Шайлоо-2025: Эрте үгүттүн эпкини

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

№2 шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Ырысбек Атажановдун тарапташынын үгүт видеосу боюнча окуя Кадамжай райондук милициясы тарабынан териштириле баштады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы ырастады.

19-октябрда коомдук сайттарда Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиевдин видеосу тарап, анда ал "мектеп үчүн, балдар үчүн Ырысбек Атажановду колдоп коюуга" чакырык жасайт.

Эрте үгүт жана административдик ресурсту колдонду деп айыпталып жаткан Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиев Би-Би-Сиге комментарий берди:

"Эрте үгүт болуп калыптыр, өкүнүп атам. Ал бала биздин чөлкөмгө көп кызмат кылды эле. Жол, садик, мектеп маселесиби, айтор, бардык көйгөйлөрүбүздү өкмөткө жеткирип турчу. Бирок мен аны жеке тааныбайм. Азыр эле милициядан бул боюнча түшүндүрмө берип чыктым".

Исхак-Полотхан айыл аймагына 12 айыл кирет, мында жашаган калтын саны 23 миңге барат. Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты, соңку шайлоодо ушул эле чөлкөмдөн депутаттыкка аттанып, шайланганы менен белгилүү.

Баткен облустук милициянын басма сөз өкүлү Дамира Юсупова шайлоого байланыштуу Кадамжайда катталган бул иш боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"19-октябрда ошо айылда бирөө балдарына той кылган экен. Тойдо элдик курултай тууралуу сөз болуптур, ал жерде Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиев да болгон экен. Курултай боюнча сүйлөп атып эле эмоцияга алдырып, шайлоо боюнча үгүттөп өтүптүр. Бул иш бүгүн Кадамжай РИИБинин каттоосуна алынды".

Юсупованын айтымында күн мурун талапкер Ырысбек Атажановго байланыштуу милицияга дагы бир арыз түшкөн. Анын негизинде аталган талапкерди каралоого байланыштуу коомдук сайттардагы пост боюнча да териштирүү жүрүп жатат. Азырынча Атажанов өзү бул окуялар тууралуу комментарий бере элек.

"Үгүтчүгө эле эмес, талапкерге да жаза каралат"

Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоолорго карата үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталат. Бирок ага карабастан эрте үгүт, атаандаштарын каралоо иш-аракеттери боюнча Боршайкомго эмитен эле ондогон доо арыздар түштү.

БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов Кадамжайда орун алган эртелей үгүттү иликтөөнү Боршайкомдун жумушчу тобу дүйшөмбү күнү кароого алганын ырастады.

"Бул жерде талапкерге да эртелей үгүт үчүн чара көрүлүшү мүмкүн. Ал эми талапкерди үгүттөгөн кызмат адамына административдик ресурсту колдонгону боюнча өзүнчө чара болот. Бул жерде тактоо керек, сөз болуп жаткан талапкерге Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиев ким болот? Эгер үгүт жүргүзгөн адам талапкердин жакын тууганы болсо же ишенимдүү өкүлү болсо талапкер да буга жоопкерчилик алат. Ошондой эле ал киши талапкердин үгүтчүсү болгонбу же байкоочусубу териштирилет".

Бекматовдун айтымында, мыйзам боюнча эртелей үгүттүн чарасы - физикалык тараптарга Бузуулар тууралуу кодексинин 65-беренеси аркылуу көрүлөт. Ага ылайык, жети жарым миң сомго чейинки айып пул санкциялары бар. Бирок бул иш боюнча жаза БШКнын жумушчу тобунун жалпы чечими менен бардык жагдайларды эске алуу менен чегерилет.

БШК өкүлү шайлоодо эрте үгүткө байланыштуу талаштар Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамдын 22-беренеси боюнча да караларын кошумчалады:

"Талапкерге добуш берүүгө үндөөлөр, кайрылуулар үгүткө жатат. Шайлоочулар арасында эртелей талапкерди үгүттөгөн сүрөт, видеолорду жүктөө дагы шайлоо тууралуу мөөнөттүк жоболорду бузууга жатат. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынат. Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузгандар үчүн чаралар бар. Алар эскертүү, айып пулдарды салуу менен эле чектелбейт, талапкердин жарыштан четтетүү да каралган".

БШК парламенттик шайлоону дайындоо тууралуу президенттик жарлыгы чыккан күндөн тарта үгүт үчүн өзүнчө чегерилген мөөнөткө чейин, талапкерлерди мактоо, ага добуш берүүгө чакыруу эртелей үгүткө жатарын эскертет.

Административдик ресурска жол жок

Ал арада бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүнө жана президенттик администрациянын кызматкерлерине кайрылып, шайлоого аралашпоого чакырды.

Касымалиев шайлоодо жакындарына жардам бергиси келген чиновниктер кызмат ордун тапшырышы керектигин эскертти.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы 30-сентябрдагы билдирүүсүндө бул жолу парламенттик шайлоо ачык, таза жана калыс өтүшү үчүн көзөмөл күчөтүлөрүн баса белгилеген.

Алдыдагы шайлоодо өзгөчө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тигил же бул талапкерге же партияга артыкчылык берүүсүнө жол берилбейт. Болбосо, ал административдик ресурсту пайдаланууга жатат жана ал үчүн жаза чегерилет.

Боршайком өкүлү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, коомдук сайттарда мамлекеттик кызматкердин кайсы бир талапкерге лайк басып, репост жасоосу же сүрөтүн бөлүшүүсү да эреже бузуу катары каралат.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан административдик ресурсту колдонуп жатканын даана белгилерине төмөнкүлөр кирет. Алар: талапкерге жай же зал бөлүп берүү; үгүт иштеринде ар башка шарт түзүү; талапкерлердин сүрөт, видеолорун мессенджерлер аркылуу таркатуу; мамлекеттик өкүлдөрдүн белгилүү бир талапкер менен гана жолугушуу өткөрүүсү жана башкалар кирет.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт өнөктүгү маалында коомдук сайттар дагы өзгөчө көзөмөлгө алынат. Блогерлер жана медиа ишмерлер шайлоо фонддору менен түзүлгөн расмий келишимдердин негизинде гана иш алып барышы керек. Бардык төлөмдөр катталган каржылоо булактарынан жүргүзүлүүгө тийиш. Эрежелерди бузуу талапкерди шайлоо жарышынан четтетүүгө чейин алып барышы мүмкүн.

"Добуштарды сатып алуу - негизги тобокелчилик"

Эксперттер келе жаткан шайлоонун негизги чакырыктарына административдик ресурс менен катар эле добуш сатып алууну да атап жатышат. Боршайкомдун мурдагы өкүлү Атыр Абдрахматова бийлик биринчи тобокелчиликтин алдын алуу боюнча алгылыктуу иш алып барууда деп эсептейт.

"Административдик ресурска каршы азыркы тапта жакшы эскертүүлөр берилип жатат. Өзгөчө соцтармактарда колдоо көрсөтүү дагы административдик ресурска кирери тууралуу түшүндүрүү иштери жакшы жүрүүдө. Эми БШК менен укук коргоо органдары ошол талаптардын так аткарылышы көзөмөлдөп бериши керек. БШКнын жаңы төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровго дагы бул шайлоону административдик ресурсу жок өткөрүү чоң сыноо болчудай. Ал өзү да мурда прокуратура иштеген, мыйзамды жакшы билет. Эгер ал административдик ресурстун пайдалануунун тизгинин кармай албаса, анда БШК чынчыл шайлоо өткөрө албай калат", - деди Абдрахматова.

Абдрахматованын пикиринде, ошол эле убакта добуштарды сатып алуу болбостугу тууралуу түшүндүрүү иштери бир аз солгун жүргөндөй.

"Добуш сатып алуу бул шайлоонун эң негизги коркунучу болуп жатат. Бул добуш берүүгө чейинки эле административдик ресурстай эле тобокелчилик. азыр округдарда кеминде 10-15 талапкер чыгып жатат. Алар жер-жерлерде элди топтоп, өзүнчө бөлүп алып атат, эл болсо акчасы барлардын аркасынан ээрчип кетүү коркунучу бар. Эгер добуш сатып алуу мурункудай эле көрүнө да, көмүскө да схемалар менен жүрсө, бул эл дагы деле жакыр дегенден кабар берет. Анткени чөнтөгү толгон шайлоочу, акчаны ээрчибейт. Эгер бул шайлоодо кайрадан эле олигарх, өз бизнестери барлар өтсө, анда бизде экономикалык көрсөткүчтөр өстү дегенге карабай, эл дагы деле жакыр дегендин көрсөткүчү болот", - дейт Абдрахматова.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылыш быйыл сентябрда эч кандай саясий кризиси жок эле өзүн-өзү таркатып, президент тарабынан жаңы парламенттик шайлоо дайындалган. Ага ылайык, шайлоо 30-ноябрга белгилегенген.