип, кызматын өтөп бүткөнүн жакшы билем. Баарыбыз эле билебиз. Авариядан кийин мамлекет башчысы ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын берди. Чынында ЖЭБ толугу менен сапаттуу түрдө жаңыланышы зарыл. 2018-жылы ЖЭБдин бир бөлүгү жаңылоодон өткөнү туура болгон. Эки жолку аварияда жардамы тийди, болбосо абал өтө эле оор болмок.
Азыр айрымдар билип-билбей эле шаардын төрт тарабына өзүнчө от казандарды куруш керек деп жатышат. Бул туура эмес пикир. Бишкек ЖЭБи жылуулук менен эле камсыздабайт, ал жерде электр энергиясы да өндүрүлөт. Эгер шаардын төрт тарабына өз-өзүнчө жылуулук борборлорун куруп койсо анда электр энергиясы өндүрүлбөй калат.
Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан көчмө мештердин өзгөчөлүгүнө токтоло кетсеңиз.
Кубаныч Алимов: Кырсыктан кудай сактасын, бирок баарына даяр болуш керек. Эгер форс-можор жаралып калса мен айткандай көчмө мештер менен маанилүү мекемелерди камсыздап, абалдан чыгууга болот. Орусия, Казакстан сыяктуу суук өлкөлөрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында атайын көчмө от казандар, мештер бар. Бизге дагы мындай нерсе керек. Эгер аймактарда дагы ушундай кырдаал жаралып, жылуулук үзгүлтүккө учураса унаага сүйрөтүп барып, абал жайгарылганча пайдаланууга болот.
Би-Би-Си: Аны курууга канча каражат кетет?
Кубаныч Алимов: Бирөөнү курууга эки-үч миллион сом сарпталат. Мунун жакшы жери, кайсы жерде жылуулук боюнча көйгөй жаралса дароо сүйрөп барып улай каласың. Мазут же дизель менен иштейт. Бир тажырыйбаны айтайын, Бишкектеги мектептердин биринин газга кошулуусу созулуп кеткен экен. Суук түшүп калганда биз көчмө от казандарды сүйрөп барып иштеттик. Бир айга жакын убакыт иштеп турду.
Би-Би-Си: Шаардын жылытуу системанын жаңылоодо, дагы эмнелерге көңүл буруу керек?
Кубаныч Алимов: Жалгыз эле Бишкек жылуулук элетр борборун эмес шаар боюнча баардык жабдууларды алмаштыруу зарыл. Ар бир үйдүн жер телөөсүндө жылуулук пункт бар, анын баары эскилиги жетти. Азыр технология өнүккөн учур. Жылуулук пункттар да заман талабына жараша курулушу керек. Кабат үйлөрдүн астындагы жылуулук пункттар учурда сырттагы температурага карабай эле иштейт. Кээ бир үйлөргө барсаң “ысып кетти” деп кышында да терезени ачып коюшат. Бул деген сөз жөн эле жылуулукту коромжу кылып жатабыз деген сөз. Жылуулук пункттары температурага карап иштеп, суукта көбүрөөк, ысыкта аз жылуулук берип турушу керек. Көпчүлүк мекемелерде жумуш эрте менен башталып, кечинде аяктайт. Бирок жылуулук түнү боюу берилет. Муну дагы убакыт-сааты менен жылуулук берилгидей кылган туура.
Анан жылуулук трассалар деп коет жер алдындагы түтүктөр. Аларды дагы жаңылоо зарыл. Жылуулуктун көбү ошол жерлерден чыгып кетет. Энергетикадагы баа саясаты өзгөрүшү керек.
Би-Би-Си: Өнүккөн технология боюнча Бишкекке кандай жылытуу системасы оптималдуу?
Кубаныч Алимов: Азыркы учурда шаарды жылуулук менен камсыздоонун ЖЭБден башка арзан жана жакшы вариантты жок. Бишкек ЖЭБинин жакшы жери жогоруда айткандай, жылуулук да берет, электр энергиясы өндүрүлөт. Өнүккөн өлкөлөр деле ушундай жылуулук борборлорун колдонушат. Ал эми шаардын ар кайсы тарабына өз-өзүнчө жылуулук борборлорун курса болот, бирок анда электр энергиясы өндүрүлбөй калат.
Би-Би-Си: Барган сайын шаар дагы кеңейип, кабат үйлөр да көп салынууда. Анын баарын борбордук жылуулук системасына улап койсо күч келет. Эмне кылыш керек?
Кубаныч Алимов: Жаңы курулган үйлөр менен шаарга жаңы кошулган райондор борбордук жылуулукка кошулбашы керек. Муну өкмөт башчы Акылбек Жапаров дагы айтты го. Бул туура. Бирок аларды жылуулук менен камсыздоодо, жаңы технологияларга басым жасалганы оң. Күн же шамал энергиясын колдонгон туура. Биз беш жылдан бери шаардын түштүк тарабындагы кабат үйлөргө газ менен иштеген жаңы от казандарды курганбыз. Алар убактылуу эмес, көп жыл кызмат кылат.
Би-Би-Си: Сиздердин компания канча жылдан бери заманбап жылуулук мештерин куруп келесиздер?
Кубаныч Алимов: Баш аягы 12 жылдан бери элге жылуулук сатуу менен алектенебиз. Жалпы ондон ашык заманбап, жылуулук үнөмдөлө турган мештерди, от казандарды курганбыз. Казакстандын Алматы шаарында бир кичи районду камсыздай турган от казан курганбыз. Азыр ийгиликтүү иштеп жатат.